Эс алып жаткан куруучулар. Архив

Курулуш тармагынын сегиз ай ичинде аксашынын 4 себеби аталды

42
(жаңыланган 08:46 30.09.2020)
Аталган тармактын аксашына карантин убагында бардык курулуш компанияларынын иштеринин токтошу бирден бир себеп болгону айтылды.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Январь-июль айларында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү азайып, 68,1 миллиард сомду түзгөн. Бул туурасында Экономика министрлигинин сегиз ай ичиндеги өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча маалыматында айтылды.

"Экономиканын капитализациялануу көлөмүнөн алганда, быйылкы жылдын январь-август айларында курулуш продукцияларынын жалпы дүң көлөмү 68,1 миллиард сомду түзүп, 7,8 пайызга төмөндөгөн (өткөн жылдын январь-август айларында 7,7 пайызга өсүш болгон). Жалпы экономикалык өсүшкө карата курулуш секторунун таасири терс чыккан. Тагыраагы, ИДП түзүлүшүнө салымы (-) 0,56 пайыздык пункт болуп, ИДП өндүрүшүндө анын салыштырмалуу салмагы 6,8 пайызды түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Экономика министри: Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү кыскарды

Курулуштун төмөндөшүнө төмөнкү факторлор себеп болгон:

  1. Карантин убагында республикадагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга тартылган чет өлкөлүк компаниялардын кызматкерлеринин жок болушу;
  2. Чек аралардын жабылышынан улам курулуш материалдарынын жана машиналар менен жабдууларга тетиктердин келүүсүнүн чектелиши;
  3. Карантин убагында бардык курулуш компанияларынын иштеринин токтошу жана башкалар болгон.
  4. Январь-август айларынын жыйынтыгы менен негизги капиталга түшкөн инвестициянын көлөмү каржылоонун бардык булактарынын эсебинен 63,4 миллиард сомду түзүп, 14,7 пайызга төмөндөгөн.

2020-жылдын январь-августундагы инвестициянын негизги көлөмү (алардын жалпы көлөмүнүн 84,0 пайызы) пайдалуу жер байлыктарын казуу курулуштарына, электр энергия менен камсыздоо, газ, буу жана тазаланган аба менен камсыздоого багытталган. Бул катарга дүң, чекене соода, автоунаа менен ташуу ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, ошондой эле турак жайларды курууну да кошсо болот.

42
Белгилер:
курулуш, инвестициялар, экономика, Кыргызстан
Тема боюнча
Балыкчыда этти кайра иштетүүчү завод курулуп, продукциясы экспорттолот
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп
Доллар акчасына тартылган Жордж Вашингтонго кийилген бет кап. Архивдик сүрөт

Кыргызстан чет өлкөлүк донорлордон дагы 429 млн. доллар күтүп жатат

52
Кыргыз өкмөтү пандемия башталгандан бери чет элдик банктардан 774 миллион 432,8 миң доллар алууга макулдашкан.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстан жакынкы күндөрү чет өлкөлүк донорлордон 429 миллион 704,6 миң доллар алууну пландап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн COVID-19га каршы күрөшүү максатында тартылган каражаттар тууралуу 4-декабрга карата берген маалыматында жазылган

Кыргыз өкмөтү пандемия башталгандан бери чет элдик банктардан 774 миллион 432,8 миң доллар алууга макулдашкан. Анын ичинен 597,4 миллиону кредит, 173,5 миллиону грант түрүндө берилмекчи.

Бүгүнкү күндө аталган сумманын 345 миллион 142,7 миң доллары өлкөгө келип түшкөн. Калган 429,7 миллион доллары жакынкы күндөрү которулары күтүлүп жатат.

52
Белгилер:
донор, грант, кредит, жардам, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Депутат: өкмөт алынган карызды иштетпей коюп 100 млн. сом айыпка жыгылды
Новиков Кыргызстан чет жактан канча карыз алып, кайда жумшаганын айтты
Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов. Архив

Мукамбетов: Кытай Кыргызстан Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат

60
(жаңыланган 10:19 05.12.2020)
Министр темир жолду куруу иштерине кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары, анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов билдирди.

4-декабрда Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган биринчи Евразия конгресси өттү.

Форумдун алкагында министр Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандын ЕАЭБдеги артыкчылыктарын айтып берди.

"Биз ЕАЭБдин түштүк чек арасында жайгашканбыз. Кыргызстан аркылуу Кытай, Индия жана Пакистанга жол ачылат. Тилекке каршы, бул ири рыноктор Кыргызстан тарабынан колдонулбай жатат. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулса ЕАЭБге көп пайда алып келмек", — деди Мукамбетов.

Анын айтымында, бул ири долбоор көп жылдардан бери ишке ашпай келе жатат.

"Кыймыл бар. Жолдун узундугу, казылуучу тоннелдердин саны, калктуу конуштарды аралап өтүүчү участоктор талкууланып жатат. Бирок бул маселеде саясий чечим талап кылынат. Ошондой эле бул долбоорго кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары, анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек", — деди министр.

Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган.

60
Белгилер:
министр, Өзбекстан, Кытай, Кыргызстан, темир жол, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга Россия да кызыкдар
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: кандай сүйлөшүүлөр болуп жатат
Медицинские работники и пациент в кабинете компьютерной томографии госпиталя для больных COVID-19 в  Московском клиническом центре инфекционных болезней Вороновское.

Коронавирус жуктуруп алгандар жана айыккандар. Соңку маалымат

0
Бүгүнкү статистикада илдетти илештирип алгандардын саны ооруканадан айыгып чыккандарга караганда аз.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кечээтен бери Кыргызстанда 401 адам коронавирус жуктуруп алса, дарыланып жаткан 425 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Оору жуктургандар төмөнкү аймакта:

  • Бишкек - 99;
  • Ош - 20;
  • Чүй облусу – 133;
  • Ош облусу - 22;
  • Талас облусу - 15;
  • Нарын облусу - 2;
  • Ысык-Көл облусу – 45;
  • Жалал-Абад облусу – 39;
  • Баткен облусу - 26.

Айыккандар:

  • Бишкек – 124;
  • Ош шаары – 10;
  • Чүй облусу – 102;
  • Ош облусу – 11;
  • Талас облусу – 16;
  • Нарын облусу – 9;
  • Ысык-Көл облусу – 40;
  • Жалал-Абад облусу – 60;
  • Баткен облусу – 53.

Ушуну менен пандемия башталгандан тарта оору илештирип алгандардын саны 74 774 болду. Анын 66 538и айыгып чыкты.

0
Белгилер:
айыгуу, жуктуруу, оорукана, бейтап, Кыргызстан, коронавирус