БУУ Кыргызстанга 25 млн. доллар берүүгө камынууда. Каражат кайда жумшалат

Жазылуу
Долбоордо беш багыттагы 33 ишкердик тармак боюнча калктын аялуу катмарына көмөктөшүү каралганы айтылат.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанга комплекстүү жана адистештирилген жардам көрсөтүүгө багытталган долбоор иштеп чыкты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

БУУ жана кыргыз өкмөтү аталган демилге тууралуу бирдиктүү билдирүү таратты.

Анда COVID-19 кризисинен улам ыкчам чараларды кабыл алуу талап кылынары белгиленет. Учурда БУУ менен өкмөттүн ортосунда 25 миллион доллар бөлүү боюнча жол карта иштелип бүтүп калды. Ал кризистин кесепетин жоюуга багытталган жардам болмокчу.

"Долбоордо социалдык-экономикалык жактан беш багыттагы 33 ишкердик тармак боюнча калктын аялуу катмарына көмөктөшүү каралган. Анда жаштар менен аялдарга жумуш ордун түзүүгө, азык-түлүк коопсуздугу системасын бекемдөөгө, социалдык коргоого, өтө маанилүү медициналык кызматтар жана сапаттуу билим берүү менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат", — деп айтылат маалыматта.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токаев менен Мирзиёев Кыргызстанга жардам көрсөтүүнү көздөп жатат
Ошондой эле билдирүүдө Кыргызстан бардык эл аралык милдеттемелерди мойнуна аларын жана буга чейин кол коюлган эки жана көп тараптуу келишимдерди толугу менен аткара турганы белгиленет.

Кыргыз Республикасы тынчтык, коопсуздук, өнүгүү, гендердик теңчилик жана адам укугуна тийиштүү болгон БУУнун уставындагы негизги жоболорго ылайык саясий жана башка реформаларды жасоону улантары айтылат.

Билдирүүнү толугу менен Кыргызстан ТИМинин сайтынан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0