Кыргызстан жана Кытайдын желектери. Архив

Министрлик: Кытай карызды төлөө мөөнөтүн жылдырыш үчүн бир шарт коюп жатат

5198
(жаңыланган 18:39 11.11.2020)
Сүйлөшүү соңуна чыкса 2020-жылдын 1-майынан 31-декабрга чейинки төлөө убактысы жылдырылат. Кеп 35 миллион доллар жөнүндө болууда.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кытай тарап Кыргызстанга карыздарды төлөө мөөнөтүн жылдырууга макулдугун берип, ошону менен бирге белгилүү бир шарт койду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын башчысы Руслан Татиков билдирди.

Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда "Финансы министри бюджетти болжолдоо жана мамлекеттик карыздарды төлөө жөнүндө" аттуу онлайн-брифингге катышты.

Татиковдун айтымында, азыркы тапта Кыргызстан Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

"Сүйлөшүү процесстери жүрүп жаткандыктан ар бир жагдайын айтпай турайын. ЖМКлар кытай тарап карыздын мөөнөтүн узартууга макул болгон жок деп жазууда, бирок андай эмес. Кытай төлөө мөөнөтүн жылдырды, бирок өзүнчө бир шарт койду, учурда аны талкуулап жатабыз. Сүйлөшүү соңуна чыкса, 2020-жылдын 1-майынан 31-декабрга чейинки төлөө убактысы жылдырылат. Анын суммасы 35 миллион доллар", — деди Татиков.

КРдин карыздан кутулуусуна коррупционерлер менен кредиторлор кантип жардам берет

Ошондой эле ал сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүп, бардык шарттары туурасында ачык айтыларын билдирди.

5198
Белгилер:
жылдыруу, мөөнөт, карыз, Кыргызстан, Кытай
Тема боюнча
Кытай Кыргызстанга жүк ташууну көбөйтүү үчүн төрт талап койду
Жапаров: тышкы карыздан өз ресурстарыбыз менен кутулсак болот, эсеп ачылды
Кыргызстан тарыхта биринчи жолу карыз төлөөдө 35 млрд. сом сарпташы мүмкүн
Куруу иштери. Архивдик сүрөт

Баткенде фитосанитардык лабораториянын курулушу башталды

54
(жаңыланган 12:04 24.11.2020)
Имаратты куруунун сметалык баасы 10 миллион 650 миң сомду түзөт. Курулуш иштери 2021-жылдын апрель айында бүтө турганы пландалууда.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Баткен шаарында өсүмдүктөрдүн карантиндик лабораториясын куруу үчүн капсула салынды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министр Тилек Токтогазиев жана Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов катышты.

"Бул лаборатория зыяндуу организмдерди аныктоого, товар өндүрүүгө түздөн-түз таасир этиши мүмкүн болгон оорулардын өсүшүн жана жайылышын алдын алууга мүмкүндүк берет. Лаборатория ата мекендик жана импорттук материалдардын үлгүлөрүн экспертизадан өткөрөт. Бул ишкерлердин жүгүн бир топ жеңилдетет, анткени азыр бардык продукциялар Ош шаарына экспертизага жөнөтүлүшү керек болуп турат", — деди Токтогазиев.

Имаратты куруунун сметалык баасы 10 миллион 650 миң сомду түзөт. Курулуш иштери 2021-жылдын апрель айында бүтөт деп пландалууда.

Жаңы имарат лабораториялык бөлмөлөрдү, окуу бөлмөлөрүн жана жумушчу бөлмөлөрдү камтыйт.

Бүгүнкү күндө республика боюнча Бишкек, Ош шаарларында, Талас, Ысык-Көл облустарында төрт лаборатория бар. Нарын облусунда лаборатория пайдаланууга жаңыдан берилүүдө. Ал эми Жалал-Абад облусуна фитосанитардык лабораторияны 2021-жылы куруу пландалууда.

54
Белгилер:
курулуш, лаборатория, Баткен, Кыргызстан
Тема боюнча
ДССУ өлкө лабораторияларына мите куртту аныктаган микроскопторду берди
Бишкектин базарларында өтө кооптуу ооруларга акысыз тест өткөрүлө баштады
Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев. Архивдик сүрөт

Жапыкеев: бизнести кысымга алган Финполдун кызматкерлерине катуу чара көрүлөт

248
(жаңыланган 10:16 24.11.2020)
Финполдун төрагасы кызматкердин негизги милдети бизнести коргоо жана мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын камсыз кылуу экенин белгилеген.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Финансы полициясынын жетекчилиги өз ишинде тажрыйбасыздыгын көрсөткөн кызматкерлерге карата катаал чараларды колдонот. Бул туурасында аталган органдын төрагасы Сыймык Жапыкеев ыкчам кеңешменин жүрүшүндө билдирген.

