АКШ жүз долларлык купюралар. Архив

Улуттук банк дагы 2 млн. доллар сатты. Беш күн тынбай жасалган интервенция

92
(жаңыланган 12:32 21.11.2020)
Улуттук банк валютанын курсун асмандатып жибербей кармап туруу жана олку-солку болгон кырдаалды жөнгө салуу үчүн интервенция жасап жатат.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Улуттук банк рыноктогу валюта боюнча кырдаалды турукташтыруу үчүн кечээ дагы 2 миллион 50 миң доллар сатканын өзүнүн сайтында кабарлады.

Бул бир жумадан берки убакытта жасалган бешинчи интервенция.

Өткөн жумада доллардын курсу кайрадан өсө баштаган. 11-ноябрда баасы 83,94 (сатып алуу) — 84,33 сом (сатуу), ал эми жуманын аягында 84,9 сом (сатуу) болду.

Интервенция жасалган күндөр:

  • 16-ноябрь (дүйшөмбү) — 23,4 миллион доллар сатылган (эртеси сатып алуу 1 тыйынга төмөндөп, 84,71 сомду түзгөн);
  • 17-ноябрь (шейшемби) — 0,5 миллион доллар сатыкка чыккан (эртеси сатып алуу 16 тыйынга төмөндөп, 84,55 сомду түзгөн);
  • 18-ноябрь (шаршемби) — 1,3 миллион доллар сатылган (эртеси сатып алуу 3 тыйынга төмөндөп, 84,52 сом болду);
  • 19-ноябрь (бейшемби) — 3 миллион доллар сатылган (эртеси сатып алуу 4 тыйынга төмөндөп, 84,56 сом болду).
  • 20-ноябрь (жума) — 2 миллион доллар сатылган ( сатып алуу туруктуу болуп,  84,56 сомдун деңгээлинде турат).

Баш-аягы 30,2 миллион доллар сатылган.

Өткөн аптанын аягынан бери банктар менен акча алмаштырган жайларды доллардын сомго карата баасы мурдагыдай — 84,9 сом болуп турат.

Өткөн айда дагы бир интервенция болгон, 12-ноябрда Улуттук банк 26,8 миллион доллар салган.

Улуттук банктын карамагында турган алтын-валюта кору (эл аралык валюта кору) сомдун курсун кармап турууга, ошондой эле валюта рыногундагы өзгөрүүлөрдү жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Резервдин көлөмү үч миллиард сомду түзөт. Бул товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдыдагы жарым жылдыктагы импортуна туура келет.

92
Белгилер:
интервенция, доллардын курсу, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Жыл башынан бери Кыргызстандын алтын запасы 34,2 млрд. сомго кымбаттады
Портфель менен киши. Архив

Беш кредитор Кыргызстандын карызын төлөө мөөнөтүн жылдырып берди. Тизме

236
(жаңыланган 23:57 27.11.2020)
Өлкө бийлиги тышкы карызды тейлөө боюнча бир катар мамлекеттер менен мөөнөттү жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы карызын тейлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш мамлекет менен макулдашуулар болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Финансы министрлигинен билдиришти.

"Бүгүнкү күндө нөл пайыздык чен менен карыздарды төлөп берүү мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш кредитор менен макулдаштык. Алар: БАЭ, Сауд Аравиясы, Германия (KfW, Euler Hermes) жана Түркия”, — деп айтылат билдирүүдө.

Пролонгация кылынган каражаттын көлөмү 51 миллион долларга жетти. Аны мамлекет төрт жылдын ичинде кутулушу керек.

Дагы алты кредитор, анын ичинен Париж клубунун мүчөлөрү (Франция, Дания, Түштүк Корея, Япония) менен дагы сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Эске салсак, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,8 миллиард доллардан жогору. Анын ичинен дээрлик 4,2 миллиарды тышкы карызга туура келет.

236
Белгилер:
Тышкы карыз, Финансы министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
КР экономикасын 2021-жылы эмне күтүп турат? ЕАБРдин сценарийи
Кытай карыз төлөө мөөнөтүн узартууга макул болуп, кошумча 3 млрд. сом сурады
Министрлик тышкы карызды төлөөнүн жолун айтып, ачылган эсепти жарыялады
Россия рубли. Архив

Күтүүсүз кымбаттоо. Рублдин мындан аркы бекемделиши болжолдонууда

409
Ноябрда рубль күтүүсүз жерден долларга карата беш пайызга кымбаттап кетти. Мындай кескин бурулуш он жылдан бери боло элек болчу.

Россиялык валютанын куну түшүп кетүүсүн Швейцария банкынын аналитиктери убактылуу деп эсептешүүдө. Вакциналар жана улам кымбаттап бара жаткан нефть рублдин баасын калыбына келтирүүгө шарт түзөрү айтылып келет. Аталган акча бирдигинин абалына РИА Новости баам салган.

Наркы жогорулап кетти

АКШда өтчү шайлоонун алдында рублдин куну түшүп кетип, бул окуяга байланышкан негативдин баары билинбей калды. Андан кийин долларды артка таштап кайра кымбаттап кетти. Ири банктар буга чейин эле Байдендин келиши менен америкалык валюта эч жакшылык көрбөй турганын саймедиреп келишкен.

Рубль үчүн быйылкы ноябрь ар кыл болду. 2010-жылдан 2019-жылга чейин бул айда рубль, тескерисинче, орто эсеп менен үч пайызга арзандап калчу. Быйыл баасы беш пайызга жогорулап кетти.

Буга Pfizer жана Moderna вакциналарынын жогорку эффективдүүлүгү тууралуу жаңылыктар негиз болду. Инвесторлор күүлөнүп-күчтөнүп, нефтинин баасы өстү. Brent үлгүсүнүн бир баррели марттан бери 48 долларга көбөйдү. Мындан улам инвесторлордун тобокелчилиги жогору болгон активдерге табити "ачылып" кетти. Мында көбүнесе тезирээк калыбына келе турган баалуу кагаздар менен өнүккөн өлкөлөрдүн валюталары тууралуу сөз болууда. Алардын арасында рубль да бар экенин QBF аналитиги Ксения Лапшина билдирди.

"Нефтинин баррели 45-50 доллар болуп турган чакта курс бир бочкасына 3,5 миң рублден тарта коюлат. Башкача айтканда, 70-77 килограмм. Демек, ушу тапта рубль тең чамалаш болуп турган абалга жакын", — деди ал.

Рублдин кадырын билбей жатышат

Россиялык валюта Чыгыш Европадагы эң алсыз акча болуп калганын Швейцариянын Credit Suisse банкынын аналитиктери коронавирус пандемиясынын кесепеттерин талдап жатып айтышты. Январдан бери рубль долларга карата 19 пайызга арзандап кеткен.

Банк эксперттеринин айтымында, буга өлкөдөн капиталдын чыгышы, акча сактоо структурасынын өзгөрүшү, башкача айтканда, банк депозиттеринен каражаттын агымы башкы себеп болгон. Анан, албетте, геосаясат. Навальный окуясы, Беларустагы шайлоо, Тоолуу Карабах чыры да терс салымын кошту.

Бирок ошол эле Credit Suisse банкы негативдүү факторлордун баары убактылуу экенин белгиледи. Экономикалык өсүү, жүрүп жаткан операциялардын эсеби жана реалдуу пайыздык коюмдар сыяктуу негизги көрсөткүчтөр боюнча алып караганда рублдин баа-баркы кадимкидей эле. Геосаясий жактан күтүүсүз окуялар болуп кетпесе рубль долларга карата 70-72нин тегерегинде болуп курсу бекемдей берери божомолдонду.

Custodian инвестициялык компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Андрей Плотников жыл аягына чейин бир доллар 73-74 рубль болору күтүлүп жатканын айтты.

"Рубль сырье валютасы катары рынок нефтисиндеги суроо-талаптын калыптанышына карата бекемделе берет. Вакцина багытындагы ийгиликтер тууралуу жаңылыктардын фонунда активдердин баасы өсө турганы айгине болуп калды. Рублдин жыл аягына чейин үч-беш пайызга кымбатташын болжолдоп жатабыз", — деди GB CLUB инвестициялык клубунун негиздөөчүлөрүнүн бири Хачатур Гукасян.

Ал эми Евразиялык өнүктүрүү банкынын божомолу бир аз башкачараак. Рубль арзан бойдон калууда, бирок анын күчтөнүшү үчүн мейкиндик чектелүү дейт банктын өкүлү Алексей Кузнецов.

Ак барактан

Аналитиктердин көбү 2021-жылдын биринчи кварталында эле нефтинин бир баррели 55-60 долларга көтөрүлөт деп айтууда, дал ушул убакытта массалык вакцинация башталат. Демек, бул маалда бир доллар 71-73 рубль болуп калышы толук ыктымал.

Mitsubishi UFJ Financial Group (MUFG) божомолу боюнча нефтинин кымбатташы менен доллардын арзандашын биринчи кезекте нефть валюталары колдоого алат, анын эң мыктысы рубль болуп калышы мүмкүн. "Рубль кымбаттоого кызыкдар, ал нефть бааларынан катуу артта калды", — дешти MUFG аналитиктери.

Ал эми долларды айта турган болсок, вакциналарды сыноо процедураларынын аяктап, жапырт колдонула башташы шайын бир топ оодарчудай. Мындай күтүүсүз бүтүмгө АКШнын Citigroup банкынын стратегдери келишкен. Дарылардын натыйжалуулугу дүйнөлүк сооданы жандантат. 2000-жылдардын башындагыдай окуя кайталанат: анда Кытайдын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши глобализацияны тездетип, доллардын баасы түшүп кеткен. Бул көрүнүш бир нече жылга созулган эле.

Азыр алты негизги валютага карата доллардын баасын чагылдырган DXY индекси сентябрдан бери минимум көрсөткүчтө, ага Байдендин келиши жана экономикалык саясаттын өзгөрүүсү таасир этип турат. Goldman Sachs ири инвестициялык банкынын эсеби боюнча азыркы абал эки жыл мурунку минимумга кайтарат. Ал эми Citigroup вакциналардын пайда болушу менен 20 пайызга да төмөндөп кетиши болжолдонууда. Дүйнөлүк валюта үчүн маңдай жарчу кабар эмес.

409
Белгилер:
экономика, аналитика, эксперт, банк, валюта, курс, Рубль, доллар
Тема боюнча
Тыным албай... Улуттук банк ноябрдан бери долларды тогуз жолу сатыкка чыгарды
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

0
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

0
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео