COVID менен күрөшүүгө керектелген товарларды ташыгандар салыктан бошотулду

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевМедициналык бет каптар чыгаруу боюнча цехтин жумушчулары. Архив
Медициналык бет каптар чыгаруу боюнча цехтин жумушчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим өлкөдө эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынды.

БИШКЕК, 15-cен. — Sputnik. Өкмөт коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу бир катар импорттук (чет өлкөдөн алып келинген) товарларды кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотту. Тийиштүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, мындай жеңилдик 2020-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин берилет. Аталган чечим өлкөдө эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынды.

Медициналык бет кап ташыгандар кошумча нарк салыгынан бошотулду

Кыргызстанга ташылып келген төмөнкү товарлар кошумча нарк салыгынан бошотулат:

  • дем алуу органдарын жана бетти коргоочу, чыпкалоочу жана изоляциялоочу каражаттар;
  • атайын коргоочу кийимдер, анын ичинде чыпкалоочу коргоочу кийимдер бар;
  • көздү жана бетти коргоочу каражаттар;
  • кездеме эмес, сиңирилген жана сиңирилбеген, капталган жана капталбаган, кабатталган жана кош кабатталган кездемелер;
  • компьютердик томография;
  • медицина тармагына арналган атайын автомобилдер;
  • медициналык жана хирургиялык эмеректер;
  • негатоскоптор.

КНС төлөмүсүз өткөрүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тастыктама алышы керек. Ал документте номенклатурасы, саны, товардын баасы, ушундай товарларды ташыган уюмдар тууралуу маалымат камтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0