КРде мамлекеттик программа аркылуу ишкерлер 3,7 млрд. сом насыя алышты

Жазылуу
Кредиттин максаты — коронавирус тараган шартта экономикалык жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирүү, ишкердик субъектилерге колдоо көрсөтүү.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. "Ишкердик субъектилерди каржылоо" мамлекеттик программасынын алкагында өлкө боюнча 2,3 миң ишкер жалпысынан 3 миллиард 7 миллион сом насыя алышты. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Кредиттин максаты — коронавирус тараган шартта экономикалык жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирүү, ишкердик субъектилерге колдоо көрсөтүү.

КРде балдар жакырчылыкка кабылышы мүмкүн. COVID-19дун экономикалык кесепети

Программаны ишке ашырууга Финансы министрлиги тарабынан коммерциялык банктарга 3 миллиард 794 миллион 400 миң сом берилген.

Кредит алгандардын саны боюнча Жалал-Абад облусу биринчи орунда турат. Бул аймакта 502 ишкер финансылык колдоо алган. Экинчи орунда Чүй облусу (468 киши), үчүнчүнү Ысык-Көл облусу (325) ээледи.

Эң аз насыя (60 киши) Ош шаарында алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0