Новиков: товар өткөрүү маселесин Кытай менен эмки жумада сүйлөшөбүз

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи вице-премьер Артем Новиков
Биринчи вице-премьер Артем Новиков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, ишкерлер "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуларында товар өткөрүү боюнча чоң көйгөй жаралып жатканын айтып, өкмөттөн маселени чечип берүүсүн суранган.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Келерки жуманын аягына чейин Кытай тарап менен товар ташуудагы тоскоолдуктар боюнча кеңири сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн онлайн-брифинг учурунда биринчи вице-премьер Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, Кытай менен буга чейин деле Тышкы иштер министрлиги, Бажы кызматы жана облус жетекчилигинин деңгээлинде сүйлөшүүлөр болгон.

Кыргызстан малдын 800 тонна ичеги-карынын чет өлкөгө сатты

"Кыргыз-кытай чек арасында товар өткөрүү боюнча көйгөйлөргө коронавирус инфекциясынан сактануу чаралары себеп болууда. Маселени бир гана кыргыз тарап чече албайт, Кытай Эл Республикасы менен дагы деле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүбүз керек. Кеңейтилген форматтагы консультациялар келе жаткан аптанын аягына чейин жүргүзүлөт. Анда көптөгөн маселелер чечилип калат деп ишенебиз", — деди Новиков.

Эске салсак, "Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү тармактары" ассоциациясынын президенти Дамира Дооталиева өткөн аптада өкмөттү Кытайдан товар ташуу боюнча көйгөйдү тез арада чечип берүүгө чакырган. Анын айтымында, буга чейин "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуларында суткасына 300дөй жүк ташуучу унаа өтчү. Учурда бештен ашпаган авто араң өтүп жатат, себеби түшүнүксүз. Мындан улам ишкерлер бир топ көйгөйлөргө кептелүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0