Сомдун куну түшүп жатканына байланыштуу Улуттук банк 19,6 млн. доллар сатты

© AFP / Nguyen Huy KhamКиши АКШ долларларды эсептеп турат. Архив
Киши АКШ долларларды эсептеп турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруу үчүн Улуттук банк сентябрда ушуну менен үчүнчү жолу интервенция жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Улуттук банк жума күнү, 25-сентябрда, рынокко 19 миллион 650 миң доллар сатты. Бул туурасында өлкөнүн башкы банкынын сайтында маалымдалат.

Белгилей кетсек, сентябрь айынын башынан бери АКШ валютасынын курсу тынымсыз өсүүдө. Бул аралыкта 1,43-1,44 сомго кымбаттады. Учурда акча алмаштыруучу жайларда долларды 79,44 сомдон сатып алып, 79,80ден сатууда.

КРдин алтын кору бир айда 16 миллиард сомго кымбаттады

Улуттук банк сентябрь айынан бери ушуну менен үчүнчү ирет интервенция жүргүзүүдө.

  • 9-сентябрда 6,6 миллион доллар сатып, эртеси америка валютасынын куну бир аз түшкөн;
  • 23-сентябрда 11,2 миллион долларды сатыкка чыгарган, бирок ага карабай валюта кымбаттай берди;
  • 25-сентябрда 19 миллион 650 миң доллар сатылды. Бүгүн, 28-сентябрда, курс жума күнкүдөн өзгөргөн жок.

Жыйынтыгында бир айда өлкөнүн башкы банкы 37 миллион 450 миң доллар сатты.

Жаңылыктар түрмөгү
0