Улуттук банк сомдун кунун түшүрбөй сакташ үчүн 11,2 миллион доллар сатты

© AFP / AIZAR RALDESАКШ доллар купюралары. Архив
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн борбор калаадагы акча алмаштыруу жайларында долларды 79,23 сомдон сатып алып, 79,59 сомдон сатууда.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 11,2 миллион доллар сатты. Бул туурасында өлкөнүн башкы финансылык уюмунун маалымат кызматы билдирди.

Операция кечээ кечинде жүргүзүлгөн, бирок рынокко кандай курс менен чыгарылганы жазылган эмес.

Кыргызстанда сомдун көлөмү 150 миллиарддан ашып, жаңы рекорд койду

Бир жума мурун Бишкекте доллардын орточо баасы сатып алуу үчүн 78,76 сом, сатуу 79,12 сом болгон. Ал эми бүгүн долларды 79,23 сомдон сатып алып, 79,59 сомдон сатууда.

Россияда дагы доллардын курсу кымбаттап жатканы байкалууда, апрель айынан бери биринчи жолу 77 рублден ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0