Акш долларлык купюралар. Архив

Кыргызстандан сыртка 303 млн. доллар которулду. 8 айдын жыйынтыгы

73
(жаңыланган 12:13 13.10.2020)
Улуттук банк Кыргызстандан сыртка чыгып кетип жаткан каражаттын көлөмү тууралуу маалымат берди. Акча которуу былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу азайган.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. 2020-жылдын сегиз айында Кыргызстандан сыртка 302,9 миллион 740 доллар которуу жолу менен чыгып кеткен. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Кеп жеке тараптар атайын системалар аркылуу которулган каражат жөнүндө болуп жатат.

Өткөн жылдын январь-август айларында дээрлик 336 миллион доллар сыртка чыккан.

Кыргызстанда бир катар салыктардан жеңилдетүү болду

Бул жылы эң көп которуу июнь айында болсо (49,9 миллион доллар), эң азы апрель айына (17,7 миллион доллар) туура келген.

73
Белгилер:
экономика, банк, Акча которуулар, Кыргызстан
Тема боюнча
Улуттук банк эл аралык каржылык операцияларды кайрадан жандантты
АКШ доллары. Архив

Доллардын баасы кескин өсүп жатат. Улуттук банктын түшүндүрмөсү

356
(жаңыланган 19:24 27.10.2020)
Дүйшөмбү күндүн эртең мененки убактысына салыштырмалуу америкалык валюта бир сомдон ашык кымбаттап, 82 сомго жетти.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Доллардын баасы сезондук фактор менен иш активдүүлүгүнөн улам өстү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук банктан билдиришти.

Эске салсак, дүйшөмбү күнү эртең менен, 26-октябрда, доллар 80,44 сомдон сатып алынып, 80,82 сомдон сатылган. Кийин америкалык валютанын баасы 81,5-81,65 (сатып алуу) жана 81,8-81,9 (сатуу) сомго жетти.

“Кыргызстанда акча алмаштыруу курсу калкыма режимде болгондуктан баанын динамикасы сунуш менен суроо-талаптан көз каранды. Доллар кымбаттаса, демек, сунушка караганда суроо-талап көбөйгөнүнөн кабар берет. Буга сезондук фактор менен иш активдүүлүгү таасир этип жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк акчанын баасы боюнча божомол бербей турганын эскертти. Ошол эле учурда ички жана тышкы валюталык рыноктогу абалга такай көз салып турат. Зарыл учурда тийиштүү операцияларды жасайт.

“Улуттук банктын негизги максаты тийиштүү акча-насыялык саясатты жүргүзүү менен баалардын туруктуулугун кармап туруу”, — деп айтылат маалыматта.

Башкы банк өлкөдөгү акчанын баасын аныктай турчу эсеп коюмун коюп турарын эскертти. Ошондой эле Улуттук банк эл аралык дүң резерви 26-октябрга карата 3 миллиард доллардан ашканын кабарлап, жарым жылдык товар менен кызматтардын импортуна жете турганын белгиледи.

356
Белгилер:
Улуттук банк, баалар, доллар, Кыргызстан
Тема боюнча
Айлык айдан-айга өп-чап жетеби? Акча топтоо боюнча кыргызстандыктарга кеңеш
Мамлекеттик салык кызматынын имараты. Архив

Кымырылган 9 млрд. сом: Салык кызматы Финполдун кинеси негизсиз экенин айтты

981
(жаңыланган 17:46 27.10.2020)
МСК Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тийиштүү материалдарды берүүгө даяр экенин жарыялады.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Салыкчылар алтын казган компания менен жең ичинен сүйлөшүп алып, коррупциялык схема түзгөнү туурасында Финполдун берген маалыматы юридикалык жактан негизсиз. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы (МСК) тараткан расмий билдирүүдө айтылат.

Финпол бүгүн алтын казуучу "К.Г.К." жабык акционердик коому бюджетке 9 миллиард сомдон ашык зыян келтиргени аныкталганын жарыялады. Ага ылайык, компания Салык кызматы жана Социалдык фонддун кызматтагы адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн толук төлөбөй келген.

"МСКнын кызматкерлери коррупциялык схема түзүүгө аралашкан деген маалымат чындыкка дал келбейт жана минтип айтууга эч кандай юридикалык негиз жок. Салык кызматынын 2018-жылы "К.Г.К." компаниясына карата жасаган бардык иштери мыйзам чегинде кынтыксыз", — деп жазылат билдирүүдө.

УКМК: коррупциялык иштерге күбө болгондор үчүн ишеним телефондор иштей баштады

Ошондой эле МСК Салык кодексинин 54-беренесине ("Салыктык купуялуулук") ылайык, айыптоолорго жооп катары маалыматты толугу менен коомчулукка ачыктай албай турганын белгиледи. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тергөөнүн алкагында тийиштүү материалдарды берүүгө даяр экени жазылат.

Айып тагылып жаткан ишкана "Кумтөр Голд Компани" экени айтылууда. Бирок аталган компания бул боюнча Финполдон билдирме албаганын билдирди.

981
Белгилер:
казуу, кен, Мамлекеттик салык кызматы, финансы полициясы
Тема боюнча
Финпол: тез жардам унааларын 1 млн. долларга кымбат алгандарга иш козголду
Садыр Жапаров: "Кумтөрдү" мамлекетке алайын деген оюм жок
ӨКМ кызматкерлери. Архив

Токмоктун базарында чыккан өрттү толугу менен өчүрүштү

0
(жаңыланган 00:22 29.10.2020)
Токмоктун базарындагы дүкөндөн чыккан жалынды өрт өчүрүүчүлөр болжол менен эки сааттан ашык алышып жатып өчүрүшкөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагында эт саткан дүкөндөн чыккан өрттү үч бригада өчүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тилсиз жоо алгач чектөөгө алынып, андан кийин толугу менен саат 23:29да өчүрүлдү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, ӨКМге Токмок шаарынын базарындагы дүкөндөрдүн биринен чыккан тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткени кабарланган.

Министрликтен кырсыктан жабыркагандар жок экендигин айтышты. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 600 чарчы метрге жеткен. 

0
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү