УКМК: "Дастан" ишканасы 700 миң доллардай акчаны өзүнө ыйгарып алган

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабота ОАО "Транснациональной корпорации "Дастан" в Бишкеке
Работа ОАО Транснациональной корпорации Дастан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ишкананын туунду компаниясынын директору Ж.Р.Ж УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Дастан" ТУК"  ААКсы менен анын туунду компаниясы "Улан" ААКтын кызматкерлери чет мамлекеттен буйрутма аркылуу атайын техникаларды сатып алабыз деп жасалма келишим түзүп, бюджеттик каражатка ээлик кылып алганын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, "Дастан" корпорациясы ушул жылдын май айында чет өлкөдөгү мамлекеттердин бири менен 3 миллион долларга келишим түзүп, анын 695 миң долларын туунду компаниясы "Улан" ААКга кызмат көрсөтүүсү үчүн берген.

"Бул каражатка ээлик кылуу максатында "Улан" ААКтын жетекчилиги ЖЧКлардын бири менен 54 миллион сомго атайын жабдууларды алып келүү боюнча жасалма келишим түзүп, акчаны кийин аталган ишкананын директору Ж.Р.Ж. алып алган", — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК: Кыргызстанга түшпөгөн 1 млрд. долларлык кредитти бийлик төлөп жатат

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же уурдоо") каралган кылмыштын белгилери боюнча каттоого алынды.

Учурда "Улан" ААКтын директору Ж.Р.Ж Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Кыргызстандын фондулук биржасынын маалыматы боюнча, "Улан" ААКтын директору болуп Руслан Жумашевич Жампейишов саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0