Мамлекеттик сатып алуулар боюнча комиссиянын курамына адистер изделип жатат

© AFP / JOEL SAGETМамлекеттик кызматчы. Архив
Мамлекеттик кызматчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын комиссия сатып алуучу уюмдун чечимин, сатып алуулар боюнча даттанууларды, нааразычылыктарды жана жакшы иштебеген ишканаларды ишенимсиз компаниялардын базасына киргизүү боюнча өтүнүчтөрдү карайт.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Мамлекеттик сатып алуулар департаменти арыздарды жана нааразычылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын курамына эки адис издеп жатат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Комиссиянын курамы үч топтон турат, анын ичинде коомчулуктун өкүлдөрү жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү адистер бар.

"Комиссия сатып алуучу уюмдун чечимин, сатып алуулар боюнча даттанууларды, нааразычылыктарды жана жакшы иштебеген ишканаларды ишенимсиз компаниялардын базасына киргизүү боюнча өтүнүчтөрдү карайт", — деп айтылат билдирүүдө.

КРде 1-октябрдан тарта айрым электрондук капчыктардын иши токтойт. Себеби

Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

  • Кыргызстандын жарандыгы;
  • жогорку кесиптик билим;
  • тийиштүү иш чөйрөсүндө үч жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • соттолбогондугун тастыктачу маалым кат;
  • саясий, мамлекеттик, атайын кызматта иштебеши керек;
  • Талапкерлерден документтер 25-сентябрга чейин Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58а дарегинде кабыл алынат. Кошумча маалыматты Финансы министрлигинен алууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0