БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 2021-жылга карата Республикалык бюджеттин долбоорун биринчи окууда жактырды.
Кийинки жылга карата бюджеттин долбоору менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тааныштырды. Эл өкүлдөрү сунуштарын берип, алымча-кошумчаларды эске алуу менен биринчи окуудан колдоп беришти.
Республикалык бюджеттин көлөмү чет өлкөдөн алына турган гранттарды кошуп эсептегенде 163 миллиард сом болору пландалууда. Бул 2020-жылдын биринчи кабыл алынган бюджетине салыштырмалуу 610 миллион сомго аз. Ал эми кайра өзгөртүлгөндөн кийинки бюджет боюнча 25,9 миллиард сомго көбөйөт.Чыгаша бөлүгүн 170,1 миллиард сом менен бекитүү сунушталууда. Муну менен бюджеттин тартыштыгы 7,1 миллиард сомду түзөт.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын бюджети алгачкы ирет кабыл алынганда кирешеси 163 миллиард 610 миллион сом, чыгашасы 171 миллиард 563 миллион сомду түзгөн. Дефицит 7 миллиард 953 миллион сом деп белгиленген. Бирок коронавирустун жана өлкөдөгү саясий башаламандыктын кесепетинен улам эки ирет өзгөртүлдү.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кийинки жуманын биринчи күнү, 25-январда, айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча жыйын өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Министр Тилек Токтогазиев тегерек столдун алкагында айыл чарбасын камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясын талкуулап, аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу керектигин айткан.
"Дүйнөдөгү айыл чарбанын динамикалуу өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттарды түзүп берүү керек", — деген Токтогазиев.
Министрлик бардык кызыкдар тараптарды айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулоого чакырды. Ал үчүн 0502 40 39 69 телефон номери же alchynbek.b@gmail.com электрондук дареги аркылуу байланышууга болот.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргыз-корей кызматташтыгынын алкагында айыл чарбасына кызыккандарга Бишкекте ботаникалык бакча ачылат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Аталган министрлик, Кыргыз улуттук университети жана Кореянын аймакты өнүктүрүү департаментинин айыл чарба илимдери жана технологиялары жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан.
Анын алкагында университеттин ботаникалык бакчасынын базасында демонстративдик талаа, же башкача айтканда, өзүнчө ботаникалык бакча ачуу каралган.
"Долбоордун негизги максаты айыл чарба адистерин, студенттерди, окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү, дыйкандарды, деги эле айыл чарбага кызыккандарды Кореянын акыркы агротехнологиялары менен тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле эки өлкөнүн алдыңкы илимпоздорун тартуу менен жергиликтүү калктын айыл чарба бизнесине болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
2021-жылы кызматташуунун алкагында төмөнкү долбоорлор пландалып жатканы айтылды:
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. АКШда коронавируска каршы эмделген киши бир нече саат өткөндөн кийин көз жумганын РИА Новости жазды.
Калифорниядагы Плейзер округунун шерифинин кеңсеси өзүнүн Facebook баракчасына каза болгон адам өткөн айда COVID-19 илдети менен ооругандыгын билдирген.
"Плейсер округунун Саламаттык сактоо кызматы жана шерифтин кеңсесинин коронавирус боюнча бөлүмү адам көз жумгандыгы жөнүндө маалымат алышты. Ал кишиге декабрь айынын аягында COVID илдети жуккандыгы аныкталган. 21-январда эмделип, бир канча саат өткөндөн кийин каза болгон", — деп айтылат билдүүдө.
Маркум округдун Саламаттык сактоо департаментинен башка жактан эмделгени айтылат. Буга карата жергиликтүү, штаттык жана федералдык деңгээлде иликтөө жүргүзүлүп жатат. Көз жумган киши Moderna же Pfizer вакцинасыбы, кайсынысы менен эмделгени азырынча белгисиз.