Акча жана Кыргызстандын желеги. Архивдик сүрөт

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу карыз төлөөдө 35 млрд. сом сарпташы мүмкүн

275
(жаңыланган 15:42 03.11.2020)
Кыргызстан буга чейин мамлекеттик карызын тейлөөгө жылына 28 миллиард сомдон ашык акча коротчу эмес. Быйыл бул көрсөткүч 35 миллиардга жетти.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Келерки жылдын бюджет долбооруна караганда, Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө 35 миллиард 349,9 миллион сом сарптайт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн.

Анын ичинен дээрлик 20 миллиарды тышкы карызга кетмекчи.

Белгилей кетсек, бул эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу карызды тейлөөгө ушунча ири каражат сарпталып жатат. Графикада көрүнүп тургандай, буга чейин бир да жолу мамлекеттик карызды тейлөөгө 28 миллиард сомдон ашык акча кеткен эмес. Мында 2005-жылдан берки маалымат көрсөтүлгөн. Ага чейин Кыргызстан карызына кетирген акчалардын көлөмү өтө эле аз болчу.

Бишкекте ижарачылар мэрияга 380 млн. сом карыз

Баса, буга чейин дүйнөдө түзүлгөн абалга байланыштуу Кыргызстан чет элдик донорлордон алган карызынын төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашуулар болгон. Андыктан азыр кайсы бир сумманы так кесе айтууга эрте.

Өлкөнүн ички жана сырткы карызы азыркы тапта 4,8 миллиард доллар (378 миллиард сом).

275
Белгилер:
каражат, тейлөө, карыз, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандын алтын валюта резерви 76,6 млн. долларга азайды
Портфель менен киши. Архив

Беш кредитор Кыргызстандын карызын төлөө мөөнөтүн жылдырып берди. Тизме

268
(жаңыланган 23:57 27.11.2020)
Өлкө бийлиги тышкы карызды тейлөө боюнча бир катар мамлекеттер менен мөөнөттү жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы карызын тейлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш мамлекет менен макулдашуулар болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Финансы министрлигинен билдиришти.

"Бүгүнкү күндө нөл пайыздык чен менен карыздарды төлөп берүү мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш кредитор менен макулдаштык. Алар: БАЭ, Сауд Аравиясы, Германия (KfW, Euler Hermes) жана Түркия”, — деп айтылат билдирүүдө.

Пролонгация кылынган каражаттын көлөмү 51 миллион долларга жетти. Аны мамлекет төрт жылдын ичинде кутулушу керек.

Дагы алты кредитор, анын ичинен Париж клубунун мүчөлөрү (Франция, Дания, Түштүк Корея, Япония) менен дагы сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Эске салсак, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,8 миллиард доллардан жогору. Анын ичинен дээрлик 4,2 миллиарды тышкы карызга туура келет.

268
Белгилер:
Тышкы карыз, Финансы министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
КР экономикасын 2021-жылы эмне күтүп турат? ЕАБРдин сценарийи
Кытай карыз төлөө мөөнөтүн узартууга макул болуп, кошумча 3 млрд. сом сурады
Министрлик тышкы карызды төлөөнүн жолун айтып, ачылган эсепти жарыялады
Россия рубли. Архив

Күтүүсүз кымбаттоо. Рублдин мындан аркы бекемделиши болжолдонууда

429
Ноябрда рубль күтүүсүз жерден долларга карата беш пайызга кымбаттап кетти. Мындай кескин бурулуш он жылдан бери боло элек болчу.

Россиялык валютанын куну түшүп кетүүсүн Швейцария банкынын аналитиктери убактылуу деп эсептешүүдө. Вакциналар жана улам кымбаттап бара жаткан нефть рублдин баасын калыбына келтирүүгө шарт түзөрү айтылып келет. Аталган акча бирдигинин абалына РИА Новости баам салган.

Наркы жогорулап кетти

АКШда өтчү шайлоонун алдында рублдин куну түшүп кетип, бул окуяга байланышкан негативдин баары билинбей калды. Андан кийин долларды артка таштап кайра кымбаттап кетти. Ири банктар буга чейин эле Байдендин келиши менен америкалык валюта эч жакшылык көрбөй турганын саймедиреп келишкен.

Рубль үчүн быйылкы ноябрь ар кыл болду. 2010-жылдан 2019-жылга чейин бул айда рубль, тескерисинче, орто эсеп менен үч пайызга арзандап калчу. Быйыл баасы беш пайызга жогорулап кетти.

Буга Pfizer жана Moderna вакциналарынын жогорку эффективдүүлүгү тууралуу жаңылыктар негиз болду. Инвесторлор күүлөнүп-күчтөнүп, нефтинин баасы өстү. Brent үлгүсүнүн бир баррели марттан бери 48 долларга көбөйдү. Мындан улам инвесторлордун тобокелчилиги жогору болгон активдерге табити "ачылып" кетти. Мында көбүнесе тезирээк калыбына келе турган баалуу кагаздар менен өнүккөн өлкөлөрдүн валюталары тууралуу сөз болууда. Алардын арасында рубль да бар экенин QBF аналитиги Ксения Лапшина билдирди.

"Нефтинин баррели 45-50 доллар болуп турган чакта курс бир бочкасына 3,5 миң рублден тарта коюлат. Башкача айтканда, 70-77 килограмм. Демек, ушу тапта рубль тең чамалаш болуп турган абалга жакын", — деди ал.

Рублдин кадырын билбей жатышат

Россиялык валюта Чыгыш Европадагы эң алсыз акча болуп калганын Швейцариянын Credit Suisse банкынын аналитиктери коронавирус пандемиясынын кесепеттерин талдап жатып айтышты. Январдан бери рубль долларга карата 19 пайызга арзандап кеткен.

Банк эксперттеринин айтымында, буга өлкөдөн капиталдын чыгышы, акча сактоо структурасынын өзгөрүшү, башкача айтканда, банк депозиттеринен каражаттын агымы башкы себеп болгон. Анан, албетте, геосаясат. Навальный окуясы, Беларустагы шайлоо, Тоолуу Карабах чыры да терс салымын кошту.

Бирок ошол эле Credit Suisse банкы негативдүү факторлордун баары убактылуу экенин белгиледи. Экономикалык өсүү, жүрүп жаткан операциялардын эсеби жана реалдуу пайыздык коюмдар сыяктуу негизги көрсөткүчтөр боюнча алып караганда рублдин баа-баркы кадимкидей эле. Геосаясий жактан күтүүсүз окуялар болуп кетпесе рубль долларга карата 70-72нин тегерегинде болуп курсу бекемдей берери божомолдонду.

Custodian инвестициялык компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Андрей Плотников жыл аягына чейин бир доллар 73-74 рубль болору күтүлүп жатканын айтты.

"Рубль сырье валютасы катары рынок нефтисиндеги суроо-талаптын калыптанышына карата бекемделе берет. Вакцина багытындагы ийгиликтер тууралуу жаңылыктардын фонунда активдердин баасы өсө турганы айгине болуп калды. Рублдин жыл аягына чейин үч-беш пайызга кымбатташын болжолдоп жатабыз", — деди GB CLUB инвестициялык клубунун негиздөөчүлөрүнүн бири Хачатур Гукасян.

Ал эми Евразиялык өнүктүрүү банкынын божомолу бир аз башкачараак. Рубль арзан бойдон калууда, бирок анын күчтөнүшү үчүн мейкиндик чектелүү дейт банктын өкүлү Алексей Кузнецов.

Ак барактан

Аналитиктердин көбү 2021-жылдын биринчи кварталында эле нефтинин бир баррели 55-60 долларга көтөрүлөт деп айтууда, дал ушул убакытта массалык вакцинация башталат. Демек, бул маалда бир доллар 71-73 рубль болуп калышы толук ыктымал.

Mitsubishi UFJ Financial Group (MUFG) божомолу боюнча нефтинин кымбатташы менен доллардын арзандашын биринчи кезекте нефть валюталары колдоого алат, анын эң мыктысы рубль болуп калышы мүмкүн. "Рубль кымбаттоого кызыкдар, ал нефть бааларынан катуу артта калды", — дешти MUFG аналитиктери.

Ал эми долларды айта турган болсок, вакциналарды сыноо процедураларынын аяктап, жапырт колдонула башташы шайын бир топ оодарчудай. Мындай күтүүсүз бүтүмгө АКШнын Citigroup банкынын стратегдери келишкен. Дарылардын натыйжалуулугу дүйнөлүк сооданы жандантат. 2000-жылдардын башындагыдай окуя кайталанат: анда Кытайдын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши глобализацияны тездетип, доллардын баасы түшүп кеткен. Бул көрүнүш бир нече жылга созулган эле.

Азыр алты негизги валютага карата доллардын баасын чагылдырган DXY индекси сентябрдан бери минимум көрсөткүчтө, ага Байдендин келиши жана экономикалык саясаттын өзгөрүүсү таасир этип турат. Goldman Sachs ири инвестициялык банкынын эсеби боюнча азыркы абал эки жыл мурунку минимумга кайтарат. Ал эми Citigroup вакциналардын пайда болушу менен 20 пайызга да төмөндөп кетиши болжолдонууда. Дүйнөлүк валюта үчүн маңдай жарчу кабар эмес.

429
Белгилер:
экономика, аналитика, эксперт, банк, валюта, курс, Рубль, доллар
Тема боюнча
Тыным албай... Улуттук банк ноябрдан бери долларды тогуз жолу сатыкка чыгарды
Медициналык бет капчан фужер кармап турган официант. Архив

Маданият министри таксист менен официанттарды окутуу курсун ачууну сунуштады

0
Туристтерди аэропорттон биринчи болуп тосуп алган жана тейлеген адистерди атайын окутуу демилгеси көтөрүлдү.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков таксисттерди жана коомдук тамактануучу жайларда кардар тейлеген официанттарды окутууну сунуштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Министр туризм бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Тараптар өлкөнүн туризм тармагын, анын ичинде кышкы туризмди калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын шартында пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашканы айтылат.

"Балким, такси айдоочулары үчүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана эл аралык этикеттин нормаларын үйрөтүүнү биргелешип уюштуруу максатка ылайыктыр. Анткени алар чет элдик туристтерди аэропорттон биринчи болуп тосуп алышат. Ошол эле курстарды официанттар жана гиддер үчүн уюштуруу керек. Алардын жүрүм-турум маданиятынын деңгээли жана тейлөө маданияты өлкөнүн, элибиздин биринчи элесин чагылдырат. Чет элдик туристтерди көбүнчө сертификат алган адистер тейлеши керек. Мындай тажрыйба өнүккөн өлкөлөрдө бар", — деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал туризм бизнесинин өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуштар менен идеялар дагы каралып, сөзсүз түрдө иштелип чыгарын белгилеген.

0
Белгилер:
окутуу, тейлөө, таксист, официант, Нуржигит Кадырбеков
Тема боюнча
Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды
Мырзабеков: кышкы туризм дагы кризиске кептелүү коркунучунда