Кыргызстандын карызы 1 млрд. долларга өстүбү? Министрликтин жообу

© REUTERS / Dado Ruvic / Illustration / File PhotoАКШ доллар купюралары. Архив
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Январдан август айына чейин республикалык бюджеттен тышкы карызды төлөөгө 8 миллиард 852 миллион (112,9 млн. доллар) сом сарпталган.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Финансы министрлиги депутаттардын быйыл Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы 1 миллиард долларга өстү деп айтканы чындыкка дал келбей турганын кабарлады.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын аягында тышкы карыздын көлөмү ички дүң продукцияга (ИДП) карата 45,5 пайызга азайган. Бирок быйылкы пандемия учурундагы кризиске байланыштуу тышкы карыз ИДПга карата 56,2 пайызга өскөн.

"Мамлекеттик карыз 1 миллиард долларга көбөйгөн жок. Анткени сырттан жардам катары 337 миллион доллар келип түшкөн. Анын 269 миллиону насыя түрүндө", — дешти министрликтен.

31-июлга карата мамлекеттин тышкы карызы 4 миллиард 169 миллион долларды түздү. Министрликтин божомолу боюнча, карыз жыл аягына чейин дагы 154 миллионго көбөйөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ички карызынын суммасы 654,41 миллион долларды түзөт. Тышкы жана ички карызды кошуп эсептегенде жалпы суммасы 4 миллиард 824 миллион долларга жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0