Кумтөр. Архив

Садыр Жапаров: "Кумтөрдү" мамлекетке алайын деген оюм жок

637
(жаңыланган 19:11 10.10.2020)
Жапаров сегиз жыл мурда мамлекетке алуу ылайыктуу болмоктугун, азыр пайдасыз экенин айтты. Себеби алтындын кору калган жок.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Премьер-министрликке көрсөтүлгөн талапкер Садыр Жапаров "Кумтөр" алтын кенин мамлекетке кайтаруу оюнан кайтканын билдирди.

Андан депутат Талант Мамытов "Кумтөр" маселесинин аягына чыгасызбы деп сурады.

"2012-жылы ЖК депутаттары комиссия түзүп, "Кумтөрдү" толугу менен мамлекетке кайтаруу маселесин алып чыкканбыз. Бирок 35 гана депутат колдоп өтпөй калган. Сегиз жыл мурда мамлекетке алсак болот эле, азыр алуу пайдасыз. Себеби алтындын запасы калган жок. Бул тууралуу эки жыл мурун адвокатым аркылуу журналисттер суроо бергенде мамлекетке кайтаруу позициямдан кайтканымды айткам. Белгилеп кетейин, өкмөткө келгенде эле ою өзгөрүп кетиптир дешпесин. Мен бул позициямды эки жыл мурда эле айткам. Бирок Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүп Кыргызстандын пайдасына иштетебиз", — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн ЖК депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөттүн жаңы курамын бекитип жатат.

637
Белгилер:
кен, кайтаруу, Кумтөр, Садыр Жапаров
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Садыр Жапаров өкмөттүн курамын ошол бойдон калтырарын айтты
Садыр Жапаров: Жээнбеков арыз жазып кызматтан кетерин айтты
ТИМ имараты. Архивдик сүрөт

ТИМ: жылдын аягына чейин бюджет дефицити 450 млн. долларга жетет

81
(жаңыланган 18:20 24.10.2020)
Руслан Казакбаев Россияга эки күндүк иш сапары менен барган. Ал жактан РИА Новости агенттигине маек курду.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Пандемия жана шайлоодон кийинки саясий кризистин кесепетинен жылдын аягында Кыргызстандын бюджетинде 400-450 миллион долларлык дефицит болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новости агенттигине берген маегинде айткан.

Анын айтымында, чек аралар жабылганда айрым коңшулар жана ЕАЭБдин алкагындагы өнөктөш мамлекеттер менен товар айлануунун көлөмү төмөндөп кеткен.

Лавров Кыргызстанга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча суроого жооп берди

"Жылдын аягына чейин бюджетте 35-45 миллиард сом же 400-450 миллион долларлык тартыштык болору күтүлүүдө. Кыргызстан үчүн бул бир топ эле сезилерлик сумма", — деди министр.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

81
Белгилер:
дефицит, бюджет, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Казакбаев бюджетти колдоо боюнча РФ президентинин өкүлү Козак менен сүйлөштү
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт

Казакбаев бюджетти колдоо боюнча РФ президентинин өкүлү Козак менен сүйлөштү

96
(жаңыланган 17:55 24.10.2020)
Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новости агенттигине берген маегинде Россиянын президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен көп маселелерди талкуулаганын, анын ичинде Кыргызстандын бюджетине колдоо катары финансылык жардам тууралуу дагы сөз болгонун айтты.

"Дмитрий Николаевич Козак жана анын кесиптештери менен жолуктук. Россия тарап Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн абалды турукташтырууда маанилүү роль ойноду", — деди Казакбаев.

Садыр Жапаровдун биринчи кайсы өлкөгө иш сапар менен барары айтылды

Ошондой эле жолугушууда Россия тараптан кыргыз экономикасына көрсөтүлчү колдоолор тууралуу сөз болду.

"Биздин өкмөттүн иши, алдыда келе жаткан саясий иш-чаралар тууралуу кеп кылдык. Анан, албетте, азыркыдай катаал убакта Россия тараптан Кыргызстандын бюджетин колдоо иретинде берген жардам тууралуу сүйлөштүк", — деди ТИМ башчысы.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

96
Белгилер:
жардам, каражат, экономика, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Лавров Кыргызстанга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча суроого жооп берди
Ак үй. Архив

Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоого 450 млн эмес, 10 эле млн сом кетет

19
(жаңыланган 16:28 25.10.2020)
Буга чейин депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ак үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу Садыр Жапаров Telegram-каналы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, 450 миллион сом бул — парламенттик шайлоого жумшалган каражат.

"450 миллион сом Ак үйдү оңдоого кетчү чыгым экен деп адашып айтып жатышат. Имаратты ремонттоого көп каражат кетпейт. Кыдырып баарын көрүп чыктым. 10 миллион сомго жетпеген каражат керектелет. Тапшырмаларды бердим. Жакын арада оңдоо иштери бүтөт", — деп жазды Жапаров.

Эске салсак, буга чейин парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү, премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан.

19
Белгилер:
ремонт, Акылбек Жапаров, Ак үй, Садыр Жапаров
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 450 млн. сом керек