Кыргызстанда доллардын баасы 80 сомдон ашты

© AFP / CHIP SOMODEVILLAАКШ доллары. Архив
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында доллардын баасы кескин көтөрүлүп, бир доллар 85 сом болгон. Март айынан бери чет элдик валютанын баасы өйдө-төмөн болууда.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстанда доллардын баасы саат 12:30га карата 80 сомдон ашты. Бул тууралуу Valuta.kg сайтына жарыяланды.

Андагы маалыматка караганда, Бишкекте 1 доллар 80.14 сомдон сатылып, 79.75 сомдон сатып алынууда. Айрым жерлерде 80 сомдон сатылып, 80.05 сомдон сатып алынууда.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 19-мартында доллардын баасы кескин көтөрүлүп, бир доллар 85 сом болгон. Март айынан бери чет элдик валютанын баасы 77 жана 85 сомдун ортосунда түшүп кайра көтөрүлүүдө. Акыркы учурда 79 сом болуп турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0