Кишинин бош чөнтөгү. Архив

Айлык айдан-айга өп-чап жетеби? Акча топтоо боюнча кыргызстандыктарга кеңеш

675
(жаңыланган 15:56 26.10.2020)
Кыргызстандыктардын арасында каржылык сабаттуулук кеңири тарап барат. Анын ажырагыс бөлүгү — акчага зарыл болгон күнгө топтоо же каржылык коопсуздук жаздыкчасы.

"Эгер мени иштен кетиришсе, айлыгы алда канча аз болсо да дароо биринчи табылган ишке орношушум керек. Антпесе, жашоого тыйын табыш кыйын", — деп калды курбуларымдын бири. Мындай көрүнүш тааныштарыма, досторума жана анын ичинде мага деле тиешелүү.

Жумуш алмаштырып, жакшы тапкан ишке кирдим. Бирок кирешемдин көбөйүшү тапканыма таасир деле этпеди. Каржылык тартип жана сабаттуулуктун жоктугунан мурдагыдай эле ай аягында маянам калбай калат.

Казына менен капчык бош, бирок өлкөдө акча көп. Эки ача көрүнүшкө сереп

Ай аралыгында бир нече күн падышадай жашайм, андан кийин өп-чап күн өткөрөм. Май токоч, 18 сомдук пакеттеги ботко – түшкү тамагым ушундай болуп калат. Батир ижаралабайм, бензин же тетик алчу унаам жок, дегеле милдеттүү чыгымдарым деле аз болчу.

Досум таамай мүнөздөгөндөй, "акча турса кытыгылай берип" так эсеп менен жашаганды билчү эмесмин. Чыгымдарың тапканыңа теңме-тең болсо, ашыкча каражаттын жоктугу жумуштан кеткениңде азапка салышы ыктымал. Айрыкча пандемиядан улам карантин убагында тыйын топтой билүү маселесинин актуалдуулугу артты. Анткени кыргызстандыктардын көбү жумушсуз калып же кирешеси бир топ кыскара түштү.

Каржылык коопсуздук жаздыкчасы деген эмне?

Бул — турмушубузга киргенине көп боло элек жаңы термин. Эртеңки күнгө ишенимдүү арыш таштоо үчүн кайсы бир көлөмдө тыйын топтоп коюуну туюндурат. Бирок, албетте, бул көрүнүштүн өзү жаңы эмес, ата-энелерибиз "кыйын күнгө" же зарылып калбайлы деп тыйын жыйнап коюшчу.

Тысячные сомовые купюры внутри барсетки
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эксперттер эң оболу бир айлык чыгымдарды эсептеп алып, ошого жараша акча топтоону сунуштайт

Каржылык коопсуздук жаздыкчасы эмне үчүн зарыл?

Көптөгөн каржылык ресурстар, банк жана эксперттер мунун бир нече себебин аташат:

  • Капыстан кармаган оору (ден соолук көйгөйү);
  • Ишмердик чөйрөнү алмаштыруу чечими. Жумуш издеп же жаңы жөндөмдү өздөштүрүү маалында жашап турууга мүмкүндүк берет. Жаңы багытта ишти тез таап алсаңыз деле башта маяна төмөн болот эмеспи, каржылык коопсуздук жаздыкчасы аны толуктоого шарт түзөт;
  • Кокустан иштен кетүү. Жаңы иш тапканча топтогон тыйындан коммуналдык кызматтарга төлөп, насыяларды жаап, эң башкысы, азык-түлүк сатып алып турууга болот. Ошондой эле жакшыраак төлөнчү иш издегенге да убакыт берет. Маселен, колуңузда акча болбосо, маянасы 20 миң сомдук жумушка кирүүгө да аргасыз болосуз. Ал эми чогултуп койгон акча капчыкта турса, 30 миң сом айлыгы менен иш табылганча күтө аласыз. Жылдык кирешеңиздин айырмасы 120 миң сомду түзүп калат. Албетте, бул сандарды мисал катары гана келтирип турам, бирок миң же эки миң сомдук айырма да жыйынтыгында олуттуу сумма болуп калат;
  • Башка учурларга: жакындардын жаназасы, батирдин же үйдүн пландалбаган ремонту жана башка.

Ар бир адам өз тажрыйбасына жараша запаста акча кармоону талап кылган себептер тизмегин толуктай алат.

Кыргызстанда банктык карталар менен кантип акча табууга болот? Жол-жобосу

Жеке тажрыйба

Бир нече ирет тыйын топтоого тырыштым, бирок бир-эки аптадан ары ашпай койду. Кийинки айлыкка аз калганда чогулткандарым да короп кетет. Анан андайга кол шилтеп койдум. Бирок бир нече жыл мурун бир досум мага акча топтоо тууралуу кеңешин кайталай берди. Майнапсыз аракеттеримди айтып берсем, ал мага белгилүү бир убакытка чейин, тагыраак, мөөнөттүү аманат ачууну сунуштады. Досумдун кеңеши жакты, анткени топтогон тыйынымды оолак кармап, бир имаратта болбошум керектигин түшүнүп калгам.

Үч аманат ачтыргам. Сөздүн ачыгы, үчөөнү тең мөөнөтүнөн эрте алып, пайыз албай калдым. Чындыгында бул жол мага акчаны көбөйтүү эмес, топтоо каражатындай эле болду. Анткени анчалык деле чоң сумма эмес болчу.

Биринчисин жакын адамымды, дагы бирин көзүмдү дарылатууга, үчүнчүсүн досумдун үйлөнүү тоюна күйөө жолдош болгондуктан жаңы костюм, кошумча жана майда-чүйдөгө сарптадым. Көзүмдү дарылатуу акысын толук жаппаса да, насыя алууда жакшы негиз болуп берди.

Девушка пользуется банкоматом в Симферополе.
© Sputnik / Константин Михальчевский
Үйдө сактоо өңдүү ыкмадан тарта варианттар толтура. Бирок бул учурдун кемчил тарабы бар: уурдап кетиши, чычкан же келемиш кемирип салышы, ал эми кокус өрт чыкса топтогон тыйыныңыз күлгө айланып калышы мүмкүн

Запаста канча каражат болууга тийиш?

Эксперттер эң оболу бир айлык чыгымдарды эсептеп алып, ошого жараша топтоону сунуштайт. Өлчөмү боюнча пикирлер ар кыл. Кээде эки жылдык чыгымга тете запас кармоого кеңеш беришет. Бирок көбүнесе кеминде үч айлык запас кармап туруу керектигин айтышат. Кандай болгон күндө да эки жумалык топтогонуңуз деле жоктон көрө жогору.

Кайда сактоо зарыл?

Үйдө сактоо өңдүү ыкмадан тарта варианттар толтура. Бирок бул учурдун кемчил тарабы бар: уурдап кетиши, чычкан же келемиш кемирип салышы, ал эми кокус өрт чыкса топтогон тыйыныңыз күлгө айланып калышы мүмкүн. Бул өңдүү кырсык тоорубаган күндө деле акча жөн жата берсе, инфляциянын айынан акырындап нарксыздана берет (айтмакчы, быйыл анын көлөмү 5-7 пайыз болору болжонууда).

Эң кеңири таралганы — банктык аманаттар. Бир нече артыкчылыгы бар:

  • көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин алуу машакаттуу болгондуктан заматта сарптап жибере албайсыз. Бирок каражатыңызды кайтарып алууда көйгөй жаралчудай деле татаал эмес;
  • пайыздары, башкача айтканда, бир аз үстүнө топтоп же куру дегенде инфляцияны жаап койчу каражат кошулуп калат (улуттук валютада жылдык 11 пайыз, доллар менен жылына 4 пайызга дейре, бирок көбүнесе андан төмөн болот);
  • 200 миң сомго чейинки салымдар мамлекет тарабынан кепилденет. Жакында эле Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов айткандай, дал ушул себептен кыргызстандыктар топтогонун ар кайсы банкка 200 миңден бөлүп салышат.

Ошондой эле оригиналдуу, ошону менен бирге эле кызыктуу бир кеңеш россиялык интернет айдыңында жүрөт. Эгер бир жылдык чыгымыңызга чамалуу суммаңыз бар дейли, анда аны төрт жылдык салымга бөлүп, улам үч ай өткөрүп аманат ачуу да мүмкүн. Ар үч айда депозиттердин биринин мөөнөтү аяктайт, эгер тыйынга зарылбасаңыз, дагы узартып коюуга болот. Зарылдыгы чыкпаса, пайыздарын да кошо алуу үчүн бирдиктүү аманатты бөлбөй эле койгонуңуз оң.

Дагы бир кеңеш — үйдө накталай түрдө азыраак акча же киреше картасын кармаңыз. Кам санабаңыз, бизде андай бар. Мындай оперативдик резерв тезинен акча керек болгондо, мисалы, ооруканага жатууга туура келип, ал эми ошол убакта банктар жабык болуп калса, жардамга келет.

Мындан сырткары, башка ыкмалары да бар: облигациялар, алтын, мал, кыймылсыз мүлк. Бирок кандай болсо да акчага бачым айлана турган нерселерди кароо абзел.

Рублдин арзандашы КР экономикасына жана сомго кандай таасир этет? Саресеп

Негизги кеңештердин бири — бул диверсификация. Шарттуу айтканда, бир продукуга эле болгон акчаны сала берген болбойт. Диверсификациянын түрү көп. Эгер салымдар тууралуу айта турган болсок, анда бул ар башка банк, валюта, ал эми кеңири мааниде, бул шарттуу түрдө — облигация жана аманат.

Өлкөнүн башкы банкири топтогон тыйыныңызда үчкө бөлүп: экөөнү сом жана доллар түрүндө банкка салып, үчүнчү бөлүгүн алтын куймаларын сатып алууга кеңеш берет. Бирөөндө баарын кармоо кооптуу.

"Өз "портфелиңизди" дайым диверсифицикациялоого болот. Сом, доллар же алтын түрүндө гана сактоо — натуура жол", — деп түшүндүрөт Абдыгулов.

Денежные купюры
© Sputnik / Владимир Трефилов
Акча топтоонун эң кеңири таралганы — банктык аманаттар

Кыргызстандыктар акчаларын кандай кармайт?

Калк жалпысынан канча каражат үнөмдөп топтоорун аныктоо кыйын экенин белгилейт Улуттук банк. Бирок накталай акча көлөмүн карасак болот.

"2020-жылдын 30-июлуна карата банктар тышындагы накталай акча көлөмү 120,6 миллиард сомду түзгөн. Жыл башында бул көрсөткүч 96 миллиарддын деңгээлинде эле. Мындай өзгөрүү карантиндик жана чектөө чараларынан улам калктын накталай каражатка талабынын өскөнүнө байланыштуу", — дешти банктагылар.

Жеке жактардын банктардагы аманат жана эсептери июндун аягында 89 миллиард сомду (мөөнөттүү аманаттарда – 47 миллиард) түзгөн. Жалпысынан кандайдыр бир каржылык коопсуздук жаздыкчасы кеңири жайыла баштаганын айтсак болмок. Бирок анткен менен жеке жактардын 4 миллион гана салымы бар, алардын ичинен 122си мөөнөттүү.

"Каржылык жаздыкча жаратуу ыкмасы элге кеңири таралбаганын каржылык ортомчулардын кызматтары аркылуу бүтүм чыгарууга болот", — деп эсептейт Улуттук банктагылар.

Өлкөнүн башкы банкы белгилегендей, кыргыздар көчмөн калк катары жана экономиканын айыл чарба багытынан улам, айрыкча, аймактарда топтогон акчасына мал сатып алып коет.

Бюджеттик чыгым 10,3 млрд сомго кыскарат. Капчыгы жукарчулардын тизмеси

Ошондой эле тыйын топтоонун эффективдүү жана заманбап түрлөрү да арбын, маселен, баалуу кагаздарга инвестиция (акциялар, облигациялар), алтын жана баалуу материалдар, кыймылсыз мүлк же кирешенин альтернативдик булактарын (ишкерлик) да карап чыгууга болот.

"Пандемия каатчылык адамдардын каржылык абалына жана алардын азык-түлүк коопсуздугуна терс таасир этерин көрсөттү. Ошондон улам каржылык коопсуздук жаздыкчасын түзүп алуу бүгүн актуалдуу жана аны өрчүтүү абзел", — дейт Улуттук банктагылар.

Бул багытта иш жүрүүдө. Улуттук банк 2016-2020-жылдарга Калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын негизги координатору болуп саналат.

Акча топтоо боюнча кеңештер

Бул багытта эксперттердин кеп-кеңеши мол. Бирок сиздерге маанилүүсүн, ошондой эле өзүмдүн жана досторумдун жеке тажрыйбаларынан кошумчалайын:

  • Чыгымдардын эсебин жүргүзүү керек. Бир айлык мониторинг болбогон нерселерге, кофе жана байкалбаган чыгымдарга бир нече миң сом кетерин көрсөттү. Мына, сиздерге акча үнөмдөөнү баштоонун бир жолу;
  • Кошумча айлык издөө же иштеген жериңизде маянаны жогорулатууга тырышуу зарыл. Чыгымдарды гана азайтууга умтулбастан, кирешени да жогорулатуунун жолун издөө керек;
  • Кирешенин 10 пайызынан кем эмес бөлүгүн топтоо. Албетте, жылдык запасты жыйноого 10 жыл керектелет. Ошондуктан мүмкүнчүлүккө жараша улам топтой берген оң. Ушунун эле аркасынан түшүп алган да болбойт, анткени акча үнөмдөйм деп ачка-ток калып жүрүп зыян тартып калышыңыз ыктымал. Баары чеги менен болгону жакшы;
  • Биринчи кезекте каржылык коопсуздук жаздыкчасын толуктоо абзел. Менин биринчи жана үчүнчү депозитим бирдей болду. Бирок биринчисин толуктоого эки жыл, ал эми үчүнчүсүнө сегиз айдай убакыт кеткен. Ыкмасы гана ар башка эле. Биринчи учурда карызымдан кутулуп, ата-энеме берип, өзүм каалаган нерселерди сатып алып, кийин калган акчаны которуу ушунчалык оор болгон. Ошол себептен, аманат сарамжалдуу болгондо гана толукталчу. Экинчисинде аны толуктамайынча бир тыйын да коротчу эмесмин. Мындай учурларда эксперттер "адегенде өзүңө төлө" деп калышат.

Албетте, акча топтоо же топтобой коюу өзүңүзгө гана жараша. Бакыт акчада болбогону менен колуңуздагы каражат бактысыздыктан качууга жана анын кесепеттерин жумшартууга көмөкчү болот.

675
Белгилер:
айлык-акы, киреше, чыгым, топтоо, каражат, акча
Тема боюнча
Кыргызстанда алтын менен акча табууга болобу? Кеңири саресеп
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова

Кенжематова: пандемия ички туризмдин өнүгүшүнө жакшы таасир тийгизди

13
(жаңыланган 15:55 16.05.2021)
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова туризмди быйыл 40-50 пайызга жандандыруу пландалып жатканын маалымдады.

Пандемия жалпы туризмди оор жагдайга кептегени менен ички туризмдин өрчүшүнө жакшы таасирин тийгизди. Бул тууралуу Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Кенжематова: пандемия ички туризмдин өнүгүшүнө жакшы таасир тийгизди

Анын айтымында, аталган тармакты кайрадан калыбына келтирүү үчүн тийиштүү аракеттер көрүлүүдө.

"Өлкөдө туризм жакшы темп менен өнүгүп жаткан. Тилекке каршы, 2020-жылдагы пандемиядан улам аталган тармак татаал жагдайга туш болду. Ошого карабастан бул көрүнүш ички туризмдин өнүгүшүнө жакшы түрткү берди. 2019-жылдын жыйынтыгы менен туризмдин экономикадагы үлүшү 5,2 пайыз болсо, 2020-жылдын жыйынтыгы менен 3,2 пайызга түшүп кетти. Учурда туризмди жандандыруу, кайра калыбына келтирүү үчүн аракеттер көрүлүүдө. Быйыл жайкы туризмди өткөрүү үчүн тийиштүү иш-чаралардын планы өкмөткө берилди. Өткөн жылга салыштырмалуу 40-50 пайызга калыбына келтире алабыз деген пландар бар. Учурда аба каттамы менен туристтер өлкөгө келе алат. Бирок автоунаа менен 33 гана мамлекеттен келүүгө мүмкүндүк бар. Ошону абалга жараша ыңгайлаштырып, туристтик пакет сунуштоо боюнча аракеттер көрүлүүдө. Ошондой эле ПРООН менен биргеликте бизнес менен туризмди айкалыштырып, тыгыз иш алып барууну көздөп жатабыз", — деди Кенжематова.

Ал туризмге өлкөдөгү болуп өткөн саясий окуялар дагы өз таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.

13
Белгилер:
Кыял Кенжематова, экономика, пандемия, туризм
Тема боюнча
Шатманов: Кыргызстандын кооз жерлерин онлайн саякаттаса болот
Айыл, токой жана суу чарба министринин орун басары Илич Марсбек уулу

Марсбек уулу: Европада бир уй берген сүттү биз 4-5 уйдан алабыз

23
(жаңыланган 16:04 16.05.2021)
Айыл, токой жана суу чарба министринин орун басары Илич Марсбек уулу өлкөдө соңку 30 жылдын ичинде малдын асылдуулугу абдан начарлап кеткенин белгиледи.

Европада бир уй берген сүттү биз төрт-беш уйдан алабыз. Бул тууралуу Илич Марсбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Марсбек уулу: Европада бир уй берген сүттү биз 4-5 уйдан алабыз

Анын айтымында, малдын сапатына эмес санына маани берүү жайыттардын деградация болуусуна себеп болду.

"Союз тараган учурда ири мүйүздүү малдын саны 1 миллион 200 миңдин тегерегинде болгон. Мунун беш пайызы асыл тукум, 95 пайызы асылдандырылган мал болчу. Учурда малдын жалпы саны өсүп, 1 миллион 715 миң башка жетти. Бирок анын 0,8 пайызы гана асыл тукум. Майда жандыктарда деле ушул көрүнүш. Алсак 90-жылдары 5,5 пайыз асыл тукум болсо, 94,5 пайызы асыл тукум курамы менен болгон. Башкача айтканда, аралаш десек болот. Бүгүнкү күндө кой, эчкинин бир пайызы гана асыл тукум болуп саналат. Жылкыны ала турган болсок, болжол менен ушул эле көрсөткүч. Союз таркаган учурда бир уй жылына үч миң литр сүт берсе, бүгүнкү күндө эки миң литрдей сүт алынат. Дүйнөлүк стандартта бул көрсөткүч 6000 литр. Европада 8 000 литрге жеткиришти. Башкача айтканда, Европада бир уй берген сүттү биз 4-5 уйдан алабыз. Бул малдын саны кыйла өскөнү менен сапаты бир топ начарлап кеткенин билдирет. Натыйжада жайыттар жетишсиз болуп, деградация боло баштады. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, экспортту көбөйтүү үчүн малды асылдандыруу жаатында иш алып баруу зарыл. Ошондуктан өлкөнүн ар бир аймагынын климат шартына ыңгайлуу тукумдарды фермерлерге сунуштап, ошол багытта иш алып баргандарга колдоону күчөтүү мерчемделүүдө", — деди Марсбек уулу.

Ошондой эле ал бул багытта окумуштуулар изилдөөлөрдү жүргүзүп, өз сунуштарын бергенин кошумчалады.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:

23
Белгилер:
Илич Марсбек уулу, жайыт, айыл чарба, мал, асыл тукум
Тема боюнча
Гиссардан чоң, эки миллион сомдук "Арашан" койлору. Новопокровкада тартылган видео
Армениянын чек арасын жанындагы талкаланган шаар. Архив

Армениядагы чек ара жаңжалы: ЖККУ кийлигишер кезби?

0
(жаңыланган 23:29 16.05.2021)
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин аймагындагы улам чыгып калып жаткан чек ара жаңжалы – чоң согуштун тутанышына себеп эмес.

Бул өңдүү көйгөйлөр эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү, дипломатиялык жөнгө салууну, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Европа коопсуздук кызматташтык уюму (ЕККУ), Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюму (ЖККУ) же Түндүк атлантикалык келишим уюмунун (НАТО) потенциалын пайдаланбастан кадыресе делимитация же демаркацияны талап кылат. Ушундай ойду карманган аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар Армениядагы абалга токтолгон.

Армения Республикасынын Сүник облусундагы ок атуусуз чек ара жаңжалы чындап технологиялык мүнөздө, ошондуктан саясий билдирүүлөр менен кырдаалды жасалма түрдө козутууга болбойт.

Армениянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 12-майда таң эрте: "Азербайжандын Куралдуу күчтөрү "чек араны тактоо" шылтоосу менен чек ара тилкелеринин биринде иштерди жүргүзүүгө аракет кылышкан. Армениялык күч бөлүктөрү тарабынан көрүлгөн чаралардан соң азербайжандык аскерлер бул ишти токтотушкан". Ошондон кийин дароо жагдайды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр башталган.

Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян Сүник облусундагы абалга байланыштуу ЖККУга расмий кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алганын маалымдады. Андан мурунку күнү эле ал Азербайжан аскердик күчтөрү 12-майда чек арадан өтүп, Кара көлдү курчоо аракетинде армениялык аймакка 3,5 чакырым аралык кирип келгендигин билдирген.

Бул боюнча Азербайжан тарап да үн катпай койгон жок. "2020-жылдын 10-ноябрында кол коюлган үч тараптуу билдирүүгө ылайык, аба ырайынын жакшырышы менен азербайжандык чек ара күчтөрү Армения менен чектешкен татаал тоолуу рельеф жана климаттык шарттары бар Лачин жана Көлбажар райондорунда Азербайжан позициясында жайгаштырылат. Процесс кадимки режимде жана системалуу жүргүзүлүүдө", — деп айтылган Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян теледеги мурдагы күнкү маегинде: "Армениянын аймагынан азербайжандык аскерлерди али чыгарта албадык. Коопсуздук кеңешинин жыйынында биз ЖККУга кайрылууну чечип, бул процессти баштадык".

ЖККУдагылар Армениянын Сүник облусунун чек арага жакын райондорундагы абалдын өнүгүшүнө кылдат көз салууда. Ошону менен бирге эле: "Жагдайга жараша зарылдыгы чыкса Жамааттык коопсуздук боюнча келишимдин жана ЖККУнун Уставынын жоболорунда каралган чаралар көрүлөт".

Азербайжан Тышкы иштер министрлиги 13-майда аталган аймактагы жалпы көрүнүштү мындайча сүрөттөдү: "Көз карандысыздыкты калыптандыргандан бери эки мамлекет белгилүү себептер менен мамлекеттик чек араларга ээ болгон эмес. Биз ушул тапта тараптардын ортосундагы келишпестик менен коштолгон татаал техникалык процесс жөнүндө кеп кылып турабыз". Бул билдирүүлөрдө согуштан кийинки чек аралар агрессияга алдыруу (ок атуулар) же Азербайжандын Арменияга карата кандайдыр бир территориялык дооматтары байкалбайт.

Технологиялык келишпестиктер – маанисиз деңгээлге чейин жеткирилбесе эле кадыресе процесс. 1991-жылы КМШ өлкөлөрүндө чек ара боюнча талаш маселелер ар кыл даражадагы ийгилик менен чечилип келген. Ошентсе да "талаш" маселелер кескин геосаясий кыймылдар жана кан төгүүгө арзыбайт. Бүгүнкү күндө Баку же Ереванда көйгөйдүн булагын издөөнүн кереги жок. Кавказдагы бул көйгөйдүн түбү Россия империясын СССРге трансформациялоонун жүрүшүнө барып такалат. Процесс саясий болуп саналат, советтик республикалардын чийилген чек аралары көбүнесе шарттуу жана мурдатан эле талаштуу. Россиянын революцияга чейинки "монолиттик" картасында улуттук республикалар болгон эмес, өлкө административдик жактан губерния жана облустарга бөлүнгөн. Тургундардын баары россиялык букаралыкка гана ээ болушкан.

