БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстан жыл башынан бери чет элдик донорлордон 343 миллион доллар каражат алды. Муну улуттук валютага которгондо 25 миллиард сомду түзөт. Бул туурасында парламентте 2020-жылдын бюджетин өзгөртүү маселеси каралып жаткан учурда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.
Каражат төмөнкүдөй бөлүнгөн:
Мындан улам депутат 2021-жылы мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлердин санын 50 пайызга чейин кыскартпаса, кырдаал мындан дагы жаман болорун айтты.
Ал эми Новиков учурда мамлекеттик структураларды оптималдаштыруу боюнча комиссия иштеп жатканын билдирди.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Былтыр Каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" ишканасы сандардын өзгөчө айкалышындагы аукциондук жана аукционсуз номерлерди сатуудан мамлекетке 70 миллион сом которгон. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 2019-жылга салыштырмалуу автоунаага карата даярдалган номер белгилеринин саны 99 миң пластинага төмөндөгөн. Көрсөтүлгөн мезгил ичинде 485 миң автоунаа номери даярдалган.
"Бардыгы болуп 2020-жылы автоунаага карата 360 миңден ашуун мамномер даярдалган, алардын ичинен 11 миң 879 аукционсуз жана аукциондук мамномерлер. 348 миң 201 номер өлкөнүн аймактарына андан ары тарткатуу үчүн "Унаа" ишканасына берилген", — деп жазылат маалыматта.
2016-жылдын 1-июнунан тартып " Инфоком" ишканасы унаалар үчүн мамлекеттик номерлерди даярдоого киришкен. Ага чейин бул иш менен жеке менчик компания алектенгендиктен кирешенин негизги бөлүгү алардын эсебине түшүп турганы айтылат.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Азыр мамлекеттик ипотека алуу үчүн документтерди тапшырууга болгону жарым сааттык убакыт талап кылынат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Элмира Абжапарова билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан брифингге катышууда.
Абжапарованын айтымында, былтыркы жылдан тарта арыздарды кабыл алуу үчүн электрондук портал ишке киргизилген.
"Мурда документтерди тапшырууга орто эсеп менен үч айдай убакыт кетчү. Кагаздарды чогултууга эле бир топ убакыт, каражат талап кылынчу. Азыр ар бир адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу жарым сааттын ичинде ишин бүтүрүп алат. Портал "Түндүк" системасына кошулган. Андыктан мурда жаран кезекте туруп, кагаз түрүндө алган документтерди азыр өзүбүз даярдап алабыз", — деди Абжапарова.
Ошондой эле ал учурда бул багыт бир топ өнүккөн Азербайжан менен тажрыйба алмашуу болуп жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова баштаган Кыргызстандын кыздар күрөшүнүн курама командасы Ысык-Көлдө окуу-машыгуудан өтүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Балбан кыздар жакынкы аралыкта Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык турнирлерге катышат.
"Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Ысык-Көлдө окуу-машыгуудан өтүп жатышат. Иш-чара Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылга карата кабыл алган календарлык планына ылайык өтүүдө. Спортчулар Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге даярданышат", — деп айтылат маалыматта.
18-январда старт алган иш-чара 7-февралга чейин уланат.
Окуу-машыгууга машыктыруучулар: Нурбек Изабеков, Байгазы Кенжебаев жана Розалия Тилегенова жетекчилик кылууда.Чакырылгандардын арасында Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы сыяктуу эмгек сиңирген спорт чеберлери, сегиз спорт чебери, жана спорт чеберине талапкер алты балбан кыз бар.
Окуу-машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды.