Доллар дүйнө боюнча арзандап жатса, Кыргызстанда эмнеге кымбаттоодо?

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук банктын имараты. Архив
Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жумада доллар бир катар мамлекеттерде, анын ичинде Россияда дээрлик 1 сомго арзандады. Ал эми Кыргызстанда жума соңунан бери чет элдик валюта 84,9 сом бойдон кармалып турат.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы доллардын баасына финансы рыногунун катышуучуларынын күтүүсү жана сезондук фактор басым жасоодо. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Sputnik агенттиги өлкөдөгү башкы банкка "дүйнөдө доллардын баасы турукташып, төмөндөп бара жатат. Ал эми Кыргызстанда өскөндөн өсүүдө (84,9 сом). Мунун себеби эмнеде" деген суроо узаткан.

Улуттук банк чындап эле ноябрдын башынан тарта доллардын баасы дүйнөлүк резервдик валютага жана өнүгүп жаткан мамлекеттердин валютасына карата арзандап жатканын маалымдады.

"Анткен менен COVID-19 пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөргө байланыштуу эл аралык финансы рыногунда белгисиздик бар. Мындан сырткары, ички валюталык рыноктун өзгөчөлүгүн, сезондук фактор, ошондой эле финансы рыногунун катышуучуларынын күтүүсүн эске алганда акыркы мезгилде чет элдик валютага болгон суроо-талап өскөн", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк кырдаалды жөнгө салуу үчүн ноябрда 67,6 миллион доллар саткан. Анын 16,9 миллиону — нак акча.

Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жай - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда доллардын баасы 85 сомго чукулдады
"Бүгүнкү күндө валюта рыногундагы абал туруктуу. Финансы-кредиттик мекемелерде чет элдик валютанын кору жетиштүү. Улуттук банк ички жана тышкы рыноктогу абалга көз салып турат, керек учурда тийиштүү чараларды көрөт. Эгер финансы-кредиттик мекемелерде эреже бузулганы аныкталса, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чара көрүлөт", — дешти башкы банктан.

Белгилей кетсек, мисалга, Россияда дүйшөмбү күнү доллар 0,39 рублга (77 рубль), ал эми евро 0,33 рублга (91,25) арзандаган. Россиялык валюта дагы деле күчтөнүп жатат. Бүгүн, 19-ноябрда, Бишкек убактысы боюнча 14:27ге карата доллар 76,42 рубль, евро 90,44 рубль болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0