Ал Финполдун негизги милдети бизнести коргоо жана мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын камсыз кылуу экенин белгиледи.

"Кара ниет, коррупциялашкан аткаминерлердин бизнеске кысым көрсөткөн факторлорун жок кылуу керек. Фискалдык органдардын ашыкча активдүүлүгү мамлекеттин ишкердик климатына ушундай оор мезгилде тоскоол болууда. Финансы полициясы негизсиз куугунтуктоо фактыларын кылдат тергеш керек. Инвестор үчүн эң башкысы — бийликтин чынчылдыгы жана калыстыгы", — деди Жапыкеев.

Ошондой эле ал эгерде кызматкерлеринин мыйзамсыз жүрүм-туруму же бизнеске кысым көрсөткөндүгү жөнүндө маалымат жетип калса, жумуштан бошотууга чейинки эң катаал чаралар көрүлөрүн эскерткен.

Муну менен бирге жетекчи бөлүм башчыларга элди жана ишкерлерди үзгүлтүксүз кабыл алып көйгөйүн угуу тапшырмасын бергени айтылат.

248
Белгилер:
кызматкер, финансы полициясы, Сыймык Жапыкеев
Тема боюнча
23 млн. доллар... Финпол кылмыштуу кирешени адалдаган схеманы аныктады
Сыймык Жапыкеев: Финпол ишкерлер менен ачык диалогго даяр
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив

Сот Текебаев эмнеге депутаттык мандатынан ажырап жатканын түшүндүрдү

40
(жаңыланган 16:02 24.11.2020)
Сот Текебаевге мандатын кайтарып берүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгарган токтомун жараксыз деп тапкан.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча чыгарган чечимине түшүндүрмө берди.

Анда сот кечээ, 23-ноябрда, Текебаевге мандатын кайтарып берүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгарган токтомун жараксыз деп тапканы айтылат. БШК өзүнүн токтому менен "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамды бузганы белгиленет.

Аталган токтомдо жазылгандай, 2017-жылы Текебаевге карата соттун айыптоо өкүмү чыкканына байланыштуу анын депутаттык укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, мандаты партиянын кийинки тизмесинде турган талапкерге берилген. Бирок 2019-жылы Текебаевге чыккан өкүм Жогорку сот тарабынан жокко чыгарылып, жаңы жагдайларга байланыштуу иш кайра кароого жөнөтүлгөндүктөн БШК мандатын кайтарып берген.

Ошондой эле Текебаев мандат алышы үчүн Жогорку Кеңештин бир депутаты кызматын тапшырганы кошумчаланган.

"Деген менен "КР президентин жана Жогорку Кеңешти шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 5-беренесинин 3-бөлүгүндө депутат мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе, анын ордуна партиянын кийинки тизмесиндеги адам мандат алышы керек. Ал эми Өмүрбек Текебаев андан кийинки сапта турган эмес. Дал ушундай мыйзам бузуу аныкталганы үчүн сот БШКнын токтомун жокко чыгарды", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин активист Темирлан Ормуков саясатчынын мыйзамсыз түрдө мандатын кайтарып алганын айтып, сотко кайрылган.

Өмүрбек Текебаев "Коррупция" беренеси боюнча соттолгонунан улам ажыраган мандатын кайтарып алуу боюнча арызын берген. Буга ага карата чыккан өкүм жокко чыгарылып, иштин кайра башынан кароого жөнөтүлгөнү негиз болгон. Борбордук шайлоо комиссиясы саясатчынын арызын 15-октябрда канааттандырып, Текебаев кайра депутат болуп парламентке кайтып келген.

40
Белгилер:
депутат, мандат, чечим, сот, Өмүрбек Текебаев
Тема боюнча
Жапаров дайындаган кадрлар. Кызматка келген достору, үзөңгүлөштөрү
Текебаев: окуучум туура баа берди, жаңы Конституциянын долбоору — "урод"