Инвестордон үлүш сурагандар катуу жазаланат. Жапаров дипломаттарга убада берди

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезиденттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жагымдуу инвестициялык атмосфера түзүү үчүн коррупцияга жана уюшулган кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш уланары айтылды.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Инвестициялык саясатта коопсуздук маселелери толук камсыз кылынарына кепилдик берем. Бул туурасында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров дипломаттар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Аны менен катар өлкөдө жагымдуу инвестициялык атмосфераны түзүү үчүн коррупция менен уюшулган кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш уланарын белгиледи.

"Чет элдик инвесторлорго менин жана бардык мамлекеттик мекемелердин эшиги дайым ачык. Инвестициялык долбоорлорду баштоодо мамлекеттен тийиштүү документтерди алууда бюрократиялык тоскоолдуктар жана акчалай үлүш сураган көрүнүштөр мындан ары болбойт. Кимде-ким үлүш талап кылган болсо, ал адамга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт. Бул биздин ачык-айкын позициябыз жана эскертүүбүз", — деди Жапаров.

Жапаров чет өлкөлүк дипломаттарды жолугушууга эмнеге чакырганын түшүндүрдү

Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанда иш алып барган чет өлкөнүн элчилери, ардактуу консулдары, эл аралык уюмдардын жана Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен жолукту.

Жаңылыктар түрмөгү
0