Балыкчыда этти кайра иштетүүчү завод курулуп, продукциясы экспорттолот

© Sputnik / Александр Юрьев / Медиабанкка өтүүАгропромышленный холдинг "Мираторг" в Брянской области
Агропромышленный холдинг Мираторг в Брянской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Завод ушул жылдын декабрь айынан тарта ишке киргизилсе, Ысык-Көл менен Нарын облустарынан эт алып турат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Балыкчыда этти кайра иштетүүчү завод курулат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтымында, жакында эле фонд төрт продукцияны: сүт, эт, балык жана жашылча-жемиштерди иштетүүгө насыя берүү чечимин кабыл алган.  Бул багыттар боюнча насыянын шарттары да жеңилдетилген. Мындан ары соода жүгүртүү капиталы дагы каржыланат, төлөмдөрдүн жеңилдетилген мөөнөтү эки жылдан үч жылга чейин узартылды, күрөөнүн коэффициенти да азайтылып, алынып жаткан пайыздын 50 пайызын гана түзүп калган.

7 миң киши жумуш менен камсыз болот. Ошто текстиль фабрикасы курулуп жатат

"Балыкчыда этти кайра иштетүү боюнча жаңы завод курулат. Ал жерге эт Ысык-Көл жана Нарын облустарынан сатып алынып иштелип чыгат да, чет өлкөгө эскпорттолот", — деди Аалиев.

Ошондой эле ал план боюнча аталган ишкана ушул жылдын декабрь айынан тарта иштке киргизилиши керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0