Флаги Кыргызстана и России - Sputnik Кыргызстан

Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын отуруму. Тексттик баяндама

Жазылуу
Бүгүн 22-сентябрда мамлекеттик резиденцияда кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын отуруму өтүп жатат. Маанилүү делген учурларды тексттик баяндамадан окуп турсаныз болот.

Жыйындын алдында РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын теңтөрагасы Алексей Оверчук Кыргызстандын президенти менен жолукту.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
17:54 22.09.2020

Россия Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча өнөктөш мамлекеттердин бардыгы менен активдүү диалог куруп жатат. Бул тууралуу РФтин экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Виктор Бабич билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө эки чечиле элек маселе бар. Алар — рельстин туурасынын узундугу жана маршрут.

“Учурда кезектеги айкалышкан вариант сунушталууда. Бүгүн Кыргызстандын президенти жана премьер-министри менен болгон жолугушууда дагы бул маселе талкууланды. Биз болсо ведомствонун деңгээлинде маселенин үстүндө иштеп жатабыз”, — деди Бабич.

Министрдин орун басары Россия дагы бул долбоорго катышат деген үмүттө экенин кошумчалады.

17:18 22.09.2020
17:12 22.09.2020

Кыргызстан менен Россия энергетикалык долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Асрандиевдин айтымында, энергетика тармагындагы конкреттүү долбоорлор талкууланды.

“Негизинен "Интер РАО ЕЭС" менен “Электр станциялары” ишканасынын ортосундагы тыгыз кызматташуу жөнүндө сөз болду”, — деди вице-премьер.

Ал ошондой эле күн панелин (электр кубатын өндүрчү) өндүрүү боюнча долбоор келечектүү болуп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин "Интер РАО ЕЭС" ишканасы Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун курууга катышары пландалып жаткан.

16:59 22.09.2020

Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук журналисттерге билдиргендей, РФ эки маанилүү долбоор боюнча техникалык жактан көмөк көрсөтүүгө даяр.

“Биринчиси — салыктарды башкарууга техникалык көмөк көрсөтүү. Россияда бул жаатта эң алдыңкы система бар, бул тажрыйба менен бөлүшүүгө даярбыз”, — деди Оверчук.

Анын айтымында, бул салыктарды чогултуунун эсебинен өлкөнүн өнүгүүсүнө таасирдүү салым кошууга мүмкүнчүлүк берет.

Экинчи долбоор — маркировкалоо программасы. Ал рынокту ачыгыраак кылганга жакшы шарт түзөт.

16:53 22.09.2020

Вице-премьер Эркин Асрандиев 21-сентябрь күнү Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы туруктуу аба каттамдары жанданганын эске салды. Ошондой эле ал бүгүн алардын санын акырындык менен көбөйтүү боюнча маселе каралганын билдирди.

Ал эми Россия өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук Россия чектөөлөрдү кыскартып жатканын айтып, эпидемиологиялык абалдын жакшырышы менен каттамдарды көбөйтүү туура болорун кошумчалады.

16:39 22.09.2020

Вице-премьер Эркин Асрандиев Россия тарапка жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Көрсөтүлгөн колдоо жана жардам тууралуу айтпай кое албайм. Биз Алексей Логинович менен бардык маселе боюнча байланышта болуп турдук. Бир дагы көйгөй көңүл сыртында калган жок", — деди ал.

Оверчук буга: "башкача болушу да мүмкүн эмес эле, бир боордош калкпыз", — деп жооп берди.

Андан кийин ЖМК өкүлдөрүнө чыгып жатып да Асрандиев Россия көрсөткөн жардамга токтолуп, кимдин ким экени кыйынчылыкта билине турганын кошумчалады.

15:57 22.09.2020

Вице-премьер Эркин Асрандиевдин айтымында, дүйнөдө пандемия жарыялангандан бери бул видеоформатта эмес жандуу өткөн жогорку деңгээлдеги биринчи иш-чара.

"Жолугушуу россиялык кесиптештер менен өтүп жатканы да символикалуу, бул Россия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз экенин тастыктап турат", — деди Асрандиев.

15:50 22.09.2020

Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча 22-жыйыны башталды.

Анын алдында аталган комиссиянын теңтөрагасы, Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчуктун КР президенти Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министри Кубатбек Боронов менен жолугушуусу болгон.

Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти

Мындан тышкары, Оверчук вице-премьер Эркин Асрандиев менен кезигип, бир катар экономикалык маселелер талкууланган.

Бүгүнкү кеңешмеде жыйынтыктоочу протоколго кол коюлуп, аягында өкмөт мүчөлөрү ЖМКга маалымат берет.

15:38 22.09.2020

Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын буга чейинки 21-жыйыны 2019-жылдын 1-мартында өткөн. Анын башында ошол кездеги вице-премьерлер Жеңиш Разаков менен Константин Чуйченко турган.

14:12 22.09.2020

Делегация мүчөлөрү жыйындын башталышын күтүп жатышат. ЖМК өкүлдөрү залга киришти.

Заседание Кыргызско-российской межправительственной комиссии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13:45 22.09.2020

Буга чейин Оверчукту КР президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алган болчу.

Прибытие зампредседателя Правительства РФ Алексея Оверчука в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
13:27 22.09.2020

Ушу тапта Алексей Оверчук менен Эркин Асрандиевдин тар чөйрөдөгү жолугушуусу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

План боюнча иш-чара 13.50гө чейин созулат. Андан соң өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтүшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0