Киши сом пачкаларын кармап турат. Архив

"Апврпваолрва" алабыз. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы катанын чоо-жайы

172
(жаңыланган 18:54 23.11.2020)
Финансы министрлигине караган Мамлекеттик сатып алуулар порталына "апврпваолрва" сатып алынат деген билдирүү чыккан.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын ишинде кемчиликтер болуп, Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтү 4,4 миллион сом "Апврпваолрва" сатып алат деген билдирүү чыгып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Хамза Алтыкеев билдирди.

На портале госзакупок появилось объявление, что одно айыл окмоту хочет закупить апврпваолрва. Лот указан, как пукрыр, в графе адрес указано аривартот, а в графе сроки — ватвктквт.
© zakupki.gov.kg
Мамлекеттик сатып алуулар порталынын ишинде кемчиликтер болуп, Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтү 4,4 миллион сом "Апврпваолрва" сатып алат деген билдирүү чыгып кетти

Бул билдирүү Финансы министрлигине караган Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган. Лот катары "ПУКРЫР" сөзү көрсөтүлгөн. Бирок муну менен каталар бүтүп калбайт, дареги "АРИВАРТОТ", мөөнөтү "ВАТВКТКВТ" деп жазылган. Тендердин суммасы — 4,4 миллион сом.

Кулактандырууну андан ары карап отуруп гана кеп курулуш иштери тууралуу болуп жатканын түшүнүүгө болот.

"Ишемби, жекшемби күндөрү порталдын иши үзгүлтүккө учурап, ушундай ката кулактандыруу чыгып кетиптир. Биз мындай бирдирүү жарыялаган эмеспиз жана 4,4 миллиондук тендерибиз жок", — деди Алтыкеев.

Анын айтымында, бул катаны оңдоо өтүнүчү менен Финансы министрлигине кайрылуу жолдонду.

172
Белгилер:
Кыргызстан, Чүй облусу, портал, ката
Тема боюнча
Кыргызстан тууралуу сайт кайра редакцияланмай болду
Акча каражаттары. Архив

Жыл башынан бери импорттон алынган салыктын көлөмү 5,2 млрд. сомго көбөйдү

38
Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 миллиард 252,6 миллион сомго же 147,8 пайызга көп экени белгиленди.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 15-июлга чейин ЕАЭБдин алкагында бюджетке импорттун кыйыр салыгынан 16 миллиард 231,6 миллион сом түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Аталган сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 миллиард 252,6 миллион сомго же 147,8 пайызга көп экени белгиленди.

Ал эми ташып келинген жүктөргө товар коштоочу документтерди бербеген фактылар боюнча 1 021 материал мобилдүү топторго өткөрүлүп берилген. Мындай материалдардын саны былтыркыдан 567ге көбөйгөн.

38
Белгилер:
салык, импорт, товар, Мамлекеттик салык кызматы
Тема боюнча
Өлкөдө көмүскө экономиканын көлөмү кыскарды. Салык кызматы себебин айтты
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү, Ысык-Көл жана Ош облустарынын мурдагы жетекчиси Узарбек Жылкыбаев

Жылкыбаев: үч баскычтуу бюджетке өтүшүбүз керек

61
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү, Ысык-Көл жана Ош облустарынын мурдагы жетекчиси Узарбек Жылкыбаев өлкө эки баскычтуу бюджеттен үч баскычтуу бюджетке өтүү зарылдыгын айтты.

Эки баскычтуу бюджеттин автору - Акылбек Жапаров. Ал азыр мамлекетте маселе чечкен кызматта отурат, андыктан үч баскычтуу бюджетке өтүү оор го деп ойлойм. Бирок бул заман талабы болуп турат, облуска же районго бюджетти кайтарып берүү зарыл. Мындай пикирин Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жылкыбаев: үч баскычтуу бюджетке өтүшүбүз керек

Анын айтымында, айрым салыктардан түшкөн кирешенин жарымын жергиликтүү бюджетте калтыруу абзел. Бул өз кезегинде аймактардын өнүгүшүнө шарт түзүп, айыл өкмөт, акимдердин ишине дем-күч берет.

"Учурда өлкөдө эки баскычтуу бюджет, бирок муну үч баскычтууга өткөрүп, районго же облуска бюджет каралышы шарт. Ошондой эле жер-жерлерден чогулган салыктардын жарымы ошол аймакта калтырылышы керек. Азыр иш кандай жүрүүдө? Салык кызматы борбордо отуруп алып районго план коёт. Ал пландын аткарылышына аким жоопкер болот, бирок райондук салык кызматынын жетекчисин аталган кызмат өзү бекитет. Мына ушундай башаламандыктар көп кездешүүдө. Бир сөз менен айтканда, "оюндун" шарты баарына ачык, түшүнүктүү болушу зарыл. Мамлекеттик кызматкер дагы, ишкер дагы так, даана түшүнүп, аткара турган мыйзамдар жазылганда аймактар өнүгөт", — деди Жылкыбаев.

Ал бардыгын башынан баштап, 1991-жылдарга кайтпай эле, иштеп жаткан мыйзамдардын элге ыңгайлуу жактарын калтырып, андан ары өнүктүрүү менен мыйзам долбоорлору сунушталышы керектигин кошумчалады.

Эске сала кетсек, президент тарабынан "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоору сунушталып, ал 22-июлда эл өкүлдөрүнүн кескин сынына кабылып, кайрадан редакциялоого артка кайтарылган.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

61
Белгилер:
Узарбек Жылкыбаев, мыйзам, мамлекет, башкаруу
Тема боюнча
Карашев: өкмөт чечимди тезирээк кабыл алуусун мыйзамга киргизиш керек
Стаканга суу алып жаткан адам. Архив

Диетолог суу тууралуу мифтерди жокко чыгарды

0
Дарыгер суу тууралуу азыр айтылып жүргөн айрым нерселерди жокко чыгарып, анын себептерин түшүндүрдү.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Учурда суу жана анын адамдын организмине тийгизген таасири тууралуу айтылып жаткан нерселердин көпчүлүгү жөн гана миф. Бул тууралуу "Прайм" агенттигиндеги маегинде эндокринолог, диетолог Ульяна Румянцева айткан.

"Мисалы, бир күндө 2 литр суунун өзүн ичиш керек деп айтылып жүрөт. Бул туура эмес, ар кайсы организм уникалдуу, баарына 2 литр суу керек деген түшүнүк жок. Экинчиден, сөз болуп жаткан көлөм бир гана суудан турушу керектигин дагы эч ким далилдеген эмес. Ага чай, кофе, шире, шорпо кошула берет. Болгону алкоголь ичимдиги менен газдалган суусундуктарды эсептебеш керек", — деди дарыгер.

Адис логикалык жактан ойлонуп көргөндө деле элдин баарына 2 литрден суу ичүү системасы туура келбесин белгилейт. Таргыраак айтканда, эркектин организми аялдыкына караганда сууну көбүрөөк  талап кылат.

Ал эми толук адамдар учурдагы салмагына эмес, жашына жана боюна жараша идеалдуу деп эсептелген салмакка ченеп ичиши керек.

"Адам ооруп турган учурда, инфекция жуктуруп, дене табы көтөрүлгөндө болушунча көбүрөөк суу ичкени жакшы. Башка ооруларга чалдыккан учурларда ашыкча суу терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн", — деди диетолог.

Сөзүнүн аягында адис бардыгы индивидуалдуу экенин кошумчалады.

0
Белгилер:
суу, дарыгер, миф, ден соолук, адам, норма
Тема боюнча
Канадада жасалма уруктандыруу үчүн өз уругун пайдаланып жүргөн дарыгер кармалды