0,7 млрд. сом... Бишкектин 10 айдагы бюджети аткарылбай калды

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия обильного дождя в декабре в Бишкеке
Последствия обильного дождя в декабре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жылдын январь – октябрь айларындагы жергиликтүү бюджетинин кирешеси 6,9 миллиард сомду түзүп, мурда пландалган 7,6 миллиард сомго жеткен эмес.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын 2020-жылдын январь – октябрь айларындагы жергиликтүү бюджетинин кирешеси аткарылбай калды. Бул тууралуу биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевдин төрагалыгында өткөн штабдын жыйынында айтылганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Жыйында мэриянын 2020-жылдын январь — ноябрь айларындагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, реалдуу салыктык жана салыктык эмес карыздар боюнча жасалган иштер тууралуу отчёт каралган. Андан сырткары, ушул жылдын декабрь айына пландалган иштер талкууланган.

Бир миң сомдук купюралар жана монеталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казынада каражат аз. 2020-жылдын өзгөртүлгөн бюджеттик долбоору жарыяланды
Быйылкы жылдын январь – октябрь айларындагы жергиликтүү бюджеттин кирешеси 6,9 миллиард сомду түзүп, мурда пландалган 7,6 миллиард сомго жеткен эмес. План 91,3 пайызга аткарылып, бюджетке 0,7 млрд. сом түшпөй калган.

Салыктык карыздар 2020-жылдын 1-октябрына карата Бишкек шаары боюнча 813,7 миллион сомду түзгөн. Вице-мэр Бакетаев төрт райондун салыкчыларына бекитилген планды аткаруу боюнча ишти күчөтүүнү жана салыктык карыздарды чогултууну тапшырды.

Акимдерге Бишкек милициясы жана салык кызматы менен биргелешкен иш-план түзүп, транспорт салыгы боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды. Биргелешкен рейддерди жүргүзүү үчүн ар бир райондо эми эки мобилдик топ түзүлмөкчү.

Бакетаев Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык администрация башчыларынын биринчи орун басарларынын, фискалдык органдарынын жана киреше алып келүүчү кызматтарынын башчыларынын жоопкерчилигин эске салып, ушул жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча мыйзамга ылайык чараларды көрүү жөнүндө эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0