Банк. Архивдик сүрөт

Улуттук банк 8-октябрдан тарта банктарды ишин жандантууга чакырды. Графиги

89
(жаңыланган 11:02 08.10.2020)
Финансылык кызмат көрсөткөн мекемелердин үзгүлтүксүз жана коопсуз иштөөсүн камсыздоо үчүн тийиштүү чаралар көрүлөт.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Улуттук банк коммерциялык банктарды жана финансылык-насыя уюмдарын 8-октябрдан тарта ишти жандантууга чакырды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылат.

Кырдаалга байланыштуу жумуш графиги 9:00дөн 15:00гө чейин деп бекитилди.

"Калктын өз убагында маяна, пенсия, жөлөк пул алуусун, ошондой эле элди накталай акча менен камсыздоо максатында жана өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен финансылык уюмдарга жумуш күнүн 09:00дөн 15:00гө чейин кылып белгилөө сунушталат", — деп айтылат билдирүүдө.

Улуттук банк: банктарга 7-октябрда иштебей турууну сунуштайбыз

Финансы мекемелери калкты негизги банктык кызматтар менен тейлөөнү улантып, төлөм жана акча которуу операцияларын улуттук төлөм системасы боюнча жүргүзүп келери белгиленет.

Мындан сырткары, накталай эмес төлөмдөрдү жана өлкө ичиндеги акча которууларды, онлайн кызмат көрсөтүүлөрдү жана банкоматтардын, POS-терминалдар, төлөм терминалдарынын иши үзгүлтүксүз жана коопсуз иштөөсүн камсыздоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлөрү айтылат.

"Ал эми эл аралык төлөм системасы боюнча жүргүзүлүүчү транс чек аралык (өлкөдөн сырт жактарга) төлөмдөрдү жүргүзүү Улуттук банктын тийиштүү чечими чыкканга чейин токтотулуп турат", — деп белгиленет билдирүүдө.

Банкоматтар эмнеге иштебей жатканы айтылды

Улуттук банк финансылык кызмат көрсөтүүлөр боюнча онлайн кызматын колдонгон каржы мекемелерине кайрылууну сунуштайт.

Билдирүүдө ошондой эле финансы уюмдардын иш тартиби, кызмат көрсөтүүлөрү боюнча маалыматтар алардын интернет-сайттарында көрсөтүлгөнү белгиленет.

89
Белгилер:
күн тартиби, жумуш, кызмат көрсөтүү, кызмат, акча, Улуттук банк
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Улуттук банк: банктарга 7-октябрда иштебей турууну сунуштайбыз
Кыргыз сом монеталары. Архив

Кыргызстан 4,1 млрд. сом карызын төлөбөй турууга макулдашып жатат. Шарттары

456
(жаңыланган 16:57 29.10.2020)
Министр өлкөнүн ички жана сырткы карызы азыркы тапта 4,8 миллиард доллар (378 миллиард сом) экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кыргызстан чет элдик донорлордон алган карызынын төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашып жатат. Бул тууралуу финансы министри Кыялбек Мукашев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Париж клубу жана донорлор менен түздөн-түз сүйлөшүү жүрүп жатат.

"Учурда 4,1 миллиард сом төлөөнү кийинки жылга жылдыруу боюнча келишимдер каралып жатат. Ага ылайык, быйыл жана эмдиги жылы төлөбөй тура алабыз. Бирок кийинки үч жылда жеңилдик берилген мөөнөттө төлөнбөй калган каражатты кошуп төлөйбүз", — деди Мукашев.

Кыргызстандын тышкы карызы тездик менен өсүүдө. Инфографика

Ошондой эле министр өлкөнүн ички жана сырткы карызы азыркы тапта 4,8 миллиард доллар (378 миллиард сом) экенин кошумчалады.

456
Белгилер:
Финансы министрлиги, өкмөт, жылдыруу, мөөнөт, карыз
Тема боюнча
Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп
Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков

Кадырбеков маданияттын демөөрчүлөрүнө салыктык жеңилдик берүүнү талап кылды

66
Министр эгер Салык кодексинде көрсөтүлгөн берене иштей турган болсо, өлкөдөгү маданий мекемелерди оңдоого шарт түзүлө турганын белгилеген.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Маданият тармагына демөөрчүлүк кылгандарга салыктык жеңилдик берүү боюнча атайын норма бекитилген мыйзам иштебей жатат. Бул туурасында маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков өкмөттүн жыйынында билдирди.

Министр өлкөдө 1 063 китепкана, 700дөн ашуун клуб, театрлар бар экенин, бирок алардын көбү авариялык абалда турганын белгиледи. Эгер аталган норма иштесе, буларды оңдоп алууга шарт түзүлмөк.

Министр Нуржигит Кадырбеков өкмөткө кинотеатрларды ачууну сунуштады

"Кыргыз жана орус драма театрлар оңдолуп баштаган. Биринчисинин сметасы 64 миллион сом, экинчисиники 200 миллион сомдон ашык. Жылытуу системалары киргизилип жаткан, каражат таап өз убагында оңдоо иштерин улантпасак миллиард сомдук чыгым болуп калышы мүмкүн. Салык кодексинин 208-беренесинде маданият тармагына демөөрчүлүк кылгандарга салыктык жеңилдик берилери көрсөтүлгөн. Бирок ошол берене азыр иштебей жатат. Ушул маселени чечип берсеңизер", — деп премьер-министрге кайрылды Кадырбеков.

Учурда жаңы куралган өкмөттүн алгачкы жыйыны өтүп жатат. Анда кыска мөөнөттө экономиканы турукташтыруу жана бюджетке өзгөртүү киргизүү маселелери талкууланууда.

66
Белгилер:
оңдоо, жеңилдик, салык, театр, Нуржигит Кадырбеков
Тема боюнча
Өлкө бюджетинин дефицити дагы 8 млрд. сомго көбөйдү
Кыргызстандагы музей буюмдарын башка мекемелерде сактоого тыюу салынды
Медициналык факультеттин студенттери. Архив

Пакистандын кара тизмесиндеги медициналык окуу жайлардын ректорлору эмне дейт

81
(жаңыланган 19:40 29.10.2020)
Пакистан Кыргызстандын бардык медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Үч окуу жайдын ректорлору мындай чечимдин себебин айтып беришти.

Бүгүн Пакистан Кыргызстандын медицина адистерин даярдаган окуу жайларын кара тизмеге киргизгени маалым болду. Өлкө мындай чечимин Кыргызстандан билим алган студенттердин 90 пайызы Пакистандын медицина кеңешинен милдеттүү түрдө каралган экзаменди тапшыра албай, дипломдору таанылбай жатканы менен түшүндүрдү.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстан аталган тизмеге билим берүүнүн начар сапатынан улам киргенин боолголоодо. Мындан тышкары, окуу жайлардын басымдуу бөлүгү эл аралык аккредитациядан өткөн эмес.

Sputnik агенттиги бир нече окуу жайдын ректорлору менен байланышып, түзүлгөн кырдаалды түшүндүрүп берүүнү өтүндү.

Министр Пакистандын элчиси менен кара тизмеге кирген ЖОЖдорду талкуулады

КММА

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында Пакистандан келген жүздөгөн студент билим алат. Ректор Индира Кудайбергенованын айтымында, алардын саны төрт жыл мурун, өлкөгө комиссия келип кеткенден кийин өскөн.

Профессор, доктор медицинских наук, ректор КГМА Индира Кудайбергенова. Архивное фото
© Фото / пресс-служба КГМА
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ректору Индира Кудайбергенова
"2016-жылы республикага Пакистандан атайын комиссия келген. Ал өлкөнүн төрт окуу жайын талапка жооп берет деп тапкан, анын ичинде Медакадемия да бар. Калганы жактырылган эмес. Бул төрт жылдын ичинде 9-10 медициналык окуу жай ачылып кетти. Чакан өлкөгө мынча медициналык ЖОЖдун эмне кереги бар деген кадыресе суроо туулат", — деди Кудайбергенова.

Ректордун айтымында, кыргызстандык окуу жайлардын айрым бөлүгү чет өлкөлүк студенттерди окута алат, буга бардык шарты бар.

"Менимче, бул жаңылыштык болуп калды. Медиктерди даярдаган окуу жайлардын баарын бир катарга коюп коюшуптур, тизмеге бардык ЖОЖдор кирип калган. Бирок төрт-бешөөнүн чет элдик студенттердин окутууга бардык мүмкүнчүлүгү бар. Биз Пакистандын медицина кеңеши 2016-жылы талапка ылайык келет деп таап кеткен окуу жайларды тизмеден чыгарууну өтүнүп кайрылуу жасадык", — деди Кудайбергенова.

Жетекчи КММАда Сирия, Корея жана башка мамлекеттерден келген студенттер да билим аларын кошумчалады.

