Россия Кыргызстандын салык тармагын тескөөгө техникалык жардам көрсөтөт

Жазылуу
Салык боюнча эки долбоор каралууда, биринчиси — салыктык башкаруу, экинчиси — товарларды маркировкалоо.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Россия Кыргызстанга эки долбоор боюнча техникалык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу РФ өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук билдирди.

Долбоордун бири — салыктык башкаруу, экинчиси — товарларды маркировкалоо.

"Салыктарды башкарууга техникалык көмөк көрсөтүү боюнча Россияда эң алдыңкы система бар, бул тажрыйба менен бөлүшүүгө даярбыз", — деди Оверчук.

Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?

Анын айтымында, бул салыктарды чогултуунун эсебинен өлкөнүн өнүгүүсүнө таасирдүү салым кошууга мүмкүнчүлүк берет.

Экинчи долбоор — товарларды маркировкалоо программасы. Ал рынокту ачыгыраак кылганга жакшы шарт түзөт.

Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча 22-жыйыны өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0