Киши доллар купюраларды санап отурат. Архив

Финансы министрлиги: тышкы карызды төлөө үчүн депозиттик эсеп ачылды

305
(жаңыланган 21:23 05.11.2020)
Июль айындагы статистикага таянсак, өлкөнүн жалпы мамлекеттик карызы 4 миллиард 824 миллион долларды түзөт. Кыргызстан Кытайга эле 1,7 миллиард доллар бересе.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Казынага тышкы карызды төлөгөнгө түшкөн каражаттарды топтоо үчүн Финансы министрлигинин депозиттик эсеби ачылды. Бул тууралуу Sputnik маалымат агенттигине мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Эсеп премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ачылганы белгиленди.

"Ага тышкы карызды төлөп, социалдык маанидеги чыгымдарды жаап, бюджетке колдоо көрсөтүү максатында жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу негизде алынган каражаттар чогултулат", — деп билдирди министрлик.

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров телеканалдардын бирине берген маегинде эсеп ачылгандыгы тууралуу айткан.

Финансы министрлиги депозиттик эсеп тууралуу кененирээк эртең, 6-ноябрда, айтып берүүнү убада кылды. Учурда бул эсепке башка каражаттар дагы которула турганы белгилүү болду.

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу карыз төлөөдө 35 млрд. сом сарпташы мүмкүн

Июль айындагы статистикага таянсак, өлкөнүн жалпы мамлекеттик карызы 4 миллиард 824 миллион долларды түзөт. Анын дээрлик көбү — 4 миллиард 170 миллиону тышкы карыз. Мамлекеттик карыз акыркы айларда өсүп жатат. Май айынын аягында биринчи жолу 4,7 миллиарддык чектен, андан кийин 4,8 миллиард доллардык чектен ашып кеткен. Кыргызстан Кытайга эле 1,7 миллиард доллар карыз.

305
Белгилер:
төлөө, эсеп, карыз, Финансы министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан 2021-жылы карызынын канчасын төлөөгө милдеттүү? Расмий жооп
Киши сом купюраларды кармап турат. Иллюстративдик сүрөт

Эмдиги жылы пенсия канча пайызга көбөйөрү айтылды

203
(жаңыланган 16:50 03.12.2020)
Социалдык фонддун өкүлү депутаттын суроолоруна жооп берип жатып, келерки жылы пенсияны көбөйтүүгө мурдагыларга салыштырмалуу аз каражат каралганын билдирди.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 2021-жылы пенсия 250 сомго жогорулайт. Бул тууралуу парламент жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Гүлнура Жуматаева айтты.

Ал депутат Дастан Бекешевдин суроолоруна жооп берип жатып, келерки жылы пенсияны көбөйтүүгө мурдагыларга салыштырмалуу аз каражат каралганын билдирди.

"Орто эсеп менен пенсиянын камсыздандыруучу бөлүгү беш пайызга көтөрүлөт. Бул болжол менен 250 сомду түзөт. Буга 510 миллион сом сарпталат", — деди Жуматаева.

Ошондой эле ал эмдиги жылы 45 миң кыргызстандык пенсияга чыгарын кошумчалады.

203
Белгилер:
Социалдык фонд, кошумча акы, пенсия, Кыргызстан
Тема боюнча
Мукамбетов: Түштүк Кореядагы мигранттар ошол жактан пенсияга чыга алышат
Жогорку Кеңештин имараты. Архивдик сүрөт

Парламентте Соцфонд бюджетин 2019-жылы кандай сарптаганы каралды

30
(жаңыланган 16:14 03.12.2020)
Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 32,4 миллиард сом түшүп, республикалык бюджеттен милдеттүү түрдө 21,3 миллиард сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышын карап, добуш берүүгө жөнөттү.

Бюджеттин аткарылышы боюнча Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева маалымат берди. Анын айтымында, былтыр Социалдык фонддун кирешеси 53 миллиард 843 миллион сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 2 миллиард 829,3 миллион сомго көбөйгөн.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 32 миллиард 399,4 миллион сом түшүп, план 98 пайызга аткарылды. Ал эми республикалык бюджеттен милдеттүү түрдө 21 миллиард 34 миллион сом бөлүнгөн.

Ошондой эле туумдардан, айыптардан, күнүмдүк калдыктардын пайыздарынан, дивиденддерден жана башка ушул сыяктуу булактардан 404,6 миллион сом киреше алынган.

Ал эми чыгымдары 53 миллиард 506,3 миллион сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 3 миллиард 196,6 миллион сомго көбөйгөн.

"Пенсиялык фондго 49 миллиард 131,7 миллион сом чыгымдалган. 2019-жылы пенсионерлердин саны кескин түрдө өстү. Алсак, үч-төрт жыл мурун 15-16 миң гана пенсионер кошулса, быйыл 20 миңге өсүш болду. Мында 1-октябрдан тарта пенсиянын жогорулатылгандыгын да эске алуу зарыл", — деди Жуматаева.

Ошондой эле жыйында орточо пенсия 5 786 сомду түзгөнү айтылды. Анын ичинде пенсиянын базалык бөлүгү 1 780 сом өлчөмүндө белгиленип, 100 сомго жогорулаган.

Соцфонддун 2019-жылга карата отчётун бекитүү жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

30
Белгилер:
отчет, Социалдык фонд, пенсия
Тема боюнча
Салык кодекси өзгөртүлөт. Новиков 2 айда жаңысын иштеп чыгууга тапшырма берди
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө. Архив

Күрөө тапшырып, 30 миңден ашуун кол чогулткан талапкерлер. Тизме

23
(жаңыланган 00:40 04.12.2020)
Шайлоо күрөөсү менен кол чогултулган кагаздарды тапшыруу мөөнөтү аяктады. БШК текшере турган тизме анык болду.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. 3-декабрь саат 23.59га карата 20 талапкер тийиштүү санда кол чогултуп, шайлоо күрөөсүн тапшырды. Бул тууралуу Боршайком билдирди.

  • Абдил Сегизбаев — 55 480 адамдын колу;
  • Адахан Мадумаров — 39 856;
  • Аймен Касенов — 46 270;
  • Арстанбек Абдылдаев — 47 998;
  • Арстанбек Мыктыбек — 33 083;
  • Бабыржан Төлбаев — 58 029;
  • Бактыбек Калмаматов — 35 300;
  • Жеңишбек Байгуттиев — 51 896;
  • Имамидин Ташов (саны белгисиз);
  • Канатбек Исаев (саны белгисиз);
  • Каныбек Иманалиев (саны белгисиз);
  • Клара Сооронкулова — 33 458;
  • Кубан Чороев — 39 053;
  • Курсан Асанов — 43 864;
  • Равшан Жээнбеков — 39 874;
  • Рашид Тагаев — 40 651;
  • Садыр Жапаров — 59 998;
  • Саматбек Ибраев (саны белгисиз);
  • Улукбек Кочкоров (саны белгисиз);
  • Эльдар Абакиров — 43 630.

Эми бул тизмени Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу текшерет.

Талапкерлер 4-декабрга чейин 30 миңден ашуун кол чогултуп, бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек болчу.

23
Белгилер:
талапкер, БШК, күрөө, кол, тизме, президенттик шайлоо
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы
Онколог, авиатор, сынчы... Ажо болом дегендер кайдан билим алган. Тизме