Новиков кыргыз-өзбек чек арасына эркин экономикалык аймак курууну талкуулады

Жазылуу
Тараптар соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүп, өндүрүш кооперациясы чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду түзүү, соода-логистикалык борборлорду салуу жөнүндө да сүйлөштү.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Сардор Умурзаков менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүдө эки өлкөнүн чектешкен облустарында эркин экономикалык (өндүрүш) аймагын куруу жолу менен соода жүгүртүүнүн номенклатурасын кеңейтүү маселеси талкууланды.

Ошондой эле өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүп, өндүрүш кооперациясы чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду түзүү, соода-логистикалык борборлорду салуу жөнүндө да сөз болду.

"2020-жылдын декабрь айында чек арага чектеш облустардын башчыларынын кеңешин өткөрүү макулдашылды. Кеңештин алкагында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү максатында жол картасына кол коюу пландаштырылууда", — деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүнүн аягында тараптар мамилелердин бардык комплексин мындан ары да активдештирүүгө даяр экендигин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0