Мунай өнөр жайы. Архив

Каражатсыз калышты: сланецтик мунайга инвестиция жокко эсе

187
(жаңыланган 12:38 16.10.2020)
Мунайдын наркынын түшүшү, олчойгон карыз жана каржылоонун жетишсиздиги АКШнын сланецтик индустриясында удаа-удаа банкроттукка алып келди. Пандемияга ири оюнчулар да туруштук бере алышпады.

Бирок андан да жаманы алдыда өңдөнөт: быйыл аталган тармакка инвестициялар эки эсе азайышы күтүлүүдө. Бул компаниялардын басымдуу бөлүгү жашап кете албайт дегенди туюндурат. Мунай казууда лидерликке Кошмо Штаттардан чыккан сланецчилер эмнеге бүгүн өп-чап абалда? Бул туурасында кесиптешибиз Наталья Дембинскаянын ой толгоосу РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Баанын ылдыйлашы

Мунай баасынын көктөмдөгү төмөндөшү эң оболу Кошмо Штаттардагы бургулоочу активдүүлүктү кескин чабалдатты. Сырье дээрлик 50 пайызга арзандады. Техаста буга таптакыр даяр эмес болуп чыгышты. Натыйжада Parsley Energy 150 скважинаны жапты, Continental Resources кен казуунун үчтөн бир көлөмүн кыскартып, ал эми Texland Petroleum толук токтотту.

Апрелде ири сланецчилердин бири Whiting Petroleum, ага удаа эле тейлөөчү Hornbeck Offshore Services компаниясы банкрот болду. Ал эми май айында инвесторлоруна калифорниялык California Resources жана сланецтик гигант Chesapeake Enеrgy ишканасы ишмердиктерин токтотконун кабарлашты.

Америкалык газ Россиянын көгүлтүр отун алмаштыра алабы? Саресеп

Талдоочулар ошондо булар банкроттук толкунунун башаты гана дешкен. Pickering Energy Partners божомолу боюнча, быйыл бул тармактагы компаниялардын дээрлик 40 пайызы кыйрайт.

Азыркы баалар сланецчилерге мурдагыдай эле киреше табууга жол бербейт. Өндүрүштүн өздүк наркы аларда баррелине 50-60 долларды түзөт. 40 доллардык баа аны дегеле актабайт. Тармак инвесторлорго да кызык эмес. Рынокто кармалып калуу үчүн каражат зарыл, бирок, мындай жагдайда карманар тал жок.

Эл аралык энергетикалык агенттиктин баасында сланецтик кен казуу быйыл инвестициялардын көлөмү эки эсеге, тагыраак, 45 миллиард долларга дейре азаят. 2019-жылы 100 миллиардды түзгөн эле.

Газдын баасын бороон-чапкын жана бандалар аныктоодо. 2020-жылдын оош-кыйышы

Аталган агенттиктин (World Energy Outlook) докладында эң жогорку көлөм 2014-жылы байкалган: 125 миллиард инвестиция тартылган. Бул он жылдыкта 30 пайызга аз — жылына 85 миллиарддын тегерегинде күтүлүүдө.

Rystad Energy эл аралык консалтингдик агенттиктин божомолунда быйыл 67 миллиарддын тегерегинде болмокчу.

Катуу көңүл калуу

Инвесторлор сланецчилерге эмитен эле муздай түшүшкөнүн эске салуу абзел. 2018-жылдын аягында компаниялардын көбү инвестициянын тартыштыгынан улам бюджеттерин миллиарддап кыскартышкан. Анткени киреше жок.

АКШнын дүйнөдө ири мунай өндүрүүчү болгонунда дал ушул сланецчилердин салымы чоң. Бирок алар дайым жаңы скважиналарды бургулоого тийиш, себеби кен бачым эле азая түшөт. Карыз алууга туура келет.

Сланецтик "он жылдыктын" жыйынтыгында инвесторлор бул бизнес кирешелүү эместигин, ишканалар чыгым тартуу менен мунай казышканын, каражаттын тартыштыгын улам карыз алып каржылаганын түшүнүп калышты.

Он жыл ичинде тармактын 40 алдыңкы өкүлү тапкандарынан 200 миллиард долларга көп сарпташкан. Айрымдары гана пайда таба аларын далилдей алышканын айтышат талдоочулар. Сланецтик кендердеги миңдеген скважиналар инвесторлоруна убада кылгандан кыйла аз кен казышат. Жыйынтыгында компаниялардын акциялары арзан сатылат. Көйгөйдү оюнчулар деле көрүп турат. "Тармак акыркы он жылдыкта инвесторлордун ишениминен толук тайды", — дейт аталган өлкөдөгү кен казуу боюнча төртүнчү саптагы Marathon Oil америкалык мунай-газ ишканасынын башкы директору Ли Тилман.

2007-жылдан тарта америкалык сланецтик өндүрүшчүлөрдүн акцияларынын индекси 31 пайыз жоготууга учурап, S&P 500 80 пайызга өскөн.

Эксперт: дүйнөдө мунайга суроо-талап түшүү коркунучунда

Ыплас сыр

Эл аралык энергетикалык агенттиктин жоромолуна таянсак, жыл аягында мунай менен жабдууну кыскартууга дал АКШ чоң салым кошот. Кошмо Штаттардын негизги жети, атап айтсак, — Пермь, Игл-Форд, Баккен, Ниобром, Анадарк, Аппалачин жана Хейнсвилль бассейндеринде өндүрүш – суткасына 7,632 миллион баррелге чейин түшөт. Сланецтик кен казуунун жарымынан көбүн түзгөн Пермь бассейнинде 4,5 миллион, Игл-Форддо — 1,3 миллионго чейин кыскарат.

Бүтүндөй америкалык мунай өнөр жайы басым жасаган технологиянын өзү бул багыттын келечегин бүдөмүк кылууда. Тармактын алдыңкы инвесторлорунун биринин айтымында, пласттын гидравликалык жарака өлкөдөгү көмүр-суутектеринин запасын бир топ азайтып койду. Муну ExxonMobil ири бургулоочу ишканадан бир аз гана кичирээк Quantum Energy Partners жеке инвестициялык компаниясынын башчысы Уил Ванлох да моюнга алат. Бул көрүнүш АКШнын кен казуу жана энергетикалык көз карандысыздыгын калыбына келтирүүгө үмүттү да өчүрөт.

"Ушул нерсе сланецтин ыплас сыры", — деп билдирген Ванлох Financial Times басылмасына. Скважиналар бири-бирине өтө жакын бургуланарын да белгилеген ал. Айтымында, соңку беш жылда кенди бошотуп эле келишкен.

Мындан ары дагы арбыйт

Financial Times билдиргендей, биринчи кварталда ири көз карандысыз сланецтик компаниялар рекорддук көрсөткүчтөгү – 26 миллиард доллар өлчөмүндөгү чыгымдарды катташкан. Басылма белгилегендей, кача албай турган банкроттукка камынуу зарыл.

2016-жылдагы мунай каатчылыгы курчуп турган кезден да жаман болот. Анда 70 компания каржылык жактан жөндөмсүз экенин жарыялашкан. Анткен менен алар чакан ишканалар эле, аркаларында жалпы 56 миллиард доллар карыз калтырышкан.

Ал эми ушул тапта гиганттар да кыйрап жана кыйроо алдында турат. Июнда ири сланецтик өндүрүшчү Extraction Oil & Gas да оюн талаасынан четтеген. Haynes and Boone юридикалык фирмасынын маалыматтары боюнча, сегиз ай аралыгында 51 миллиард долларлык карызы менен 36 ишкана банкроттуулук арызы менен кайрылган. 25 ири компаниянын эле жалпы карызы 150 миллиардды түзөт.

"Кеп рынокту банкроттуулук жана кайра куруу күтүп турарында", — деген бүтүм чыгарат KPMG рейтингдик агенттигинин энергетика бөлүмүнүн жетекчиси Регина Мэр.

