БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Дүйнөдөгү экономикалык оор кырдаалга карабастан ЕАЭБ үчүнчү мамлекеттерге бир катар товарлардын экспортун көбөйттү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода-сатык боюнча коллегиясынын мүчөсү Андрей Слепнев билдирди.
Адис "КР пандемияга байланыштуу ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен соода жаатында көп жоготууларга учурады" аттуу видеокөпүрөгө катышты. Иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин сайтынан көрсөтүлдү.
"Суу майдын экспорту 42 пайызга өстү. Бул товар негизинен Кытай, Түркия жана Индияга жөнөтүлүп жатты. Ал эми кумшекердин экспорту 15 эсеге жогорулады. Продукт адатта Тажикстан, Өзбекстан жана Азербайжанга жиберилди", — деди ал.
Слепнев быйылкы жылдын эсебинен дагы бир маанилүү жаңылык — бул Кытайга тоок жана уй этин жөнөтүүгө жол ачылганы экенин белгиледи. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жыл ичинде буудайдын дагы экспорту жогорулаганын кошумчалады.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бүгүн, 1-мартта, юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү, тагыраагы, аны саат 00:00гө чейин тапшырып жетишип калуу керек. Бул туурасында Салык кызматынан эскертишти.
"Бүгүн аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат. Эске салсак, 1-мартка чейин бирдиктүү салык декларациясын жергиликтүү уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү", — деп айтылат маалыматта.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды тездетилген жана тоскоолдуксуз өткөрүү шарттарын түзүү үчүн ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн кайталанма функцияларын жүргүзүүгө тыюу салды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Мурда товарды коштоочу документтерге ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөн өткөндүгү тууралуу маалымдама да талап кылынчу. Ошол эле учурда бул текшерүүлөрдү бажы чек арасын кесип өтүүдө да жүргүзүү керек болгон, мындай жагдай ишкерлерге ыңгайсыздык жаратып келгени айтылат.
"Аталган көзөмөлдөн өтүү кайталанма мүнөзгө ээ жана ага көп убакыт талап кылынгандыктан, коштоочу документтердин тизмесинен алып салуу чечими кабыл алынды. Бул КРдин "бир аялдама" принциби боюнча товар экспорттоого мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан жүргүзүлгөн процедураларды бир топ оптималдаштырууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бул токтом бажы чек арасында радиациялык, чек аралык, транспорттук (автомобиль) жана бажы контролун жүргүзүүгө тыюу салбай турганы белгиленет.
Райондук администрация башчылары — акимдерди аттестациялоо ушул жылдын 9-мартынан башталат. Аталган күнү биринчи туру өтүп, анда тестирлөө жүргүзүлсө, 10-11-март күндөрү экинчи турунда маектешүү болот. Бул тууралуу Мыктыбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган аттестацияны жүргүзүү үчүн 11 мамлекеттик кызматкерден турган комиссия түзүлөт.
"Акимдерди аттестациялоодо алардын эки орун басары да катышат. Орун басарларга өздөрү тейлеген тармак боюнча суроолор берилсе, райондук администрация жетекчилерине жалпы суроолор узатылат. Максаты — учурда иштеп жаткан акимдердин аркалаган кызматына дарамети жетерин аныктоо. Аларды аттестациядан өткөрүү үчүн Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси, эки эл өкүлү, өкмөт аппаратынан жана тиешелүү министрликтин орун басары рангынан төмөн эмес адамдардан турган комиссия түзүлөт. Комиссия мүчөлөрү жалпы 11 кишиден турат. Муну менен катар эле район жетекчилери жана орун басарлыгына аймактык кадр резервин түзүү үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 1-апрелине чейин конкурс жүргүзүлөт. Аймактык кадр резервиндеги адистер бошоп калган региондорго барып иштей беришет", — деди Өмүрзаков.
Ал аттестацияда акимдердин билим деңгээли, тил билүүсү да караларын кошумчалады.