Жакынкы айларда дизель майы кымбатташы мүмкүн. Ким жоопкер?

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүРабота автозаправочной станции в Калининграде
Работа автозаправочной станции в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мунай заттын кымбаттоо себебин аны ташып келген ассоциация тиешелүү документтерге өз учурунда кол коюлбай калышы менен түшүндүргөн.

БИШКЕК, 17-cен. — Sputnik. Кыргызстанда жакынкы айларда дизель майынын кымбаттап кетүү тобокелдиги жаралууда. Бул туурасында Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлашты.

Анын себебин аталган бирикме тиешелүү документтерге өз учурунда кол коюлбай калышы менен түшүндүргөн.

Мунай зат негизинен Россиядан келгендиктен өкмөт аралык макулдашуунун негизинде тиешелүү индикативдик баланс бекитилип, Кыргызстан бажы төлөмүсүз алып жүргөн. Аталган индикативдик баланс жыл сайын эсептелип, ага тараптар 1-октябрда кол коюшу шарт.

Дизель майы менен бензин 3 сомго арзандады

Маалыматта 2020-жылга аталган балансты макулдашууга узак убакыт кетип, документке эки ай кечигип, тагыраагы, 2019-жылдын декабрында кол коюлганы айтылган.

"Балансты келерки жылга алдын ала даярдоо боюнча 2020-жылдын 24-августунда Жер казынасын пайдалануу, энергетика жана өнөр жай комитетине мурдагы жылдардын жана 2021-жылга жасалган божомолдун маалыматтары жиберилген. Андан сырткары, ассоциация июнь айында аталган комитетке үстүбүздөгү жылдын индикативдик балансын кошумча карап берүү боюнча кайрылып, кат жөнөткөн. Бул кадам бажы алымысыз импорттолгон дизель майынын учурдагы темпинин көлөмү сентябрда түгөнүшү мүмкүндүгүнө байланыштуу жасалган. Мындан улам 2020-жылдын соңунда аталган продукция Кыргызстанга россиялык экспорттук бажы төлөмү менен келет. Аталган маселе чечилбеген бойдон кала берип, эми жакынкы айларда майдын кымбаттап кетүү тобокелдиги жаралууда", — деп айтылат маалыматта.

Чыгым тарттык. Нефтетрейдерлер бензиндин баасына айтылган сынга жооп кайтарды

Ассоциациядан бул кырдаал боюнча сентябрдын башында өкмөткө кайрылып, 2021-жылга болгон индикативдик балансты өз учурунда бекитип берүүнү сурангандыгын билдиришти. Ал эми Кыргызстанга келерки жылы мунай заттарынын бажы алымысыз кирерине кепилдик болорун кошумчалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0