Кыргызстанда алтын жана күмүш казууга лицензия берүү убактылуу токтоду

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүБыстринский горно-обогатительный комбинат в Забайкальском крае
Быстринский горно-обогатительный комбинат в Забайкальском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин уруксат алган компаниялар ишмердүүлүгүн уланта берет. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

БИШКЕК, 14- ноя. — Sputnik. Жер казынасын геологиялык изилдөө жана чалгындоо, алтын, күмүш жана жезди иштетүүгө байланышкан иш-аракеттерди лицензиялоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Полевые работы в Швейцарии - Sputnik Кыргызстан
11 миңден ашык жер тилке мыйзамдаштырылат. Жапаров жаңы мыйзамга кол койду
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Бул буйрук учурдагы лицензиялардын мөөнөтүн узартууга жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоо боюнча жер казынасынын өзгөчө укуктарына жайылтылбайт.

Белгилей кетчү жагдай, премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли менен жолугушуу учурунда мындан ары лицензия берилбей турганын белгилеп, буга чейин уруксат алган компаниялар ишмердүүлүгүн жүргүзө берерин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0