Казынада каражат аз. 2020-жылдын өзгөртүлгөн бюджеттик долбоору жарыяланды

© Sputnik / Табылды КадырбековБир миң сомдук купюралар жана монеталар. Архив
Бир миң сомдук купюралар жана монеталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сунушталган долбоордо бюджеттин киреше бөлүгү мамлекеттик гранттарды эске алуу менен 137 миллиард 131,4 миллион сом деп белгиленген.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Финансы министрлиги 2020-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун расмий сайтына жарыялады.

Сунушталган долбоордо бюджеттин киреше бөлүгү мамлекеттик гранттарды эске алуу менен 137 миллиард 131,4 миллион сом деп белгиленген. Муну менен июнь айында бекитилген бюджетке салыштырмалуу 1 миллиард 784 миллион сомго азайды. Башкача айтканда, ушул сумма ар кандай себептерге байланыштуу казынага түшпөй калат.

Ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгүн 172 миллиард 744,2 миллион сом деп бекитүү сунушталууда. Ошондо дефициттин суммасы 35,6 миллиард сомго жетүүдө.

Салыктык жыйымдар болсо 96 миллиард 895,7 миллион сомду түзүп, мурдагы пландан 58,3 миллион сомго көбөйөт.

Салыктык эмес кирешелер 27 миллиард 164 миллион сомду түзүп, 1,43 миллиард сомго көп түшөт.

Мындан сырткары, чет өлкөдөн 3 миллиард 423 миллион сом грант алынары белгиленген.

Октябрь айында пландагыдан 1,4 млрд. сомго көбүрөөк салык чогулду

Белгилей кетсек, республикалык бюджет ушуну менен экинчи ирет өзгөртүлүп жатат. Коронавирустун кесепетинен улам июнь айында дагы өзгөртүү киргизилип, бюджеттин тартыштыгы 27 692,2 миллион сом менен бекитилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0