Жапаров: Кыргызстанда бир гана тармак жабыркаган жок

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Садыр Жапаров. Архив
Премьер-министр Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИДПнын тогуз айдагы көлөмү 400,2 миллиард сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле убактысына салыштырмалуу алты пайызга төмөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгына караганда, айыл чарба тармагында гана өсүш болгон. Калган тармактар артка кеткен. Бул тууралуу Садыр Жапаров өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ИДПнын тогуз айдагы көлөмү 400,2 миллиард сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле убактысына салыштырмалуу алты пайызга төмөн.

"Айыл чарба тармагы 102,1 пайызды түздү. Калгандарынын бардыгы азайган. Мисалы, өнөр жай 1,9, курулуш 7,7 жана кызмат көрсөтүү тармагы 9,8 пайызга кыскарган", — деди Жапаров.

Өлкө бюджетинин дефицити дагы 8 млрд. сомго көбөйдү

Ал ошондой эле инфляция 2,9 пайызды түзгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0