БУУнун Азык-түлүк уюму Айыл чарба министрлигиндеги өзгөрүүлөрдү колдоого даяр

© Фото / пресс-служба минсельхоза КРАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Аднан Куреши менен жолугушу
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Аднан Куреши менен жолугушу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда балык уулоо, дыйкандарды консолидациялоо жана тармакты санариптештирүү жаатында ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу маселеси сүйлөшүлдү.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Аднан Куреши менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда балык уулоо, дыйкандарды консолидациялоо жана тармакты санариптештирүү жаатында ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу маселеси сүйлөшүлдү.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Аднан Куреши министрди кызмат орду менен куттуктап, министрликтеги өзгөрүүлөрдү колдоого даяр экендигин айтты.

"Бул кызматта сизди көрүү абдан сонун, эми тыгыз кызматташабыз деп ишенем. Силердин артыкчылыктуу багыттарыңарды толугу менен колдойбуз жана министрликте натыйжалуу реформаларды ишке ашырууда стратегиялык өнөктөш болгубуз келет. Көңүлүңүздү дыйкандарга буруп жаткандыгыңыз жана жигердүү инновациялоого даяр экендигиңиз кубандырат", — деди Куреши.

Министр: ЕАЭБ өлкөлөрү бир катар товарлардын экспортун көбөйттү

Жолугушуунун аягында айыл чарба министри БУУнун 75 жылдыгы жана Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнү менен куттуктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0