Кыйын кырдаал: АКШ Россиядан нефть сатып алууга тыюу салмакчы

Аналитиктердин божомолунда, эгер мунай баасы ылдыйлай бере турган болсо, келерки жылдын аягына чейин дагы 250 компания жабылат. Бирок пандемия дагы күчүндө, андан улам энерготашуучуларга талап да төмөндөшү мүмкүн.

Deloitte консалтингдик-аудитордук компаниясынын жакындагы эле изилдөөсүнө ылайык, АКШдагы сланецтик өндүрүшчүлөрдүн үчтөн бирине жакыны эбак төлөөгө жөндөмсүз.

187
Белгилер:
банкрот, компания, Дүйнө, Европа, АКШ, баа, Мунай
Тема боюнча
Жакынкы айларда дизель майы кымбатташы мүмкүн. Ким жоопкер?
ТИМ имараты. Архивдик сүрөт

ТИМ: жылдын аягына чейин бюджет дефицити 450 млн. долларга жетет

81
(жаңыланган 18:20 24.10.2020)
Руслан Казакбаев Россияга эки күндүк иш сапары менен барган. Ал жактан РИА Новости агенттигине маек курду.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Пандемия жана шайлоодон кийинки саясий кризистин кесепетинен жылдын аягында Кыргызстандын бюджетинде 400-450 миллион долларлык дефицит болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новости агенттигине берген маегинде айткан.

Анын айтымында, чек аралар жабылганда айрым коңшулар жана ЕАЭБдин алкагындагы өнөктөш мамлекеттер менен товар айлануунун көлөмү төмөндөп кеткен.

Лавров Кыргызстанга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча суроого жооп берди

"Жылдын аягына чейин бюджетте 35-45 миллиард сом же 400-450 миллион долларлык тартыштык болору күтүлүүдө. Кыргызстан үчүн бул бир топ эле сезилерлик сумма", — деди министр.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

81
Белгилер:
дефицит, бюджет, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Казакбаев бюджетти колдоо боюнча РФ президентинин өкүлү Козак менен сүйлөштү
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт

Казакбаев бюджетти колдоо боюнча РФ президентинин өкүлү Козак менен сүйлөштү

103
(жаңыланган 17:55 24.10.2020)
Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новости агенттигине берген маегинде Россиянын президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен көп маселелерди талкуулаганын, анын ичинде Кыргызстандын бюджетине колдоо катары финансылык жардам тууралуу дагы сөз болгонун айтты.

"Дмитрий Николаевич Козак жана анын кесиптештери менен жолуктук. Россия тарап Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн абалды турукташтырууда маанилүү роль ойноду", — деди Казакбаев.

Садыр Жапаровдун биринчи кайсы өлкөгө иш сапар менен барары айтылды

Ошондой эле жолугушууда Россия тараптан кыргыз экономикасына көрсөтүлчү колдоолор тууралуу сөз болду.

"Биздин өкмөттүн иши, алдыда келе жаткан саясий иш-чаралар тууралуу кеп кылдык. Анан, албетте, азыркыдай катаал убакта Россия тараптан Кыргызстандын бюджетин колдоо иретинде берген жардам тууралуу сүйлөштүк", — деди ТИМ башчысы.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

103
Белгилер:
жардам, каражат, экономика, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Лавров Кыргызстанга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча суроого жооп берди
Баткен облусунда чек ара бекетиндеги мунара. Архив

Асманга ок атылды. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

27
(жаңыланган 19:42 25.10.2020)
Тажик жарандары Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп жатканда кыргыз чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында чатак чыкканын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн, 25-октябрда, саат 17:00дөр чамасында тажик жарандары Баткен облусунун Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп башташкан.

"Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары барып, тактала элек аймактагы ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап айткандарга баш ийбей, кайым айтышкан. Аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана саламаттыгын сактоо максатында, ошондой эле абалдын курчуп кетпеши үчүн Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга аргасыз болушту", — деп айтылат маалыматта.

Учурда түтүк өткөрүү иши токтотулду. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ага жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып жатат.
Мамлекетик чек аранын аталган аймагында абал туруктуу деп бааланды.

27
Белгилер:
ок атуу, Жаңжал, Мамлекеттик чек ара кызматы, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты