Кумтөр Голд Компани ишканасы. Архив

9 млрд. сом салык төлөгөн эмес. "Кумтөрдүн" Финполдун айыптоосуна комментарийи

1061
(жаңыланган 13:14 27.10.2020)
Компания Салык кызматы жана Социалдык фонддун кызматтагы адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алганы белгиленген.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. "Кумтөр Голд Компани" ишканасы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) тарабынан эч кандай билдирүү алган эмес. Бул туурасында компаниянын маалымат кызматынын жетекчиси Марина Гаврилова билдирди.

Финпол бүгүн алтын казуучу "К.Г.К." жабык акционердик коому бюджетке 9 миллиард сомдон ашык зыян келтиргени аныкталганын жарыялады. Ага ылайык, компания Салык кызматы жана Социалдык фонддун кызматтагы адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн толук төлөбөй келген.

Буга байланыштуу "К.Г.К." деген аббревиатура менен жазылган "Кумтөр Голд Компани" гана бар экени айтылып жатат.

Садыр Жапаров: "Кумтөрдү" мамлекетке алайын деген оюм жок

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен катталды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

1061
Белгилер:
компания, финансы полициясы, Кумтөр, салык
Тема боюнча
Финпол: тез жардам унааларын 1 млн. долларга кымбат алгандарга иш козголду
УКМК: коррупциялык иштерге күбө болгондор үчүн ишеним телефондор иштей баштады
Куруу иштери. Архивдик сүрөт

Баткенде фитосанитардык лабораториянын курулушу башталды

49
(жаңыланган 12:04 24.11.2020)
Имаратты куруунун сметалык баасы 10 миллион 650 миң сомду түзөт. Курулуш иштери 2021-жылдын апрель айында бүтө турганы пландалууда.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Баткен шаарында өсүмдүктөрдүн карантиндик лабораториясын куруу үчүн капсула салынды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министр Тилек Токтогазиев жана Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов катышты.

"Бул лаборатория зыяндуу организмдерди аныктоого, товар өндүрүүгө түздөн-түз таасир этиши мүмкүн болгон оорулардын өсүшүн жана жайылышын алдын алууга мүмкүндүк берет. Лаборатория ата мекендик жана импорттук материалдардын үлгүлөрүн экспертизадан өткөрөт. Бул ишкерлердин жүгүн бир топ жеңилдетет, анткени азыр бардык продукциялар Ош шаарына экспертизага жөнөтүлүшү керек болуп турат", — деди Токтогазиев.

Имаратты куруунун сметалык баасы 10 миллион 650 миң сомду түзөт. Курулуш иштери 2021-жылдын апрель айында бүтөт деп пландалууда.

Жаңы имарат лабораториялык бөлмөлөрдү, окуу бөлмөлөрүн жана жумушчу бөлмөлөрдү камтыйт.

Бүгүнкү күндө республика боюнча Бишкек, Ош шаарларында, Талас, Ысык-Көл облустарында төрт лаборатория бар. Нарын облусунда лаборатория пайдаланууга жаңыдан берилүүдө. Ал эми Жалал-Абад облусуна фитосанитардык лабораторияны 2021-жылы куруу пландалууда.

49
Белгилер:
курулуш, лаборатория, Баткен, Кыргызстан
Тема боюнча
ДССУ өлкө лабораторияларына мите куртту аныктаган микроскопторду берди
Бишкектин базарларында өтө кооптуу ооруларга акысыз тест өткөрүлө баштады
Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев. Архивдик сүрөт

Жапыкеев: бизнести кысымга алган Финполдун кызматкерлерине катуу чара көрүлөт

242
(жаңыланган 10:16 24.11.2020)
Финполдун төрагасы кызматкердин негизги милдети бизнести коргоо жана мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын камсыз кылуу экенин белгилеген.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Финансы полициясынын жетекчилиги өз ишинде тажрыйбасыздыгын көрсөткөн кызматкерлерге карата катаал чараларды колдонот. Бул туурасында аталган органдын төрагасы Сыймык Жапыкеев ыкчам кеңешменин жүрүшүндө билдирген.

Ал Финполдун негизги милдети бизнести коргоо жана мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын камсыз кылуу экенин белгиледи.

"Кара ниет, коррупциялашкан аткаминерлердин бизнеске кысым көрсөткөн факторлорун жок кылуу керек. Фискалдык органдардын ашыкча активдүүлүгү мамлекеттин ишкердик климатына ушундай оор мезгилде тоскоол болууда. Финансы полициясы негизсиз куугунтуктоо фактыларын кылдат тергеш керек. Инвестор үчүн эң башкысы — бийликтин чынчылдыгы жана калыстыгы", — деди Жапыкеев.

Ошондой эле ал эгерде кызматкерлеринин мыйзамсыз жүрүм-туруму же бизнеске кысым көрсөткөндүгү жөнүндө маалымат жетип калса, жумуштан бошотууга чейинки эң катаал чаралар көрүлөрүн эскерткен.

Муну менен бирге жетекчи бөлүм башчыларга элди жана ишкерлерди үзгүлтүксүз кабыл алып көйгөйүн угуу тапшырмасын бергени айтылат.

242
Белгилер:
кызматкер, финансы полициясы, Сыймык Жапыкеев
Тема боюнча
23 млн. доллар... Финпол кылмыштуу кирешени адалдаган схеманы аныктады
Сыймык Жапыкеев: Финпол ишкерлер менен ачык диалогго даяр

Антонина Шевченконун учакты башкарып, асманда калкыган видеосу

0
UFC уюмунун кыргызстандык мушкери Антонина Шевченко бир моторлуу учакты өзү баштарып, чакан авиациядагы жолу тууралуу кеп кылган берүү даярдалды.

"Путь Пилота" YouTube каналына "Пантера" каймана аты бар мушкер кыздын чакан авиациядагы жолу, өзү сатып алган учагы жана кантип учкуч болуп калгандыгы тууралуу айтып берди.

Спортчунун айтымында, ага учкуч болуу идеясы келгенине көп болгон. Бирок ал кыялын ишке ашырууну АКШга барганда көздөй баштаган. Былтыр февраль айында Лас-Вегас шаарында учкучтар мектебине барган. Алгачкы ирет сентябрь айында өз алдынча учуп, декабрда жеке учкучтун сертификатын алган.

Антонина Шевченко — UFC уюмунун кыргызстандык мушкери, белгилүү спортчу Валентина Шевченконун бир тууганы.

0
Белгилер:
Берүү, видео, Учкуч, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Майянын кашын жарып салды. Шевченко чемпиондугун коргогон беттештин видеосу