Доллар акчасы. Архивдик сүрөт

Тогуз айдын жыйынтыгы менен Кыргызстандан 353 миллион доллар сыртка которулган

62
(жаңыланган 11:20 14.11.2020)
Кыргызстандын Улуттук банкы ушул жылдын январь айынан сентябрь айына чейин өлкөдөн чыгарылып кеткен акча каражаттары тууралуу маалымат берди.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандан сыртка акча которуунун көлөмү 353,4 миллион долларды түзгөндүгүн Улуттук банк билдирет.

Кеп жеке жактардын акча которуу тутумдары аркылуу жүргүзүлгөн операциялары жөнүндө болуп жатат.

Өткөн жылы сыртка акча каражатын чыгаруу 386 миллион долларды түзгөн.

Эгер быйылкы жылдын үчүнчү кварталынын (июль-сентябрь) жыйынтыгын алсак, акча которуунун көлөмү 139,7 миллион долларга жеткен. Бул 2019-жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу 4,2 миллион долларга көп.

62
Белгилер:
Кыргызстан, акча, Улуттук банк
Тема боюнча
Улуттук банк доллардын өсүшүн токтотуу үчүн 26,8 млн. доллар сатты
Садыр Жапаров бюджетке 63 млн. доллар бере турган тармакты атады
Ири мүйүздүү тирүү мал. Архив

Малдын териси иттердин эрмегине айланды. Айылдыктарга ким көмөктөшөт?

42
Ноябрь айында өлкө аймагындагы базарларда малдын баасы арзандап кетти. Буга элет жериндегилер жогору жактагы аткаминерлерди күнөөлөп, аларга түрдүү сын-пикир, сунуштарын айтып жаткан кези.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти Мирбек Сакенов аталган маселеге кайрылып көрдү.

Өкмөт ноябрь айында мал жана айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн өлкөдөн чыгарууга тыюу салды. Ал тизмеге тирүү жылкы, ири мүйүздүү тирүү мал, тирүү кой жана эчкилер, тирүү үй канаттуулары: тоок (Gallus domesticus), өрдөк, каз, үндүк жана куштар кирди. Андан сырткары, буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, буудай уну, өсүмдүк майы, кумшекер, тоок жумурткасы, йоддолгон туз жана тоют да сыртка сатылбай калды.

Айыл чарба министрлиги мындай сунушту азык-түлүк коопсуздугуна тынчсыздангандыктан улам бергендигин кабарлаган. Андан көп өтпөй облустардагы базарларда малдын баасы мурдагыга салыштырмалуу түшүп кеткендиги айтыла баштады.

Эл жаздан бери акчасын төлөп малын жайлоодо бактырып, жайы бою жем-чөбүн даярдап өз убарасын тарткан. Жандыгынын туягын санаган элеттиктер сатыкка ылайыктуу малын, талаадан жыйнаган түшүмүн күзүндө жана кышында сатып тиричилигин улантып, эмгегинин жемишин көрөт. Алардын андан башка деле оңгулуктуу киреше булагы жокко эсе.

Ошондуктан өкмөттүн кабыл алган чечимин айыл жеринде жашагандар түрдүү кабыл алууда. Кээ бири жогорку кызматтагы аткаминерлерге сын-пикир айтса, дагы бири малды чет жакка чыгарууну тыюу салбастан, өлкөдөгү мал чарбачылыгын алдыга жылдырган аракеттерди сунуштоодо. Биз алардын айрымдарын тизмектеп берелик.

Ит бекер жаткан тери

Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 850 миңге жакын уй, жарым миллиондон ашык жылкы, алты миллиондон ашык кой-эчки жана 1,5 миллиондон ашык ири мүйүздүү мал бар. Ошондой миллиондогон малы бар республикада азыркыга чейин бодонун, кой-эчкинин териси, жүнү өлкө аймагында иштетилбей келет. Бир нече жыл мурун облустарда кой-эчкинин териси 100-200 сомдон, бодо малдыкы 1000 сомдон жогору баада алынып турган. Ортодо ал чет элдик ишкерлердин байланышы бар өндүрүштөр токтоп калып, кайра иштетүүчү жарактуу продукция учурда айыл четиндеги таштандыга үйүлүп калды. Башка мамлекеттер бука менен уйдун терисинен кайыш, ат жабдыктарынан баштап бут кийимге чейин чыгарып жакшы эле киреше таап жатса, бизде малдын териси айылдык иттердин эрмегине айланды.

Кайра иштетүүгө муктаж болгон жүн

Ал эми боз үй, кийим-кече, кышкы өтүк, жип-шуу өңдүү толгон-токой буюмдарды даярдоого мүмкүн болгон кой-эчкинин жүнү элет жеринде өрттөлүп, айылдыктар жазында куйкум эле жыттанып жатып калышат. Кыркын маалында жайлоодогу кокту-колот, ээн талаалар баасы жок жүнгө толот. Аткаруу бийлиги аны колго алса, ар бир облуста жок дегенде ондогон жумуш орундары пайда болмок. Кыргызстандыктардын үйүнө Кытай, Иран, Түркиядан келген килемдер эмес, ата мекендик өндүрүштөгү өзүбүздүн сапаттуу шырдак, кийиздер салынып калмак беле. Малчыларга кам көргөн аткаминерлер, азык-түлүк коопсуздугуна тынчсызданган мамлекеттик кызматкерлер, арзан, жеткиликтүү чийки затты кайра иштетүүгө эчак эле убакыт келген.

Малдын сөөгүн дагы иштетсек болмок

Ооз көптүрүп "мал киндиктүү жербиз, этсиз жашай албайбыз, жамандык-жакшылыкта мал сойбой кое албайбыз" деген республикада  азыркыга чейин малдын сөөгүн иштеткен бир да ишкана жок. Мисалы, азык-түлүккө колдонууга жараксыз болгон сөөктөрдөн короодогу тоок, үндүк, үйдөгү ит-мышыктардын курсагын тойгузуп, өсүшүнө көмөктөшө турган кошулмаларды даярдоого мүмкүн экендигин чарбакерлер билет. Анткени анын курамында кальций арбын, аны жеген үй жандыктарынын сөөгү бекем болуп, тез өсүшүнө өбөлгө болот. Жок дегенде биз ошону жолго салып алсак, айылдагы иттер жугунду ичсе дагы, шаардагы үй жаныбарларынын курсагын жергиликтүү продукция менен тойгузуп калат элек. Себеби азыр ошонун баары чет мамлекеттерден алып келинүүдө.

Бул элеттиктердин тизмектеген сунуштарынын айрымдары гана. Азыр айылдыктар эт, сүт багытындагы асыл тукумдуу малды гана багууга, сандан сапатка өтүүгө өтө кызыкдар. Сааган уйларынын сүтү, малынын эти жогору баада алынса, жайдыр-кыштыр тоодо жүрүп, жада калса бала-чакасын унутуп калган чабандарга өкмөт көңүл бурса дегенде эки көзү төрт.

42
Белгилер:
колумнистика, өндүрүш, кайра иштетүү, мал чарбасы, Кыргызстан
Тема боюнча
Токтогазиев: өкмөт фитосанитардык көзөмөлдү бизге берсе иретке келтиребиз
Быйыл Кыргызстанда эт көбүрөөк өндүрүлдү. Тогуз айдын жыйынтыгы

Бишкектеги батирлер канча турат? Ноябрь айындагы баалар

113
Окурманга ыңгайлуу болушу үчүн биз бир, эки жана үч бөлмөлүү турак жайлардын ар кандай түрүнүн орточо наркын көрсөттүк.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ай сайын Бишкек шаарындагы 104, 105, 106-сериялардагы, "хрущевка" жана жеке типтеги батирлердин сатылган бааларына байкоо жүргүзүп келет.

Бул материалды даярдоодо 3 891 жарыя иликтөөгө алынган. Ачык маалыматтардагы бааларга ылайык, бир бөлмөлүү батирдин орточо наркы ноябрь айында төмөнкүнү көрсөттү:

  • 104-серия — 30 200 доллар (23 000ден 35 500 долларга чейин);
  • 105-серия— 29 300 (21 500дөн 40 000ге чейин);
  • 106-серия —32 500 (23 500дөн 44 000ге чейин);
  • "хрущевкалар" — 26 600 (21 500дөн 36 500гө чейин);
  • жеке типтеги батирлер — 29 200 (14 000ден 56 500гө чейин).

Эки бөлмөлүү батирлердин орточо наркы:

  • 104-серия — 36 500 доллар (29 000ден 46 000 долларга чейин);
  • 105-серия— 42 000 (30 000ден 54 500гө чейин);
  • 106-серия — 44 000 (27 500дөн 65 500гө чейин);
  • "хрущевкалар" — 33 600 (26 500дөн 48 500гө чейин);
  • жеке типтеги батирлер — 41 300 (18 500дөн 90 000ге чейин).

Үч бөлмөлүү батирлердин орточо наркы:

  • 104-серия — 44 300 доллар (35 000ден 61 500 долларга чейин);
  • 105-серия— 53 100 (32 500дөн 86 500гө чейин);
  • 106-серия — 56 500 (39 500дөн 76 500гө чейин);
  • "хрущевкалар" — 41 200 (27 500дөн 51 500гө чейин);
  • жеке типтеги батирлер — 56 300 (27 500дөн 157 000ге чейин).
113
Белгилер:
нарк, сатуу-сатып алуу, сатуу, батир, турак-жай, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек менен Ошто ижарага берилчү батирлердин ушул аптадагы баасы. Инфографика

Крымдан улам НАТО Россия армиясына тыюу салууга кыялданып келет

0
Йенс Столтенберг НАТО Россиянын кадамдарына карап, ага жооп иретинде Кара деңизге көбүрөөк күчүн жайгаштыра тургандыгын айтты. Бирок Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы аскердик блоктун күчтөрү Россиянын чек арасында эмне кылып жүргөндүгүн түшүндүргөн жок.

Андан сырткары, Россия эмне үчүн өзүнүн аймагын НАТО тараптан улам арбыган коркутуп-үркүтүүлөрдөн коргобошу керек дегенге да жооп бере алган жок.

Акыркы учурда альянс тараптан Россия чек арасына жакын аймактарда көбөйүп кеткен агрессиялык аракеттер арбыгандыктан, Россия өзүнүн коопсуздугун камсыздаганга аргасыз.

0
Белгилер:
чагымчыл, чек ара, Крым, НАТО, Россия, АКШ
Тема боюнча
НАТО Кара деңизге чыгууда. Альянс Крымда Россияны кысымга алмакчыбы?
Грузиядагы "Татыктуу өнөктөш-2020" аяктады. НАТО аскерлери өлкөдө эмне кылды