Кыргызстанда евронун курсу 100 сомдон ашты

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүЕвро банкноталары. Архив
Евро банкноталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтарга караганда, акча алмаштыруу жайлары менен банктар бир еврону 99,15 сомго сатып алып, кайра 100,56 сомдон сатууда.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда евронун курсу 100 сомдон жогорулап кетти. Бул тууралуу Valuta.kg сайтынан билүүгө болот.

Андагы акыркы маалыматтарга караганда, акча алмаштыруу жайлары менен банктар бир еврону 99,15 сомго сатып алып, кайра 100,56 сомдон сатууда. Ал эми расмий курс катары 99,23 сом көрсөтүлүүдө.

Valuta.kg сайтындагы статистикага караганда, акыркы ирет евро октябрь айында көтөрүлгөн. Ал эми ага чейин эң чоң көрсөткүч аптель айында катталган. Анда евро 94 сомдон сатылган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0