Ырбаган учурларды мисал келтирүү үчүн өткөнгө терең үңүлүүнүн деле кереги жок. Жакындагы эле Тажикстан менен чек ара жаңжалынан улам Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөлөрү 11-майда өз өлкөсүн ЖККУга катышууну кайра карап чыгууну сунуштаганы маалым. Дүйнөдө ушул жааттагы тажрыйбаларды карап көрсөк, НАТОдо Греция менен Түркиянын чек ара маселелери улам көтөрүлөт, бирок атлантикалык альянс тигил же бул тарапты бомбалоого белсенбейт. Эч кимиси НАТОдон чыгып кетүүгө кам урбайт.

Кавказда жагдай жеңил эмес. Армения – ЖККУга мүчө, Азербайжан бул уюмга кирбейт. Ошентсе да Баку менен Еревандын чек ара боюнча бул (бир да ок атылбаган) талаш кырдаалында жаңжалдашкан тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн улам (Россиянын катышуусундагы) агрессия, аннексия тууралуу катуу кыйкырып, анан да ЖККУ боюнча союздаштарына дээрлик шантаж кылуу натуура.

Азыр Арменияны эч ким аскердик кол салуу менен коркуткан жери жок. Россиялык чек арачылар макулдашууларга ылайык Сүник облусундагы автожолдун көйгөйлүү тилкелериндеги (Горис – Давид Бек жана Горис – Капан) кыймылдын коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыздоодо. Азербайжандык күчтөрдүн бул багытта кандайдыр бир өтүп кетишин элестетүү да дээрлик мүмкүн эмес.

Мурдараак Армения ТИМи Ереван менен Баку россиялык чек арачылар жайгашканга чейин мурда таанылбаган Тоолуу Карабах республикасына кирген жана Армения менен чектешкен бир катар аймактардын Азербайжандын карамагына өткөндөн кийинки чек ара тилкелерин демаркациялоо үчүн убактылуу аскердик позицияларды жайгаштырууну такташышкан.

Демаркациялоо жүрүп жатат. Чиеленишкен чек ара маселелери оор чечилет, уй мүйүз тарта отуруп сүйлөшүү менен кылдат жөнгө салууну, кыйла интеллектуалдык аракеттерди талап кылат. Кара көлдөгү абалды жөнгө салуу үчүн дүрбөлөңгө салган билдирүүлөрдүн да, ЖККУнун күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен күч операцияларынын да түк  кереги жок.

Жамааттык коопсуздук келишимдин 2-беренесине ылайык: "Мамлекет-катышуучулар алардын кызыкчылыгына тиешелүү эл аралык коопсуздуктун бардык маанилүү маселелери боюнча бири-бири менен кеңешип, позицияларын макулдашышат.

Катышуучу мамлекеттердин биринин же бир нечесинин коопсуздугуна, территориялык бүтүндүгүнө жана суверенитетине коркунуч туулса же эл аралык тынчтыкка кооптуулук жаралса, мамлекет-катышуучулар өз позицияларын координациялоо жана коркунучту жоюуга чара көрүү максатында биргелешкен консультациялар механизмин кечиктирбестен кыймылга келтирет".

Чек араны демаркациялоо жагдайында эл аралык же Армениянын тынчтыгына реалдуу кооптуулук туулган жок. Андай эмес деп далилдөө (ЖККУнун консультацияларында жана бөлөк сүйлөшүү аянтчаларында) кыйын болот.

БУУнун аныктамасына ылайык, "бир мамлекет тарабынан башка бир өлкөнүн суверенитетине, территориялык кол тийбестигине же саясий көз карандысыздыгына каршы куралдуу күч колдонуу" агрессия болуп саналат. БУУнун Коопсуздук кеңеши да Сүник облусундагы Азербайжан агрессиясын байкаганы жок.

0
Белгилер:
ЖККУ, Жаңжал, чек ара, Армения
Тема боюнча
Америкалыктар Россияга "афган бомбасын" таштаганы турабы?