Бишкек ЖЭБи. Архив

УКМК ЖЭБ кызматкерлеринин пара алган мыйзамсыз схемасын аныктады

383
(жаңыланган 17:16 17.10.2020)
Аталган иш Кылмыш кодексинин 237-беренеси ("Коммерциялык сатып алуу") боюнча каттоого алынган. Учурда ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) кызматкерлеринин "Кыргыз көмүр" ишканасынан акча алып жүргөн мыйзамсыз схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бул иш УКМКнын коррупциялык схемаларды билүү операциясынын алкагында аныкталган.

"ЖЭБдин жумушчулары көмүр ташыган башка ишкерлик субъектилер менен алдын ала сүйлөшүп алып, кара алтындын сапаты тууралуу лабораториянын чечимин оң жакка чыгаруу үчүн "Кыргыз көмүр" ишканасынан сый акы алып жүрүшкөн. Мындай коррупциялык иштер ЖЭБдеги жабдуулардын эскиришине жана абанын булгануусуна алып келет", — деп айтылат маалыматта.

Аталган иш Кылмыш кодексинин 237-беренеси ("Коммерциялык сатып алуу") боюнча каттоого алынган.

УКМК Райым Матраимов жана башка кызматкерлердин коррупциялык схемасын аныктады

Учурда ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

383
Белгилер:
пара, коррупция, көмүр, ЖЭБ, УКМК
Тема боюнча
Ташиев: чек арадагы контрабанданы токтотуп, коррупционерлерди он эселеп төлөтөбүз
УКМК жетекчисинин орун басарлары дайындалды
ТИМ имараты. Архивдик сүрөт

ТИМ: жылдын аягына чейин бюджет дефицити 450 млн. долларга жетет

81
(жаңыланган 18:20 24.10.2020)
Руслан Казакбаев Россияга эки күндүк иш сапары менен барган. Ал жактан РИА Новости агенттигине маек курду.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Пандемия жана шайлоодон кийинки саясий кризистин кесепетинен жылдын аягында Кыргызстандын бюджетинде 400-450 миллион долларлык дефицит болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новости агенттигине берген маегинде айткан.

Анын айтымында, чек аралар жабылганда айрым коңшулар жана ЕАЭБдин алкагындагы өнөктөш мамлекеттер менен товар айлануунун көлөмү төмөндөп кеткен.

Лавров Кыргызстанга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча суроого жооп берди

"Жылдын аягына чейин бюджетте 35-45 миллиард сом же 400-450 миллион долларлык тартыштык болору күтүлүүдө. Кыргызстан үчүн бул бир топ эле сезилерлик сумма", — деди министр.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

81
Белгилер:
дефицит, бюджет, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Казакбаев бюджетти колдоо боюнча РФ президентинин өкүлү Козак менен сүйлөштү
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт

Казакбаев бюджетти колдоо боюнча РФ президентинин өкүлү Козак менен сүйлөштү

103
(жаңыланган 17:55 24.10.2020)
Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новости агенттигине берген маегинде Россиянын президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен көп маселелерди талкуулаганын, анын ичинде Кыргызстандын бюджетине колдоо катары финансылык жардам тууралуу дагы сөз болгонун айтты.

"Дмитрий Николаевич Козак жана анын кесиптештери менен жолуктук. Россия тарап Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн абалды турукташтырууда маанилүү роль ойноду", — деди Казакбаев.

Садыр Жапаровдун биринчи кайсы өлкөгө иш сапар менен барары айтылды

Ошондой эле жолугушууда Россия тараптан кыргыз экономикасына көрсөтүлчү колдоолор тууралуу сөз болду.

"Биздин өкмөттүн иши, алдыда келе жаткан саясий иш-чаралар тууралуу кеп кылдык. Анан, албетте, азыркыдай катаал убакта Россия тараптан Кыргызстандын бюджетин колдоо иретинде берген жардам тууралуу сүйлөштүк", — деди ТИМ башчысы.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

103
Белгилер:
жардам, каражат, экономика, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Лавров Кыргызстанга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча суроого жооп берди
Баткен облусунда чек ара бекетиндеги мунара. Архив

Асманга ок атылды. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

9
(жаңыланган 19:42 25.10.2020)
Тажик жарандары Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп жатканда кыргыз чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында чатак чыкканын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн, 25-октябрда, саат 17:00дөр чамасында тажик жарандары Баткен облусунун Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп башташкан.

"Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары барып, тактала элек аймактагы ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап айткандарга баш ийбей, кайым айтышкан. Аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана саламаттыгын сактоо максатында, ошондой эле абалдын курчуп кетпеши үчүн Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга аргасыз болушту", — деп айтылат маалыматта.

Учурда түтүк өткөрүү иши токтотулду. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ага жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып жатат.
Мамлекетик чек аранын аталган аймагында абал туруктуу деп бааланды.

9
Белгилер:
ок атуу, Жаңжал, Мамлекеттик чек ара кызматы, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты