Мукашев: Кыргызстанда этти экспорттоого чектөө киргизилиши мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековСоветник премьер-министра КР Азамат Мукашев
Советник премьер-министра КР Азамат Мукашев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министрдин айыл чарба маселелери боюнча кеңешчиси Азамат Мукашев өлкөдө эттин баасы кымбаттаганынын себебин айтты.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстанда эттин кымбатташы өзгөчө шаарда жашаган тургундар үчүн көйгөй жаратат. Мындай пикирди премьер-министрдин кеңешчиси Азамат Мукашев Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт чечилбеген кыйын маселеге кабылган.

"Өкмөттүн алдында кошумча кирешеси жок дыйкандарга же пандемиядан улам кирешесиз калган шаар тургундарына жардам берүү сыяктуу кыйын маселе турат. Ошондуктан учурда тирүү малды жана этти экспорттоону толугу менен же жарым-жартылай токтотуу маселеси жана бул жааттагы тобокелчиликтер каралып жатат. Ошондой эле малды сорттоонун, жалаң эркектерин экспорттоо жана жаныбарлардын асыл тукумун экспорттоого тыюу салуу варианты бар", — деди Мукашев.

Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат

Ал ошондой эле өнүккөн өлкөлөр мындай учурда элден эт сатып алып, аны тоңдуруп, эт азыгынын резервин камдап, кийин аны акырындап сатыкка чыгарарын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0