Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров маалымат жыйында

Жапаров: кредити барларга бюджеттен эмес, башка булактан жардам берилет

370
(жаңыланган 18:43 12.11.2020)
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы бюджеттин тартыштыгы 35 миллиард сомдон ашып турган учурда каражатты кайдан табарын сурады.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Өкмөт убадалаган 100 миңге чейин кредити бар үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн каражат бюджеттен бөлүнбөйт. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров маалымат жыйында билдирди.

Ага Sputnik Кыргызстандын кабарчысы бюджеттин тартыштыгы 35 миллиард сомдон ашып жаткан учурда каражатты кайдан табарын сурады. Себеби бул категорияга кирген 600 үй-бүлөгө көмөктөшүү үчүн 1,2 миллиард сом керектелет.

"Бул пландалган бюджетке кирбеген акча. Биз каражатты башка булактан таптык", — деди Жапаров.

Бир дагы жер сатылбайт! Садыр Жапаров тышкы карыздан кутулуунун бир жолун айтты

Андан соң журналист кайсы булак экенин атап берүүсүнө кызыкты. Бирок мамлекет башчынын милдетин аткаруучу ал тууралуу кийинчерээк айта турганын билдирди.

"Чечилбеген маселе жок, баарын чечсе болот, эң башкысы иштеш керек", — деп жооп кайтарды.

Садыр Жапаровдун маалымат жыйынын тексттик баяндамадан окуңуздар.

370
Белгилер:
кредит, үй-бүлө, жардам, каражат, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Жапаров Райым Матраимов кармалганда эмнени өтүнгөнүн айтып берди
Садыр Жапаров соттолгондордун арасынан кимдерге ырайым берилерин айтты
Садыр Жапаровдун журналисттерге өткөргөн маалымат жыйыны. Тексттик баяндама

Кыргызстандыктар жактырып айдаган унаалардын баасы. Инфографика

24
Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикада өтүмдүү делген 15 автоунаанын баасы берилди.

Кыргызстандыктар арасында эң популярдуу унаалардын тизмеси:

  • Toyota Camry;
  • Daewoo Nexia;
  • Honda Fit;
  • Honda CR-V;
  • Mercedes-Benz E-класса;
  • Daewoo Matiz;
  • BMW, 5-серия;
  • Volkswagen Passat;
  • Honda Accord;
  • Honda Odyssey;
  • Lexus GX;
  • Hyundai Sonata;
  • Lada 2107;
  • Toyota Prius;
  • Toyota RAV4.

Баа мониторинги 20-ноябрда autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарына жарыяланган маалыматка таянып жасалды. Машиналардын баасы доллар менен көрсөтүлгөн (27-ноябрга карата доллардын баасын Улуттук банк 84,7 сом деп бекиткен).

24
Белгилер:
баа, унаа, популярдуулук, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанга жалпы эреже менен машина алып кирүү канча турат. Калькулятор
Көз айнек жана сом купюралары. Архив

Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фонду мамлекетке 13 млн. сом зыян келтиргени аныкталды

75
(жаңыланган 13:16 02.12.2020)
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясы мыйзамсыз аракеттерди жасаган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясы мамлекетке 13 миллион сомдон ашуун зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы социалдык объектилерди курууга сарпталган акчанын максаттуу пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзгөн.

Мааламатка караганда, аталган дирекция 2016-2019-жылдары З.С. аттуу жоопкерчилиги чектелген коому менен Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылына спорт зал куруу үчүн келишим түзгөн. 2019-жылдын 4-мартында спорт зал пайдаланууга берилген.

"Бирок дирекциянын өкүлдөрү пайда көрүү үчүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып З.С. ЖЧКсынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып айрым иштерди жогорулатылган баада жасаткан. Ошондой эле аткарылбаган иштер дагы сметага кирип калган. Анын кесепетинен мамлекетке 4 миллион 324 миң 200 сом зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 2014-2018-жылдар аралыгында Тоң районунун Тоң айылында бала бакча куруу үчүн дирекция менен жогоруда аталган ЖЧКнын ортосунда келишим түзүлүп, курулушу бүткөрүлдү делген бала бакча 2018-жылдын 29-майында пайдаланууга берилген.

"Мында дагы тараптар сүйлөшүп алып мамлекетти 4 миллион 378 миң 100 сом зыянга учураткан", — дешти Башкы прокуратурадан.

Мындан тышкары, 2015-2018-жылдар аралыгында Балыкчы шаарында бала бакча курууда дирекциянын кызмат адамдары менен ТИП коомунун кызматкерлеринин ушундай эле кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекетке 4 миллион 338 миң 700 сом зыян келтирилгени айтылды.

Мамлекетке жалпы жонунан 13 миллион 041 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Белгиленген фактылар Ыссык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

75
Белгилер:
бюджет, коррупция, фонд, өнүктүрүү, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Прокуратура 10 млн. сомдук жер тилкени мамлекетке кайтарды
Прокуратура: Бишкекте иштебеген мугалимдерге айлык төлөнгөн факты аныкталды
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева. Архивдик сүрөт

Сурабалдиева министрликтин гумжардам боюнча отчёту чийки экенин айтты

0
(жаңыланган 17:56 02.12.2020)
Эльвира Сурабалдиева Кыргызстанга кирген гумжардамдар кайда жумшалганы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин отчёту чийки экенин айтып, иликтөө жүргүзүлөрүн белгиледи.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева гуманитардык жардам тууралуу отчёт берүү маселеси боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин дарегине катуу сын айтты.

Чиновник бүгүн Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

"Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына алган гуманитардык жардамдар боюнча толук отчёт берүү тапшырмасы берилген. Муну жарандар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жардам берген эл аралык уюмдар жана донорлор күтүүдө. Бирок берилген отчёт толук эмес жана айрым пунктулар түшүнүксүз. Мисалы, Талас жана Чүй облустарындагы аймактык медициналык мекемелерге кандай конкреттүү медициналык буюмдар жеткирилген? Ош облусу боюнча кандай чыгымдалуучу материалдар, канча тест-система алынды? Жер-жерлерге өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын, концентраторлордун, рентген-аппараттардын канчасы жеткирилди? Отчётто 325 рециркулятор алынганы белгиленген, бирок алар кайда экени көрсөтүлгөн эмес. Эмне үчүн медициналык жабдуулар баланска алынып, тиешелүү тартипте белгиленген эмес? Жарандардан, донорлордон жана ыктыярчылардан алынган бардык жардамдар кылдаттык менен изилденет", — деди ал.

Сурабалдиева отчёттордо канча дары-дармек каражаты алынгандыгы жана алардын аталышы көрсөтүлбөгөнүн кошумчалады.

0
Белгилер:
отчет, донор, коронавирус, штаб
Тема боюнча
Сурабалдиева Тез жардам станциясынын жабдылбай калышын кызматтагы жубайлардан көрүүдө
Сурабалдиева: бейтаптарга жайында курамы текшерилбеген кытай дарылары берилген