Чек арада турган жүк ташыган автоунаа. Архив

ЕАЭБ жана Кытай бажы ташуулары боюнча маалымат алмашууну баштайт

154
(жаңыланган 18:20 21.11.2020)
Макулдашуу күчүнө кирет, бирок деталдары долбоор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан протоколго жазылат.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдик жана Кытай товарлар, аларды эл аралык масштабда союз менен Кытайдын бажы чек араларынан ташылышы боюнча маалымат алмашууну баштайт. 21-ноябрда бул жааттагы макулдашуу күчүнө кире тургандыгын ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымат алмашуунун катышуучулары мамлекеттердин бажы боюнча органдары — биримдиктин мүчөлөрү жана Кытайдын Бажы башкармалыгы болмокчу.

Макулдашуу аталган процесстин этап боюнча ишке ашыруунун ыкмаларын аныктайт, ал эми деталдар катышуучулар өз ара түзө турган протоколдорго жазылмакчы.

ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча коллегиянын мүчөсү (КРдин атынан көрсөтүлгөн министр) Олег Панкратов бул жааттагы биргелешкен түшүнүү кадамдары чек аралар арасында товарлардын сатылышы менен коопсуздугун камсыздоодо маалымат алмашуу өтө маанилүү экендигине токтолгон.

"Келишимдегилерди ишке ашыруу Бажы кызматтары жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн мыйзамды сактап иштеген катышуучулары үчүн өтө пайдалуу болот деп эсептейбиз", — деген ал.

Комиссия биримдиктин мүчөлөрү менен биргеликте маалымат алмашууну ишке ашыруу боюнча протоколду иштеп чыккан. Учурда Кытай менен протоколдун жалпы жоболорун талкуулоо макулдашуусу боюнча кат алышуулар болуп жатат.

Дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал жакшырып, чек аралар ачылгандан кийин сүйлөшүүлөрдүн экинчи раундун жана техникалык адистердин жолугушуусун уюштуруу пландалууда.

154
Белгилер:
чек ара, эпидемия, макулдашуу, бажы, Евразиялык экономикалык биримдик, Кытай, Кыргызстан
Тема боюнча
ЕАЭБ өлкөлөрүндө автотранспортко электрондук паспорт бериле баштайт
Кыргызстандыктар ЕАЭБ аймагынан ишти мобилдик тиркеме менен таба алат
Министр: ЕАЭБ өлкөлөрү бир катар товарлардын экспортун көбөйттү
Нефть жана күйүүчү май ташуу үчүн темир жол цистерналары. Архив

Россия бензинди экспорттоого убактылуу тыюу салуу маселесин карайт

5
(жаңыланган 13:33 23.06.2021)
Россия өкмөтү өлкөнүн ички рыногундагы мунай заттары боюнча кырдаалды талкуулады. Бааларды турукташтыруу боюнча бир катар тапшырмалар берилген.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Россиянын Экономика министрлиги 2021-жылдын III кварталында бензинди сыртка сатууга тыюу салуу маселесинин канчалык деңгээлде жөндүү экендигин карайт. Бул туурасында РФ өкмөтүнүн сайтында айтылган.

Өкмөттүн төрагасынын орун басары Александр Новак мунай компаниялардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, алар менен биргеликте өлкөнүн ичиндеги мунай заттары боюнча абалды талкуулаган.

Министрликтин мунай компаниялар менен аймактык индикативдик маанидеги болушунча жеткиликтүү болгон дүң бааларды коюу боюнча макулдашуу зарылдыгын карап чыгуусу белгиленген. Документте бул чекене рыноктогу зарыл болгон маргиналдуулукту жана анын чен-өлчөмдөрүн иштеп чыгууга жардамчы болору айтылган.

Новак башкы максат жалпы инфляциянын алкагында мунай заттарына болгон чекене баанын динамикасын сактап калуу экендигин белгилегени айтылды.

"Бул үчүн мыйзамга бир канча өзгөртүүлөр киргизилген. Компаниялардын сунушу менен күйүүчү майга болгон демпфер ылайыкталат", — деген вице-премьер.

Анын айтымына караганда, азыркы кырдаал дүйнөлүк рыноктун конъюнктурасынын таасиринде турат.

"Бул ички рынокту жүдөтөт. Бирок май куюучу бекеттердеги баа инфляциядан улам өзгөрүп, компаниялар өз милденттенмелерин аткарып жатат. Ошол эле учурда кырдаал толугу менен турукташкан жок", — деген Новак.

Өкмөттүн сайтында дүң рыноктогу бааларды турукташтыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу зарылдыгы айтылып, бир катар тапшырмалар берилген.

Эске сала кетсек, Кыргызстан негизинен мунай заттарын Россиядан дүң баада алып келет.

5
Белгилер:
тыюу салуу, экспорт, мунай, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Байкалбай эле автоунааны жарактан чыгарып койчу 5 көйгөй
Евро арзандап, доллар дагы кымбаттады. Бензин менен алтындын баасы кандай
Сом купюралары жана монеталары. Иллюстративдик сүрөт

Президент: салык менен соцтөлөмдү азайткан мыйзам иштеп чыгууну тапшырдым

5
(жаңыланган 13:22 23.06.2021)
Өлкө башчы бүгүн бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугуп, сүйлөштү. Жапаров ишкерлерди колдоо максатында бир катар реформалар жасаларын айтты.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзам иштелип чыгат. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров билдиргенин президенттин аппаратынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 23-июнда, президент башында турган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бизнесмендердин жолугушуусу өттү.

"2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзам иштеп чыгууну, аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү тапшырдым", — деди Жапаров.

Мамлекет башчы ишкерлерге карата кысымды азайтып, аларга колдоо көрсөтүү максатында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоюуну дагы убадалады.

5
Белгилер:
төлөм, салык, бизнес, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Бийлик Орто Чүй каналын куруу жөнүндө чечим кабыл алды
Бизнеске кысым болууда! Садыр Жапаров экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун айтты
Кыргызстан президентинин жеке оператору Улан Сатиев. Архив

Президенттин оператору КТРК жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарууда

0
(жаңыланган 13:35 23.06.2021)
Сатиев алты президенттин бешөө менен иштешкен. Өткөн жумадан тарта телеканалдын директорунун орун басары катары эмгектенип жатат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстан президентинин жеке оператору Улан Сатиев Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басарынын милдетин аткарып жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине КТРКнын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев билдирди.

Бишкек шаарынын мурунку биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев. Архив
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Анын айтымында, өткөн жумада телеканалдын башкы директору Бактияр Алиев Сатиевди ушул кызматка дайындоону өтүнгөн. Эми келерки жумада Байкоочу кеңештин жыйыны болот. Анда Сатиев бул кызматка толук кандуу бекитилиши мүмкүн.

Талапкер буга чейин президенттер Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаровдун оператору болуп эмгектенген.

0
Белгилер:
дайындоо, орун басар, директор, КТРК, оператор
Тема боюнча
Иран жана Австриядагы элчилер кызматтан кетип, жаңылары дайындалды
Бишкектеги Свердлов районунун мурдагы акими Нарын шаарына мэр болду