Келерки жылдын бюджетин түзүүгө үн кошууну каалагандар онлайн талкууга катыша алат

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональная валюта Кыргызстана — сом
Национальная валюта Кыргызстана — сом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандар 2021-2022-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун көрүп, кезектеги жылга бюджеттин мазмуну боюнча өз сунуштарын жана сын-пикирлерин калтыра алат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Финансы министрлиги 2021-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору жана 2022-2023-жылдарга божомол боюнча коомдук угуу өткөрөт. Ага катышууну каалаган жарандарды министрлик онлайн талкууга катышууга чакырат.

Бюджеттин ачыктыгын камсыз кылуу максатында коомдук угууларды өткөрүү, жарандардын процесске катышуусу үчүн шарттарды түзүү, коомдук пикирди изилдөө, сунуштарды жана кеңештерди алуу Бюджеттик кодекстин 127-беренесине ылайык ишке ашырылат.

"Жарандар 2022-2023-жылдарга карата республикалык бюджеттин долбоорун көрүп, кезектеги жылга бюджеттин мазмуну боюнча өз сунуштарын жана сын-пикирлерин калтыра алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Россия Кыргызстандын салык тармагын тескөөгө техникалык жардам көрсөтөт

Катышууга арыз берүү үчүн министрликтин 0312 62-53-13 (1116) жана 0312 62 53 13 (1123) номерлерине чалып, кенен маалымат алсаңыз болот.

Эске салсак, Кыргызстанда жарандар республикалык бюджетти түзүүгө 2019-жылдан бери катышып келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0