БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Акыркы жумада Кыргызстанда кумшекерге болгон баа өсүп кетти. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Шухрат Сабиров "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.
"Жыл башында өлкөдө кумшекердин орточо баасы 38 сом 8 тыйын болчу, апрелде 44 сом 3 тыйынга көтөрүлгөн. Ал эми июнда 41 сом 1 тыйынга арзандаган. Азыркы учурда 1 килограмм кумшекер 48 сомдон сатылууда. Башкача айтканда, кумшекердин азыркы баасы апрель айында сатылгандан да кымбат болууда", — деди Сабиров.
Анын айтымында, кумшекердин баасын ата мекендик жана чет элдик өндүрүшчүлөр көтөрүп жибергендиктен кымбат сатылып жатат.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Ушул жылдын январь жана февраль айларында Кыргызстанга мигранттардан 328,6 миллион доллар которулганын Улуттук банк кабарлады. Кеп жарандардын атайын система аркылуу которгон каражаты тууралуу болуп жатат.
Белгилей кетсек, каражаттын 90 пайызы Россиядан которулат.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бааларды анализдеп көргөндөн кийин май куюучу жайлардын биринде бензиндин баасы кымбаттап кеткенин байкоого болот.
Бейшемби, 8-апрель күнү, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 46,9, ал эми АИ-95 үлгүсү 48,9 сом турган. Эми 0,6 сомго кымбаттап 47,5 жана 49,5 сомдон сатылып жатат. Дизелдик майдын баасы ошол бойдон.
Быйыл күйүүчү май кымбаттагандан кымбаттап бара жатат. Божомол боюнча баа дагы өсөт.
"Апрель айынын ичинде бензин алты, дизель майы тогуз пайызга кымбатташы мүмкүн", — дешти Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан.
Буга мунайдын кымбаттап кеткени себеп болууда.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков адам уурдоо фактысы катталган учурда “Коопсуз шаардын” камералары менен издөө боюнча алгоритм иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Новиковдун айтымында, бул кадам милициянын ыкчам иш алып баруусуна шарт түзүп, бюрократияны жоюуга жардам берет.
Ал аялдар менен балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
"Айзаданын (Канатбекова — ред.) трагедиялуу окуясы баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутту. Тилекке каршы, бул жалгыз гана мисал эмес. Акыркы кезде жаңылыктардан мектеп окуучуларынын урушу, аялдардын кордолушу, жашы жете электердин зордукталышы тууралуу гана окуп калдык. Бүгүн биз бул нерселерди алдын алуу үчүн аракеттерди кылышыбыз керек”, — деди Новиков.
Новиков ала качуу боюнча жазаны күчөтүп, адам уурдоо беренесине теңөөнү сунуштады. Ал кагаз жүзүндө көптөгөн концепциялар, стратегиялар иштелип чыкканы менен турмушта колдонулбай келгенин кошумчалады.