Бал. Архив

Бишкекте айыл чарба азыктарынын жарманкеси ачылат. Даректери

136
Жарманке ишемби, жекшемби күндөрү иштеп, фермерлер өздөрү өндүргөн жашылча, мөмө-жемиштерин, бал, эт жана сүт азыктарын шаар тургундарына сунуш кылышат.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы 17-октябрдан тарта салтка айланган арзан баадагы айыл чарба азыктарынын жарманкесин уюштурат. Бул тууралуу шаар бийлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жарманке көпчүлүктүн өтүнүчү менен ачылып, ишемби, жекшемби күндөрү иштейт. Анда фермерлер өздөрү өндүргөн жашылча, мөмө-жемиштерин, бал, эт жана сүт азыктарын шаар тургундарына сунуш кылышат. Мэрия бардык санитардык эрежелер сакталарын айтууда.

Жыл башынан бери КР кайсы мамлекеттерге канча азык-түлүк экспорттоду. Тизме

Жарманкенин даректери:

Ленин району:

  • Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсү (“Рахат-Лукум” кафесинин бет маңдайында).

Октябрь району:

  • 12-кичи районунда Нуркамал Жетикашкаев жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши.

Биринчи май району:

  • Скрябин жана Абай көчөлөрүнүн кесилиши (К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жанында);

Свердлов району:

  • Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши.

Жарманкенин ишин акимчиликтин кызматкерлери, муниципалдык аймактык башкаруу органдары, милициянын өкүлдөрү көзөмөлгө алат. Ар бир азык санитардык-эпидемиологиялык органдардын, шаардык ветеринардык мекеменин кылдат көзөмөлүнөн өткөрүлөт. Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кыймылын тескөөгө алат.

Жарманкеге катышууну каалаган фермерлер төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот:

  • Октябрь району — 0(312) 576392;
  • Ленин району — 0(312) 656906;
  • Свердлов району — 0(312) 433891; 
  • Биринчи май району — 0(312) 324913.
136
Белгилер:
айыл чарба, жарманке, Бишкек
Тема боюнча
Жээнбеков рынок атаандаштыгына өлкөнүн кайсы тармагы туруштук берерин айтты
Эт саткан базар. Архив

Кыргызстан малдын 800 тонна ичеги-карынын чет өлкөгө сатты

67
Жыл башынан бери Кыргызстандан малдын ичеги-карыны төрт өлкөгө экспорттолду. Былтыр ушул эле мезгилде үч мамлекет сатып алган. 

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Январь айынан баштап августтун аягына чейин Кыргызстан чет өлкөгө малдын 825,4 тонна ичеги-карынын сатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтында жазылган.

Экспорттолгон ичеги-карындын жалпы суммасы дээрлик 50 миллион сомго (669 миң доллар) бааланган.

Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат

Кайсы өлкөлөр сатып алган:

  • Вьетнам — 363,7 тонна;
  • Гонконг — 419,9 тонна;
  • Мьянма — 22 тонна;
  • Түркия —19,8 тонна.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 740,6 тонна ичеги-карын сатылган болчу. Бирок түшкөн каражаттын суммасы көп төмөндөгөн эмес, сом менен 48,5 миллионго азайган, деген менен доллар менен эсептегенде 695,4 миңди түзөт.

Былтыр Вьетнамга 700 тонна, калганы Мьянма менен Казакстанга экспорттолгон.

67
Белгилер:
ичеги, чет өлкө, сатуу, жаныбарлар, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандын балын 20дан ашык мамлекет таткан. Тизме
Кыргызстан азык-түлүктүн жаңы түрлөрүн Кытайга экспорттоону көздөп жатат
АКШ доллары. Архив

Доллардын баасы кескин өсүп жатат. Улуттук банктын түшүндүрмөсү

365
(жаңыланган 19:24 27.10.2020)
Дүйшөмбү күндүн эртең мененки убактысына салыштырмалуу америкалык валюта бир сомдон ашык кымбаттап, 82 сомго жетти.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Доллардын баасы сезондук фактор менен иш активдүүлүгүнөн улам өстү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук банктан билдиришти.

Эске салсак, дүйшөмбү күнү эртең менен, 26-октябрда, доллар 80,44 сомдон сатып алынып, 80,82 сомдон сатылган. Кийин америкалык валютанын баасы 81,5-81,65 (сатып алуу) жана 81,8-81,9 (сатуу) сомго жетти.

“Кыргызстанда акча алмаштыруу курсу калкыма режимде болгондуктан баанын динамикасы сунуш менен суроо-талаптан көз каранды. Доллар кымбаттаса, демек, сунушка караганда суроо-талап көбөйгөнүнөн кабар берет. Буга сезондук фактор менен иш активдүүлүгү таасир этип жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк акчанын баасы боюнча божомол бербей турганын эскертти. Ошол эле учурда ички жана тышкы валюталык рыноктогу абалга такай көз салып турат. Зарыл учурда тийиштүү операцияларды жасайт.

“Улуттук банктын негизги максаты тийиштүү акча-насыялык саясатты жүргүзүү менен баалардын туруктуулугун кармап туруу”, — деп айтылат маалыматта.

Башкы банк өлкөдөгү акчанын баасын аныктай турчу эсеп коюмун коюп турарын эскертти. Ошондой эле Улуттук банк эл аралык дүң резерви 26-октябрга карата 3 миллиард доллардан ашканын кабарлап, жарым жылдык товар менен кызматтардын импортуна жете турганын белгиледи.

365
Белгилер:
Улуттук банк, баалар, доллар, Кыргызстан
Тема боюнча
Айлык айдан-айга өп-чап жетеби? Акча топтоо боюнча кыргызстандыктарга кеңеш
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев. Архив

Кайрадан орун алмашуу. Балбак Түлөбаев жаңы вицелерди дайындады

0
(жаңыланган 10:47 29.10.2020)
Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу тиешелүү токтомго шаарга жаңы эле башчынын милдетин аткаруучу болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгон.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясында кайрадан кадрдык алмашуу болуп, Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
    Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
    © Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
  • Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
    Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди

Анын ордундагы Нариман Түлеев иштен бошотулган.

Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг. Сүрөт, видео

Ал эми социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды.

Тиешелүү токтомдорго шаарга жаңы эле башчылыктык милдетин аткаруучу болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгону белгилүү болду.

Калаа башчысынын 5-6-октябрдагы элдик толкундоо болгондон бери талашта болчу. Азиз Суракматов өз каалоосу менен арызын жазып кеткенден кийин анын ордуна биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев келген. Бирок анын бул кызматка келишине нааразы болгон эл мэриянын алдында митинг өткөрүп, жыйынтыгында Түлеев кетип, мэрдин милдетин вице-мэр Алмаз Бакетаев аткара баштаган.

Бирок абал тынчыбагандыктан, Нариман Түлеев кызматтан кетүү боюнча арызын кайра кайтарып алган. Бишкек шаарынын мэриясы учурда калаа жетекчисинин милдетин мыйзамдуу түрдө аткаруучу болуп вице-мэр Нариман Түлеев эсептеле турганын билдирген.

Ага нааразы болгон топ 26-октябрда кайра мэриянын алдында митинг өткөргөн.

Көп өтпөй учурдагы бийлик мэриянын мурдагы аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевди өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн бошотуп, Бишкектин мэринин милдетин аткаруучусу кыйып дайындаган.

0
Белгилер:
вице-мэр, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Балбак Түлөбаев ишке киришери менен эки вице-мэр кызматтан кетти