Жүн, тери иштетүүчү фабрика. Архив

Ат-Башыда жүн, тери иштеткен кыргыз-өзбек ишканасын куруу пландалууда

138
(жаңыланган 13:59 25.11.2020)
Өзбекстандын Фергана району менен Ат-Башы районунун жетекчилери импорт, экспорт боюнча иш алып баруу максатында достук келишимине кол коюшту.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы району Өзбекстандын Фергана району менен кызматташат. Бул тууралуу акимчиликтин маалымат кызматы Facebook баракчасына жазды.

Райондун башчысы Нурбек Сатаров жетектеген ишкерлер жана айыл өкмөттөрдүн катышуусундагы делегация Фергана облусуна барып, ишканалардын иши менен таанышкан. Алар ошондой эле Фергана району менен Ат-Башы району импорт, экспорт жаатында иш алып баруусу үчүн достук келишимине кол коюшту.

Ат-Башы районунан барган ишкерлер дагы өз тармактарында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эт, жүн, картошка экспорттоо жолун карашкан.

"Эки райондун жетекчилери Ферганага сырьё катары бергенге Ат-Башыда жүндөн жип чыгаруучу жана малдын терисин кайра иштетүүчү ишкана куруу боюнча сүйлөшүшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Ага чейин Өзбекстандан да делегаттар Нарынга келүүсү күтүлүүдө.

138
Белгилер:
Ат-Башы, Өзбекстан, Фергана өрөөнү, кызматташтык
Тема боюнча
Баткенде Өзбекстандын жардамы менен жугуштуу илдеттер ооруканасы курула баштады
Өзбекстан Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолун оңдоого катышууга кызыкдар болууда
Новиков кыргыз-өзбек чек арасына эркин экономикалык аймак курууну талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев

Калк үчүн өтө маанилүү дарылардын баасы арзандайт. Ташиев кеңешме өткөрдү

127
(жаңыланган 10:37 18.10.2021)
Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү катышкан.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев дары-дармек менен камсыздоо чөйрөсүндөгү абалды талкуулоо үчүн ведомстволор аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү катышкан.

"Ишкерлер менен конструктивдүү диалог жүрүп, дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаалдын актуалдуу маселелери талкууланды. Ташиев дары-дармектин баасына, фармацевтикалык бизнестин көйгөйлөрүнө, анын ичинде медикамент аткезчилигине, мамлекеттик жөнгө салуучу органдардын бюрократиялык тоскоолдуктарына тийиштүү маселелерге токтолду. Кеңешменин жыйынтыгында дары-дармектин рыноктук баасын түзүү ыкмаларын кайрадан карап чыгуу, эл үчүн өтө маанилүү дары-дармектин баасын төмөндөтүү чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле маанилүү дары-дармектин баасына карата чайкоочулукка жол бербөө максатында мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилгени кошумчаланды.

127
Белгилер:
УКМК, Камчыбек Ташиев, дары-дармек, баа, кеңешме
Тема боюнча
УКМК: дары-дармекти элге кымбат саткандар кармалды
Базар. Архив

Былтыр өлкөнүн кайсы аймагында чекене соода көп болгон. Тизме

352
(жаңыланган 10:39 17.10.2021)
2020-жылы пандемиядагы чектөөлөрдөн улам чекене сооданын көлөмү бардык аймактарда азайган. Анын ичинде көбүрөөк төмөндөө Ысык-Көл жана Жалал-Абадда катталды.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Улуттук статистика комитети былтыр өлкөнүн кайсы аймактарында чекене сооданын көлөмү кандай болгондугу тууралуу маалымат жарыялады.

Эскерте кетчү жагдай, бул статистикага тамактануу жайларынын соодасы кошулган жок.

Бишкек шаарын эске албаганда (жалпы чекене сооданын 36,2 пайызы), алдыңкы орунга Чүй (15,9 пайыз) жана Жалал-Абад (14,5 пайыз) облустары чыкты. Калган региондорго 10 пайыздан төмөн үлүш туура келди.

"Эске салсак, 2020-жылы пандемиядагы чектөөлөрдөн улам чекене сооданын көлөмү бардык аймактарда төмөндөгөн. Анын ичинде көбүрөөк төмөндөө Ысык-Көл (21,1 пайызга) жана Жалал-Абад (25,1 пайызга) облустарында болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми бул статистикага кошулбаган тамактануу жайларынын жүгүртүүсү боюнча айтсак, 2019-жылга салыштырмалуу былтыр соода 39 пайызга азайып, кафе-ресторандар 15 миллиардга жакын сомдон кол жууган.