Инфекционист, эпидемиолог көздөн учту. Жети дубандын эли кантип дарыланууда

Эл аралык жогорку медицина мектеби (ЭЖММ)

ЭЖММ — Кыргызстандын эл аралык университетинин академиялык консорциумунун структуралык бөлүмү. Студенттердин басымдуу бөлүгү чет өлкөлүктөр. Ректор, профессор Сталбек Ахунбаевдин айтымында, түзүлгөн кырдаал күтүлүп эле келген: биринчи коңгуроо Пакистан медициналык билим берүү маселелери боюнча биргелешкен комиссия түзүп, Кыргызстанга жибергенде эле кагылган.

"Комиссия мүчөлөрүн биздин өлкөдөгү ар бир окуу жай өзүнүн программасы менен иштей турганы, ошондой эле медициналык билим берүүнү тескеген кесипкөй ассоциациянын жоктугу абдан таң калтырган. Ошондон кийин комиссия тааныган төрт окуу жай эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүгө ыңгайлуу болушу үчүн ассоциация түзүү чечимин кабыл алган", — деп түшүндүрүп берди Ахунбаев.

Ректордун айтымында, Кыргызстанда билим берүү ишмердүүлүгү үчүн лицензия алуу кыйла жеңил.

"Талап андай катаал эмес, кыска убакытта медиктерди даярдаган көп окуу жайдын ачылып кеткени да ушундан. Азыр мындай окуу жайлардын саны 20га чукулдап калды. Бул чакан мамлекет үчүн өтө көп", — деди жетекчи.

Ахунбаев кара тизме түзүүдө Пакистан окуу жайдын өзүн эмес, жалпы өлкөнү карай турганын белгиледи.

"Кара тизмеге мамлекет кирет. Учурунда пакистандык студенттер үчүн Румыния да "жабылган". Куба да ушундай тагдырга туш болгон", — деди ректор.

Ахунбаевдин баамында, Пакистандын медицина кеңеши Кыргызстанга комиссия жөнөтөт, бирок бул качан ишке ашары белгисиз. Мындан улам министр менен жолуккан ректорлор көйгөйдү чечүү боюнча алгачкы аракеттерин сунушташкан.

"Биз Пакистанга кара тизмени кайра карап чыгууну сунушташыбыз керек экенин, биринчи этабында 2016-жылы талапка жооп берет деген төрт окуу жайды андан чыгаруу керектигин айттык. Экинчиден, окуу жайлардын топторго бөлүп, аталган тизмеден чыгуу жолдорун иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледик", — деди жетекчи.

Венгрия: кыргызстандык студенттерге бекер окуу шарты түзүлдү

"Ала-Тоо" эл аралык университети

"Ала-Тоо" эл аралык университетинин ректору, доцент Санжарбек Эрдолатов окуу жайдын медицина факультети алгачкы студенттерди былтыртан тарта кабыл ала баштаганын билдирди. Анын айтымында, университет дарыгерлерди даярдап чыгара элек, бирок билим алуу үчүн окуу жайда бардык шарт бар.

Ректор международного университета Ала-Тоо доцент, Санжарбек Эрдолатов
© Фото / предоставлено Санжарбеком Эрдолатовым
"Ала-Тоо" эл аралык университетинин ректору, доцент Санжарбек Эрдолатов
"Бул көйгөйдөн чыгып кетерибизге ишенем. Комиссия Кыргызстанга келип, пакистандык студенттерге кайсы окуу жайлар төп келерин аныктап кетсе болот. Биздин окуу жайда эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап лаборатория иштейт", — деди ал.

Эрдолатовдун айтымында, Кыргызстанга келген пакистандык студенттер кабылган көйгөйлөрдүн бири — жергиликтүү окутуучулардын англис тилинин деңгээли.

"Пакистандык студенттер окутуучулар тийиштүү деңгээлде англис тилин билбегендиктен да сапаттуу билим ала албай жатышат. Биз, мисалы, лекторлорду башка өлкөлөрдөн чакырабыз", — деди ректор.

Ал айрым учурда чет элдик студенттер билим алуу шарты менен жатакана боюнча да көйгөйгө тушугарын белгиледи.

"Мен студенттерге бирди көрсөтүп, алар келгенден кийин таптакыр башка көрүнүшкө туш болорун уккам. Мисалы, башка жатакананын эле сүрөтүн пайдаланышат да, студент Кыргызстанга келгенден кийин нааразы болот", — деди Эрдолатов.

Ректор учурда билим алып жаткан пакистандык студенттерге окуусун аяктоого мүмкүнчүлүк берүү керек деген пикирин кошумчалады.

81
Белгилер:
кара тизме, медицина, ЖОЖ, окуу жай, Пакистан, Кыргызстан
Тема боюнча
Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Себеби