БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кийинки жылы Республикалык бюджетке салыктан 72,7 миллиард, бажыдан 52,3 миллиард сом жыйноо пландалууда. Бул тууралуу 2021-жылга карата бюджеттин долбоорунда жазылган.
Аны менен катар салыктык эмес кирешелерден 24,2 миллиард, трансферттерден 13,7 миллиард сом түшөрү белгиленген. Ал эми Республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 163 миллиард сомду түзүүдө.Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков фискалдаштыруунун экинчи этабында бюджетти толтуруу үчүн бир катар иштер жасаларын парламенттин жыйынында белгиледи.
"Салыктарды башкарууну жөнөкөйлөштүрүү, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында ар кыл автоматташтырылган аналитикалык тутумдарды киргизүү жана салык кызматынын жаңы маалыматтык тутумун түзүү пландаштырылууда. Салык кызматынын, Социалдык фонддун жана Улуттук статистикалык комитеттин отчётторун бириктирүү боюнча иштер жыйынтыкталат. Бирдиктүү электрондук отчёт системасы болот", — деди Новиков.
Андан соң импорт жана экспорттун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн алкагында товарларды электрондук түрдө декларациялоо каралып жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кийинки жуманын биринчи күнү, 25-январда, айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча жыйын өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Министр Тилек Токтогазиев тегерек столдун алкагында айыл чарбасын камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясын талкуулап, аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу керектигин айткан.
"Дүйнөдөгү айыл чарбанын динамикалуу өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттарды түзүп берүү керек", — деген Токтогазиев.
Министрлик бардык кызыкдар тараптарды айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулоого чакырды. Ал үчүн 0502 40 39 69 телефон номери же alchynbek.b@gmail.com электрондук дареги аркылуу байланышууга болот.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргыз-корей кызматташтыгынын алкагында айыл чарбасына кызыккандарга Бишкекте ботаникалык бакча ачылат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Аталган министрлик, Кыргыз улуттук университети жана Кореянын аймакты өнүктүрүү департаментинин айыл чарба илимдери жана технологиялары жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан.
Анын алкагында университеттин ботаникалык бакчасынын базасында демонстративдик талаа, же башкача айтканда, өзүнчө ботаникалык бакча ачуу каралган.
"Долбоордун негизги максаты айыл чарба адистерин, студенттерди, окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү, дыйкандарды, деги эле айыл чарбага кызыккандарды Кореянын акыркы агротехнологиялары менен тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле эки өлкөнүн алдыңкы илимпоздорун тартуу менен жергиликтүү калктын айыл чарба бизнесине болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
2021-жылы кызматташуунун алкагында төмөнкү долбоорлор пландалып жатканы айтылды:
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратовага Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда операция жасалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
“Бүгүн эртең менен академик Сабыр Жумабеков ырчыга шашылыш түрдө операция жасады. Анын жабыркаган омурткалары калыбына келтирилди. Азыр бейтаптын абалы туруктуу. Наркоздон акырындык менен ойгонуп, эсине келип жатат”, — дешти маалымат кызматтан.
Эске салсак, ырчы 23-январдын таңында кыздары менен чогуу келе жатып, Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Окуя болгон жерде анын 5 жаштагы кызы жабыркаганы айтылган.