352
Белгилер:
Кыргызстан, аймак, соода, экономика
Тема боюнча
Былтыр өлкөдөгү кафе-ресторандар 15 миллиард сомдон кол жууган
Кыргызстан Индия өкмөтүнөн 200 млн. доллар кредит алууну макулдашты
Аскерлер Улуу Ата Мекендик согуш учурунда. Архив

Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз кеткендерди издеген топтун ат көтөргүс иши

0
(жаңыланган 12:35 18.10.2021)
Жоокер Матяшовдун Бишкек шаарында жашаган небересине чоң атасы курман болгон деп болжолдуу аныкталган жердин топурагы жана сүрөттөрү тапшырылды.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Өткөн ишемби күнү Аламүдүн районуна караган Ленинское айылындагы Маданият үйүндө "Биздин Жеңиш – Наша Победа" деп аталган издөө тобу жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу өткөрдү.

Алардын жетекчиси Татьяна Владимирова Россиядагы дал ушундай топ менен өз ара кызматташып иш алып барышарын, достугун баяндаган. Калуга облусундагы Барятин районунда август айында өткөн издөө боюнча эл аралык экспедицияга катышкандыгы маанилүү иштердин бири болгондугун билдирди. Иш-чарага келгендерди издөө отрядынын командири Екатерина Дятлова тосуп алды.

Сахнанын алдында эң баалуу артефактылар — "Биздин Жеңиш – Наша Победа" тобу Россиядагы саздардан, токойлордон тапкан Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Кызыл Армиянын жоокерлеринин жеке буюмдары турду. Ал эми столдо дайынсыз кеткен жоокерлерди издеп табууда талбаган эмгек, көп мээнет жумшап иштеген издөөчүлөргө тапшырылган грамоталар, дипломдор тизилген.

Иш-чаранын башында Владимирова Эл аралык издөө экспедициясына катышкан учурларды баяндап берди. Анда соң кийинки муундарга "Биздин Жеңиш – Наша Победа" жасаган иштер, "Западный фронт. Варшавское шоссе. Нам доверена память..." ролиги да көрсөтүлдү.

Аталган топ согушта курман болгондордун элесин сактап калуу, мекендин эркиндиги үчүн баскынчылардын Ата Журтубузга ээлик кылуусунан коргоп, кан-жанын аябай салгылашкан аталар, апалар туурасында тарыхты аяр сактап, маанисин жоготпой кийинки муундарга жеткирүү жаатында ат көтөргүс иш жасап келет.

Иш-чарада "Зайцева Гора" даректүү фильминен үзүндү көрсөтүлдү. Анда 385-аткычтар дивизиясынын душман менен айыгыша кармашканы айтылган. Ошол жоокерлердин арасында кыргызстандык Дмитрий Матяшов да болгон. Маалыматтарга караганда, ал ошол кандуу кармашта курман болгон. Издөөчүлөр каарман жоокердин туугандарын таап, 1942-жылдын 19-январында кызы менен жубайына жазган акыркы катын беришти. Фильмден соң Матяшовдун Бишкекте жашаган небересине чоң атасы курман болгон деп болжолдуу аныкталган жердин топурагы жана сүрөттөрү тапшырылды. Залда отургандардын көз алдына кызыл армиячылар өмүрүн аябай, улам тиштенип, улам кайраттанып немецтик баскынчылар менен салгылашып жаткан ирмемдери, айтып бүткүс эрдиктери, жоокерлердин согуш соолуткан өмүрү, жакындарынын азаптуу кайгысы бир ирмемге тартылды.

Владимирова жоокер Дмитрий Матяштын атын түбөлүккө калтыруу үчүн Россиянын Коргоо министрлигинин борбордук архивиндеги докуметтерди изилдеп, карап чыгуу боюнча чоң иштер тургандыгын белгиледи.

Иш-чаранын соңунда издөө тобундагы активдүүлүгү менен айырмаланган Ленинское айылынын улан-кыздарына сертификаттар тапшырылды. Андан сырткары, өзгөчө сертификат дагы төрт катышуучуга ыйгарылган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Аламүдүн району, Улуу Ата Мекендик согуш, 'Биздин Жеңиш' издөө тобу
Тема боюнча
СССР менен Германиянын согуштагы ролу ар башка! Путин өзгөчө мыйзамга кол койду