Октябрь айында пландагыдан 1,4 млрд. сомго көбүрөөк салык чогулду

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз сом купюралар жана монеталар. Иллюстративное фото
Кыргыз сом купюралар жана монеталар. Иллюстративное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылдын ушул мезгилине (октябрь айына) салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 839,5 миллион сомго өскөн.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Салык боюнча план октябрда 1,4 миллиард сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Иш жүзүндө өткөн айда жалпысынан 7 миллиард 590,9 миллион сом салык жана төлөмдөр жыйналган. Муну менен белгиленген план 123,4 пайызга аткарылып, 1 миллиард 440 миллион сомго көбүрөөк чогултулду.

Ал эми 2019-жылдын ушул мезгилине (октябрь айына) салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 839,5 миллион сомго өскөн.

100 миллион сомго барабар арак алынды. УКМК бизнестеги коррупцияны аныктады

Жалпысынан ушул жылдын 10 айында 62 миллиард 646,1 миллион сом салык жана төлөмдөр жыйналды.

Жаңылыктар түрмөгү
0