Бийлик өкүлдөрү тоо-кен компанияларынын жетекчилери менен жолукту

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность предприятия "Алтынкен" в Кеминском районе
Деятельность предприятия Алтынкен в Кеминском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик инвесторлордун өкүлдөрүн кырдаал турукташып калганына ишендирип, көйгөйлөрдү чечүүдө аларга жардам берүү убадаланды.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Кыргызстандын алдыңкы тоо-кен компанияларынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жана Эл аралык ишкерлик кеңешинин демилгеси менен уюштурулду. Ага чет элдик инвесторлор тарабынан түзүлгөн компаниялардын өкүлдөрү ("Вертекс", "Жамгыр", "Каз Минералс Бозымчак", "Чаарат", "Эти Бакыр", "Шамбесай" жана башкалар), Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчилери, ошондой эле ТИМдин Экономикалык дипломатия департаментинин адистери катышты.

Вице-премьер Новиков ишин бизнестин өкүлдөрүнө жолугуудан баштады

Алар республикада кырдаал турукташкандыгын белгилеп, ишкерлердин бир катар көйгөйлөрүн чечүүгө аракет болорун билдиришкен.

ТИМ өкүлдөрү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди. Тараптар сунуштардын топтомун түзүп, аны министрлер кабинетинин кароосуна жиберүүнү жана диалогду улантууну чечишкен.

ТИМ тоо-кен компания жолугушуу

 

Жаңылыктар түрмөгү
0